Путин менен Трамп жолугуша турган жер жана убакыт анык болду

250
0

Путин менен Трамп жолугуша турган жер жана убакыт анык болду

Россия жана АКШнын президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамп Хельсинкиде 16-июлда саат 13:00дө президенттик сарайда жолугушат. Бул тууралуу Финляндия президентинин маалымат катчылыгы кабарлады.

Кабарда келишинче, 16-июль эртелеп  Финляндия президенти Саули Ниинистё жубайы менен АКШ президентиТрамп жана анын жубайын президенттик сарайда кабыл алат.

 Путин менен Трамптын ортосундагы сүйлөшүүлөр болсо президенттик сарайдын Готик залында болуп өтөт. Сүйлөшүүлөр түштөнүү убагында да улантылат. Мунун алдында аталган сарайда Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун жолугушуусу болуп өтөт.

 Трамп жана Путин жолугушуудан кийин өкмөттүк залда маалымат жыйынын өткөрүшөт.

Ошондон кийин Ниинистё Путин менен жолугушуу өткөрөт.

Хельсинкиге Трамп жана Путин жолугушуусун ачыктаганы 1,5 миңге жакын журналист барат.

Саммитти уюштуруучулардын кабарында: “61 мамлекеттен аккредитацияга арыздар келип түшкөн. Россиядан Хельсинкиге 200 дөн көбүрөөк журналист келет”, – деп айтылган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here