Трамп: Эгерде мен сот жообуна тартылсам, Америка үчүнчү дүйнө мамлекетине айланат

273
0

   Трамп: Эгерде мен сот жообуна тартылсам, Америка үчүнчү дүйнө мамлекетине айланат

АКШнын президенти Дональд Трамп Монтана штатынын Биллингс шаарында өз тарапкерлери менен жолугушту. Трамп алдыдагы шайлоодо ага добуш бербей турган шайлоочуну айыптап, эгерде ал сенаттын алдында соттоло турган болсо, АКШ “үчүнчү дүйнө мамлекетине айланышы” мүмкүн экендигин белгиледи.

 Трамп: “Бул шайлоодо силер бир талапкерге добуш бербейсиңер. Силер кайсы партия Конгрессти башкарышына добуш бересиңер. Бул өтө маанилүү нерсе, өтө маанилүү”, -деди.

“Айтайын дегеним, чоң иштерди кылган адамды кантип соттойсуңар? Экономикабыз жакшы. Соттоого кантип батынасыңар? Бул Вашингтондогу тозоктун тереңи го”, – деди.

Айрым демократтар эгерде ноябрь айында өтүүчү шайлоолордо Конгрессте үстөмдүккө жетише турган болушса, Трампты тергөөгө чакыруу үчүн даярдык көрүшүүдө. Соттук жараянда Трамп чыккынчылык, паракордук, мыйзам бузуу же мыйзамдарга каршы чыгууда айыпталышы мүмкүн.

Эгерде Конгресс демократтардын колуна өтүп калса, сотко тартылышы ыктымалы экендигин билдирген Трамп, “үчүнчү дүйнө мамлекетине айланасыңар” деп эскертти.

Трамптын айтымында, демократтар президенттикке келген күндө, өздөрүнүн колунан иш келбесе да «биз аны сотко тартабыз» деп айтышат. Трамп бул абалды «күлкүлүү» деп сыпаттады.

Трамп өзүнүн соттук жараяны жөнүндөгү пикирлерин билдирип: “Биз мындан тынчсызданып жатабыз. Эгерде ушундай боло турган болсо, добуш бербегениңер үчүн силер айыптуу болосуңар”, – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here