АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода согушу жаңы баскычка чыкты

298
0
An American flag is flown next to the Chinese national emblem and flags during a welcome ceremony for visiting U.S. President Donald Trump outside the Great Hall of the People in Beijing, Thursday, Nov. 9, 2017. President Donald Trump sought to present a united front with Chinese President Xi Jinping following two days of meetings Thursday, despite lingering differences over trade and North Korea. (AP Photo/Andy Wong)

АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода согушу жаңы баскычка чыкты

Кытайдын соода министрлиги тарабынан берилген билдирүүдө келишинче, Кытай Вашингтондун үстүнөн Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) доо арыз менен кайрылды.

“Бул доо арыз АКШ тарабынан фотоэлементтер жана күн батареялары импортуна карата колдонулган 30 пайыздык бажы төлөмдөрүнө жооп болуп, алар Кытайдын мыйзамдуу укуктары жана кызыкчылыктарына зыян жеткиргенден тышкары, ДСУнун эрежелери жана принциптеринин ишенимдүүлүгүнө да таасирин тийгизди”, – деп айтылат билдирүүдө.

Министрликтин тыянагы боюнча, АКШ өкмөтү анык аракеттерди кылышы, ДСУнун эрежелерин урматтап, аларга моюн сунушу о.э. соода тармагын нормалдуу абалга келтирүү үчүн туура эмес аракеттерден тыйылышы керек.

АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода алакасы 2018-жылдан баштап курчуп кетти. Буга АКШ президенти Дональд Трамптын соода таңкыстыгы жогорку деңгээлде экендигине нааразы болуп, Кытай товарларына карата протекционисттик чараларды киргизүүнү жарыя кылгандыгы себеп болду. Аталган өлкөлөр бири-бирине каршы жалпы баасы 100 миллиард доллардан ашуун болгон импорттук чектөөлөрдү киргизди.

Туркистон: 

АКШнын Кытайга каршы саясий күрөшү дүйнөдө экономикалык туруксуздук келтирип чыгарышы күтүлүүдө.

АКШ Россияны кулатууну көздөгөн көп жылдык стратегиясы аркылуу, аны дүйнөлүк жетекчиликте атаандаш боло ала турган ордунан түшүрө алды. Муну ишке ашырууда АКШ өзү жетекчилик кылып келе жаткан дүйнөдөгү саясий жана экономикалык глобалдык башкаруу системасынан пайдаланууда. Мисалы, жакында эле Россиянын ондогон ири компанияларына санкция киргизген токтомун жарыя кылды.

Кытай менен АКШ ортосундагы экономикалык келишпестиктердин пайда болушу, АКШнын Россияны бөлүп жиберүү максатында жүргүзүп жаткан көп жылдык стратегиясына байланыштуу. Россия Кытайды жетекчи мамлекеттер катарында өзүнө жардамчы саясий кубат катары кармап келген. Эми болсо кырдаал тескерисинче боло баштады т.а. эми Кытай эл аралык саясатта Россияны өзү үчүн ыңгайлуу шерик катары кармап калышы мүмкүн. Акыркы жылдары Россия экономикалык кризис абалында жашап келүүдө. Ал запастык фондунан бюджетин жана жарандарын дотация кылып, элдин экономикалык абалын жана жашоо деңгээлин ушул күнгө чейин жасалма түрдө кармап келди. Россиянын запастык фонду дээрлик түгөндү. Эми ага каршы ар кандай экономикалык чара жана санкциялар өтө жаман таасирин тийгизет.

АКШны тынчсыздандырган нерсе, Россияны бул абалынан чыгарып жибериши мүмкүн болгон бирден-бир мамлекет – бул Кытай. Дүйнөдөгү табигый ресурстарга эң бай мамлекет Россия болсо, ресурстарды иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон эң бир ыңгайлуу мамлекеттердин бири Кытай болуп калды. Көңүл бура турган жери, Кытай сырьё таңкыстыгынан кыйналып жаткан болсо, Россия тескерисинче сырьёну иштетүүдө финансылык мүмкүнчүлүктөр таңкыстыгынан кыйналууда. Эгерде бул эки кубаттуу мамлекет биригип, мүмкүнчүлүктөрүнөн шериктик менен туура пайдаланып, Кытай аркылуу Индия базарларын ээлеп алышса, Батыштын дүйнөдөгү экономикалык жетекчилиги дээрлик жокко чыгышы мүмкүн.

Ушундан келип чыгып АКШ Кытайга басым өткөрө баштады. Аны өзү үчүн экономикалык атаандаш катары көрүп, Кытайдын Россия менен ар кандай мамилесин кудум өзүнүн ички ишине аралашкандай көрө баштады. АКШ эл аралык саясаттагы таасиринен пайдаланып, бардык саясий, аскерий жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү менен Кытай жана Россияга каршы чараларын колдонуп жатат. Натыйжада бул күрөштөн башка мамлекеттер да зыян тартып калышууда.

Материалдык кызыкчылыктан башка эч нерсени баалабай турган капиталисттик башкаруу системасында ар бир мамлекет өзүнүн гана материалдык кызыкчылыгын көздөп иш кылат. Материалдык кызыкчылыктар дүйнөлүк саясаттагы күч-кубатка байланыштуу болгондуктан, бул мамлекеттер ортосунда ар дайым саясий жана аскерий келишпестиктер болуп турат. Бири-бирине каршы күрөш, согуш, күчтүүлөр алсыздарды талап-тоноо, аларды жасалма жол менен алсыратуу сыяктуу жийиркеничтүү иш-аракеттер менен жашообузду ар дайым туруксуз абалда кармап турушат. Негизи жашоо алар бизге сызып берип жаткандай татаал эмес! Татаалдык алар тарабынан жасалма түрдө пайда кылынууда! Жыргалчылык аларды кулатуунун артында экендигин түшүнүп калбашыбыз үчүн ушундай кылышууда. Дүйнөнү – илахий башкаруу негизине курулган, ар бир адамды бирдей баалай ала турган башкаруу системасына кайтаруу керек. Бул система исламий Халифалык мамлекети аркылуу гана ишке ашат, инша Аллах!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here