Эрдоган: Түркия – бүтүндөй Ислам дүйнөсүн башкарууга кудуреттүү жападан-жалгыз мамлекет

274
0

Эрдоган: Түркия – бүтүндөй Ислам дүйнөсүн башкарууга кудуреттүү жападан-жалгыз мамлекет

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкарадагы президенттик сарайда аймактардын муфтийлери менен жолугушуу учурунда Түркия бүт мусулман дүйнөсүн башкара алуучу жападан-жалгыз мамлекет экендигин айтты.

Эрдоган: “Түркия өзүнүн тарыхый мурасы, географиялык жайгашуусу жана бир нече кылымдар бою түрдүү дин өкүлдөрүнүн тынчтыгына кепил болгон маданий байлыгы менен бүтүндөй Ислам дүйнөсүн башкарууга кудуреттүү жападан-жалгыз мамлекет”, – деди.

О.э. мамлекеттеги имамдарды террор коркунучуна каршы туруу үчүн сергек болууга жана бул жаатта мечиттерден пайдаланууга чакырып: “Биздин имамдар демилгени колго алышпаса, кең майдан Фето сыяктуу адаштыруучу кимселерге, телевизор аркылуу шерменде бийге түшүү программасын уюштуруп жаткан маскарапоздорго калат”, “Биз мечиттерибизди жалаң гана намаз окула турган, андан соң эшиктери кулптана турган жайга айландырбашыбыз керек. Бул Байтулланын филиалдары болуп эсептелген ыйык жайларга карата зулум жана акыйкатсыздык болот. Ошондуктан, мечиттерибиз ар дайым ачык болушу керек”, – деди.

Ал: “Бүгүн 95 жылдык тарыхы бар республикабызды жаңы башкарууга жандашуу менен кеңейтүүгө сөз беремин. Калк бизге берген бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, күчтүү мамлекет, күчтүү парламент жана күчтүү Түркия үчүн аракет кылып жатабыз. Калкыбыз 24-июнда (шайлоодо) дагы бир жолу өз милдетин аткарды. Цивилизациябызды тикелөө жана кайра куруу жаатындагы иштерибиз өтө көп. Бүгүн биз “Бисмиллах” деп таштаган кадамдан көздөлгөн максат 2023-жылга жетүү”, – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here