Томас Фридман: “Сириядагы кезектеги согуш Иран менен Израилдин ортосунда болот”

278
0

Томас Фридман: “Сириядагы кезектеги согуш Иран менен Израилдин ортосунда болот

Америкалык саясий серепчи Томас Фридмандын пикиринче, Иран менен Израиль көптөгөн жылдардан бери бири-бирин оозеки коркутуп келген эле, эми бул баскыч күтүлгөн натыйжаны бербей жатат. Ошол себептен, Иран менен Израиль жакынкы келечекте чыныгы согуштук абалда кагышат.

 Фридман New York Times,  басылмасындагы макаласында: “Бул нерсени буга чейин уккан болсоңор да, дагы бир жолу кайталайм. Сирия биротоло жер менен жексен болот.  Америка,Франция жана Британиянын Сириядагы чабуулдары уланат. Аныгыраагы, бул эстафетаны  Иран менен Израиль колго алат”, – деген.

Фридмандын билдиришинче, Иран менен Израиль ушул кезге чейин сөз оюнун ишке салып, бири-бирин оозеки коркутуп келген эле. Эми бул баскыч эскирип, күтүлгөндөй натыйжа бербей калды. Ошол себептен, бул эки мамлекет ортосундагы душмандык согуштук абалга өтүшү анык.

Фридмандын айтымында, Иран менен Израилдин ортосундагы учкун алда качан эле пайда болгон. Аныгыраак айтканда, 10-февралда Ирандын бир учкучсуз самолёту Израилдин аймагына кирип барган учурда дароо жок кылынган. Ошол кезден бери израилдиктер ошол самолёт Ирандыкы болгондугун айтып келишет. Кийинчерээк, “атып түшүрүлгөн самолётто курал-жарак болгон” деген билдирүү берилген.  Бул тууралуу Израил армиясынын маалымат катчысы генерал Ронен Монелис (Ronen Manelis), билдирүү берип, “самолётто жардыргыч заттар болгон” деди.

Мындай абал буга чейин күзөтүлбөгөн эле, бул нерсе алгачкы жолу жүз берди. Иран  Израилге түздөн-түз чабуул кылууга батынды!”.

Буга ачууланган Израиль кыска убакытта Ирандын  Сириядагы Т-4 базасына сокку берип, 7 ирандыкты өлтүрдү. Фридмандын айтымында, аталган окуя кылмыш катары бааланып, өтө чоң ызы-чууга себеп болору анык эле. Бирок, Трамптын твиттердеги Башар Асадга каратылган билдирүүлөрү арасында жок болуп кетти.

Израилге таандык булактын билдиришинче, Т-4  базасына болгон чабуул – бул “Иранга каршы биринчи эскертүүчү аракет “.

 Фридмандын пикиринде, Иран бул чабуул үчүн өч алды.

Ирандын башчысынын кеңешчиси Али Акбар Вилаяти  “ бул кылмыш жоопсуз калбайт” деди.

Израиль тарап да өз кезегинде: “Израиль Ливияда кетирген катаны эми Сирияда кайталабайт. Ошол кезде Иран Хизбулласы менен Ливияда атышууларды ишке ашырган эле, биз сүкүт сактадык. Эми мындан кийин Ирандын өзүм билемдик аракетине жол бербейбиз. Эгерде зарыл болсо,  ага каршы катуу соккуларды беришибиз анык”, – деген билдирүү берди.

Фридмандын айтымында, эгерде Ирандын күчтөрү Сириядан чегинбесе, Израиль менен Ирандын ортосунда согуш башаталат жана Сирия алардын согуш майданына айланат.

Фридман сөзүн: “Белди бекем бууп, даяр тургула!”- деп аяктаган.

Туркистон:

Илгери эки империя бири-бири менен согушса, элчилерин жөнөтүп, бир майданды жана согуштун убактысын белгилеп алышар эле. Ошентип, эки кошуна кеңири майданда согушат эле. Андан соң өлгөндөр майданда калып, бири жеңген, бири жеңилген абалда мекенине кайтып кетишер эле.  Ошентип кызыкчылык талашкан өкүмдарлар душмандык отун муундан-муунга калтырып кетишкен.

100 жылдан бери, алгач кандуу согуш  андан соң суук согуш менен убара болгон Америка жана Россия өз кызыкчылыктары жолунда эч нерседен кайра тартпады.

АКШ дүйнө жетекчилигин көздөп, Россияны бүтүндөй алсыратуу максатында Россия менен ага караштуу мамлекеттердин ортосуна жарака салды. Бир тараптан Кытайдан, башка жактан АКШ дан кооптогон Путин  режими АКШнын ишенимдүү кызматчысына айланды.

Россия АКШнын айла-амалы себептүү  Сирия согушунда материалдык жана финансылык чыгымга учурады.

АКШ эми Иран менен Израилди Сирияда согуштурмакчы болууда.

Демек, АКШ Сирияны (Жакынкы Чыгышты) өзүнүн стратегиялык чекитине айландырууга жетишти. Албетте бул жолдо араб мамлекеттери, Түркия жана Ирандын салымы чоң.

Өкүнүчтүүсү, адам көрүнүшүдөгү жыртыкчтар өз кызыкчылыгы үчүн согушта Исламий өлкөлөрдү согуш майданы кылып тандашты. Кара мүртөз күчтөрдүн кызыкчылык талашуусу себептүү Сириядагы, Афганистан жана Аракандагы боордошторубуздун  башына балээлер жаап жатат.

Кечээ күнү Кабулда жүз берген кандуу окуяны буга мисал келтирсек болот. Бул окуя тууралуу расмий Кабул да, укук коргоочу уюмдар да үн чыгарып коюшпады.  Эгерде ушундай окуя Европа өлкөлөрүнүн биринде жүз бергенде исламий өлкөлөрдүн башчылары биринчилерден болуп аракетке келишмек.

Мунаввара

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here