Путин Москва менен Душанбе ортосундагы мамилени жогору баалады

283
0

Путин Москва менен Душанбе ортосундагы мамилени жогору баалады

Россия президенти Владимир Путин Россияда уюштурулган «Россия жана Тажикстан» аттуу тарыхый документалдуу көргөзмөнүн катышуучулары жана конокторун куттуктады. Бул тууралуу Кремль тарабынан берилген билдирүүдө кабарланды.

“Мамлекеттерибиз жана калктарыбыз ортосундагы алакалар тарыхына арналган ушул көргөзмөнүн ачылышы менен сиздерди куттуктаймын. Ушул иш-чара эки мамлекет ортосундагы достук жана кызматташтык келишиминин 25 жылдыгына карата өтүп жатат. Себеби, бул келишимге кол коюлушу Россия жана Тажикстан ортосундагы алаканы кеңейтүү үчүн зарыл болгон шарттарды түздү”, – деди Путин.

Президент Путин тараптар ортосундагы алака өткөн чейрек кылымда стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык деңгээлине көтөрүлгөндүгүн айтты. Анын айтымында, эки өлкө ортосунда эки тараптуу саясий диалог, ийгиликтүү соода-экономикалык, илимий-техникалык жана аскерий кызматташтык жолго коюлган.

О.э. президент Путин аймактык жана эл аралык маселелерде, КМШ, ШКУ, ЖККУ жана башка уюмдар алкагында өз ара аракеттерди координациялоо жаатында Москва менен Душанбе ортосундагы кызматташтыкты жогору баалады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here