Помпео: АКШнын Афганистандан кошуундарын алып чыгуу ниети жок

270
0

Помпео: АКШнын Афганистандан кошуундарын алып чыгуу ниети жок

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Кабулда сүйлөгөн сөзүндө: “АКШнын Түштүк Азиядагы стратегиясы ийгиликтүү ишке ашууда жана Кошмо Штаттар Афганистандан кошуундарын алып чыгуу ниетинде эмес”, – деди.

Биздин стратегиябыз “Талибанга” анык ишара жөнөтүп болду, биздин чыгып кетишибизди күтүү жарабайт. Биз согуш майдандарында натыйжаларга жетишүүдөбүз жана ал жерде “Талибандын” аракеттери алсырап, тынчтык тарапка жүздөнүүдө”,- деди Помпео.

Афганистанда өкмөттүк кошуундар менен “Талибандын” ортосундагы кагышуулар уланып келет. Айта кетсек, “Талибан” мамлекеттеги айыл жерлеринин өтө чоң бөлүгүн ээлеп алган жана ири шаарларды көздөй аракеттенип жатат.

Туркистон:

АКШ Афганистанда ийгиликсиздикке дуушар болгондон кийин, Афганистан жарандарын бир нече бөлүктөргө бөлүп жиберди. Аларды “Талибан”, Достум, расмий өкмөт сыяктуу ар түрдүү жамааттардын башкаруусуна тапшырып койду. АКШ алардын ар бирин өз-өзүнчө жашыруун тармактар аркылуу курал-жарак менен колдоп келет. Эми аларды ушул абалда кармоодон негизги максаты эмне экендигин ачыктай баштады. Максаты, ар дайымкыдай эле мусулмандардын бирин экинчисине каршы коюп, региондо өзү үчүн пайдалуу болгон согуштарды чыгаруу.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here