Афганистан маселеси боюнча “Москва форматындагы” жолугушууга тараптар макул болушту

325
0

Афганистан маселеси боюнча “Москва форматындагы” жолугушууга тараптар макул болушту

“Афганистан боюнча “Москва форматындагы” жолугушууга бардык тараптар катышат, алар ыраазылык билдиришти”, – деп кабарлады РИА “Новости”.

Бул тууралуу Россия президентинин Афганистан маселеси боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов билдирди.

 “Бардык тараптар катыша тургандыгын билдиришти. Жолугушуунун датасы ушул аптанын ичинде жарыя кылып калышыбыз мүмкүн. Талиптер менен афган өкмөтү “Москва форматындагы” алардан башка дагы 10 катышуучу боло турган жыйынга катышат”, – деген Кабулов.

 Белгилүү болгондой, Афганистандагы жаңжалды жөнгө салууга каратылган “Москва форматындагы” жолугушуу 4-сентябрда болуп өтүшү керек эле, а бирок, расмий Кабулдун өтүнүчү менен кийинкиге калтырылган.

Учурда Россия жана Афганистан тышкы иштер министрликтери жаңы датаны белгилөө боюнча о.э. жолугушуунун деталдары туурасында сүйлөшүп жатышат. Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя, Россия Москвада өткөрүлүүчү жолугушууга АКШ да кошулуусун күтүп жаткандыгын айтты. Кабулов РИА “Новости”ге берген интервьюсунда “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү, мурункудай эле, жолугушууга даяр экендигин билдирген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here