Тажикстан менен Россиянын биргелешкен аскерий машыгуулары “террористтерди” жок кылуу  менен аяктады.

240
0

Тажикстан менен Россиянын биргелешкен аскерий машыгуулары “террористтерди” жок кылуу  менен аяктады.

 “Sputnik” сайтынын кабарына ылайык,  Тажикстандын  Чыгыш Памир тоолуу аймагында Россия менен  Тажикстандын куралдуу күчтөрү биргеликте бир апталык аскерий машыгуу өткөрүшкөн.

Кабарда келишинче,  Тажикстан  аймагына кирген шарттуу террористтик топторду жок кылуу операциясы ( Афганистан менен чектеш) Хорог гарнизонунун “Желонди” полигонунда эки өлкө аскерлеринин катышуусунда өткөрүлгөн.

Россиянын Тажикстандагы №201-аскерий базасы калктуу пункттарга жашырынып алган “террористтер”ге чабуул кылып, аларды кыска убакыттын ичинде жок кылышты.

Кабарда: “Машыгуунун жыйынтыктоочу бөлүгүндө Россия жана Тажикстан аскерлери тоолуу аймактарда террористтердин изине түшүп, Россия Су-25 аскерий учагы менен асмандан сокку беришинин натыйжасында шарттуу террористтерди б.а. “мыйзамсыз куралдуу топторду” жок кылуу операциясы ийгиликтүү аяктды”, – деп айтылат.

Аскерий машыгууга №201-аскерий базанын 400 кызматкери (80ден ашуун аскерий техника менен) жана Тажикстандан 700 аскер 40 даана аскерий техника менен  катышкан. Мындан тышкары, аскерий машыгуу жараянына тажик офицерлери жана запастагы аскерлер болуп, жалпысынан 10 миңдей адам катышкан.

Туркистон:

Тажик бийлиги Орто Азиядагы башка өлкө башчылар сыяктуу эле, Россиянын ишенимдүү кызматчысына айланып болгон. Ушундай болушу табигый эле, себеби Эмомали Рахмон чейрек кылымдан бери бийликке бекем орношуп алган. Анын үй-бүлөсүндөгүлөр да т.а. тунгуч кызы, күйөө баласы жана башка туугандары жогорку кызматтарды ээлеп алышкан. Эгерде бир нерсе болсо бардыгы кор болору анык. Ушул жагынан көңүл бура турган болсок, эгерде Эмомали Рахмон колонизатор мамлекеттердин иштерине ыраазы болбосо, сокку анын өзүнө эле эмес, бүтүндөй үй-бүлөсүнө тийиши мүмкүн.

Азырынча  Россиянын «Талибан» коркунучунан башка бирер жүйөөлүү шылтоосу жок.  Себеби, тажик бийлигинин тизгини бир эле анын колунда эмес. Тажикстандын азыркы абалын орус жазуучусу Крыловдун тамсилине салыштырууга болот. Бир тараптан Америка (Европа) бир багытка мажбурласа, экинчи тарап Кытай жана үчүнчүсү Россия болуп, тажик бийлиги ушул күчтөрдүн ортосунда калган . Ушул жагынан алганда, Россиянын Тажикстанда өз таасирин сактап калуу үчүн кылган иш-аракеттери күтүлгөндөй натыйжа бериши күмөн. Ошол себептен улам, Россия жасалма коркутуудан ары өтө албайт, анткени Тажикстандын интеллигенциясы, айрыкча журналисттер алда качан эле АКШнын таасири астында калган жана Россия тараптан козголушу күтүлүп жаткан «Талибан» жана “Ислам мамлекети” коркунучуна тажик маалымат каражаттары салым кошору күмөн. Мындан тышкары, мунун жалган экендигин “Азаттык” радиосу тез-тез кайталап келет. Мусулмандар арасында да жаңжал чыгара албайт, себеби оппозиция башчылары чет өлкөлөрдө туруп калкты нааразылык акцияларына чакырып жаткан болсо да, мамлекетте диктатордук режим үстөм болгону себептүү, бул чакырыктар натыйжа бербейт. Себеби, калк нааразылык акциясына чыгууга батына албайт. Калк социалдык тармак аркылуу нааразылык билдирүү менен чектелип жатат. Анткени, мамлекеттин ичкерисинде бийликке каршы чыккан адамдарга, ал тургай алардын жакындарына карата катуу зулум-жазалар колдонулат. Өзбекстан да андан калышпайт, себеби, президент алмашканы менен режим өзгөргөн жок.

Демек, Россия үчүн Орто Азия мамлекеттеринде аскерий базасын кеңейтүү үчүн эң бир ыңгайлуу аймак – бул Кыргызстан. Ушундан келип чыгып, эгерде Россия  мусулмандардын атынан теракт уюштурмакчы болсо, же мусулманлар  туйгусуна тийишип, жаңжал чыгармакчы болсо, учурда Россия  үчүн ыңгайлуу шарт Кыргызстанда, Аллах билүүчү!

Мунаввара.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here