АКШнын атайын өкүлү “Талибан” менен Афганистандан аскерлерди чыгаруу маселесин талкуулады

255
0

АКШнын атайын өкүлү “Талибан” менен Афганистандан аскерлерди чыгаруу маселесин талкуулады

 АКШнын атайын өкүлү “Талибан” кыймылынын мүчөлөрү менен Катарда болуп өткөн жолугушуусунда Афганистандан чет элдик аскерий контингентти алып чыгып кетүү жана өлкөдө тынчтык орнотуу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу “Sputnik” кабарлады.

Буга чейин АКШнын Афганистанда улуттук жарашуу жараяны боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад  Дохада “Талибан” кыймылынын мүчөлөрү менен жолугушкандыгы кабарланган.

“Талибан”дын билдирүүсүндө “оккупация” аяктагандыгы жана Афганистанда тынчтык орнотуу маселелери талкууланганы айтылган.

Кабарда келишинче, тараптар жаңы жолугушууларды өткөрүүгө келишип алышкан.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен өлкөнүн 50%ын көзөмөлдөп турган “Талибан” кыймылы ортосунда согуш жүрүп жатат. Афганистан маселеси боюнча Москва форматындагы жолугушуу өткөрүү үчүн Россия аракетин улантууда. Чакыруулар 12 тарапка, анын ичинде, “Талибан”дын Дохадагы саясий кеңсесине да жөнөтүлгөн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here