Назарбаев өмүр бою Коопсуздук кеңешине жетекчилик кыла турган болду

270
0

Назарбаев өмүр бою Коопсуздук кеңешине жетекчилик кыла турган болду

Казакстандын жогорку палатасы – Сенат 31-майда президент Нурсултан Назарбаевге Коопсуздук кеңешин өмүр бою жетектөөгө укук берген мыйзам долбоорун кабыл алды. Мыйзам долбоору буга чейин Мажилисте да колдоо тапкан.

Февраль айында Казакстандын  юстиция министри Марат Бекетаев журналисттерге Казакстандын учурдагы президенти Назарбаевге өмүр бою коопсуздук кеңешин башкарууну ыйгаруу өлкөдөгү конституциялык реформадан улам пайда болгонун айткан. Анын айтымында, бул иш аткарылса өлкөдө стабилдүүлүк орнойт.

 “Кабыл алынды, Республиканын биринчи президенти – Елбасы анын тарыхый миссиясынын күчүндө коопсуз кеңешин төрагасы катары башкаруу укугун берүү”, – деп сенаттын комитетинин чечиминде жазылган

Аталган мыйзам долбоору кол коюу үчүн президентке жөнөтүлгөн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here