Хизб-ут-Тахрир жана Куддус эли ал-Акса мечитинде чогулушту: Халифалык Умматтын улуулугун жана Куддусту кайтарат

503
0

Хизб-ут-Тахрир жана Куддус эли ал-Акса мечитинде чогулушту: Халифалык Умматтын улуулугун жана Куддусту кайтарат

Халифалыктын кулатылганынын 97 жылдыгында Хизб-ут-Тахрирдин миңдеген тарапкерлери жана Куддус эли жума күнү (13.04.2018) ал-Акса мечити алдында чогулуп: «Халифалык Умматтын улуулугун жана Куддусту кайтарат» деп жарыялашты.

Пайгамбар Aдын байрактарын көтөргөн эл арасында шейх Исам Умайр Хизб сөзүн жарыялап, Халифалыктын кулатылышы Уммат өз улуулугун жоготушуна жана кырсыктарга кабылышына, Палестинанын басып алынышына, Куддустун колдон чыгышына, баскынчыларга көз каранды болууга алып келгенин баса белгиледи.

Хизб өз сөзүндө Халифалыктын тикелениши Умматтын башка калктар арасындагы улуугун камсыздашын, Куддусту кайтарылышына, дүйнө адилеттик жана камкордук менен башкарылышына алып келерин айтты.

Хизб күч-кубат ээлерине, аскерий офицерлерге кайрылып, Исламга жана мусулмандарга жардам берүүгө, ал-Аксаны азат кылууга, мусулмандарды бириктирип, Шам, Палетина, Яман, Бирма жана башка мусулман өлкөлөрүндөгү кордолгон мусулмандарга колдоо көрсөтүүгө чакырды.

Хизб-ут-Тахрир–Британия Түркия колонизаторлордун пландарына моюн сунуп жатканына каршы чыгууда

Ишемби күнү (14.04.18) Халифалык кулатылганынын 97 жылдыгына байланыштуу Хизб-ут-Тахрир Түркия колонизаторлордун пландарына моюн сунуп жатканына каршы чыгып, светтик түрк режиминин кыянатын жана анын Ислам Умматына каршы тил бириктирүүлөрүн ачыкка чыгаруу үчүн Лондондогу Түркия элчилиги алдында демонстрация уюштурду.

Хизб-ут-Тахрир–Тунис Халифалыктын кулатылганынын 97 жылдыгына карата митингдерди өткөрдү

Хизб-ут-Тахрир–Тунис Халифалыктын кулатылганынын 97 жылдыгына карата 13-апрелде жума намазынан кийин Тунис шаарларында мечиттердин алдында митингдерди өткөрдү.

Митингдерде Халифалыктын кулатылганы эскерилип, Халифалыкты тикелөөгө чакырган баяндар айтылып, баракчалар таратылды. Халифалыкты тикелөө долбоору Хизб-ут-Тахрирге гана таандык эмес, ал бүткүл мусулмандарга жолдогон Аллахтын буйругу, ал аркылуу гана мусулмандардын жашоосу оңолот.

Хизб-ут-Тахрир–Пакистан: Халифалыктын кулатылганынын 97 жылдыгына карата иш-чаралар

Хизб-ут-Тахрир Ислам Умматын пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөөгө үндөө максатында Халифалыктын кулатылганынын 97 жылдыгына карата дүйнө жүзү боюнча уюштурган иш-чараларынын алкагында Хизб-ут-Тахрир–Пакистан жума күнү (13.04.18) Пешавар жана Карачи калкына Хизбдин баянатын уктурду.

Хизб-ут-Тахрирдин Халилдеги жүрүшү

Ишемби күнү (14.04.18) Хизб-ут-Тахрир Халифалыктын кулатылганынын 97 жылдыгына карата Халил шаарында (Палестина) жүрүш уюштурду. Жүрүшкө Халилдин аксакалдары жана калкы, Хизб-ут-Тахрир тарапкерлери катышты.

Адамдар Халифалыкты тикелөөгө жана күч-кубат ээлерин Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылууга, армияларды ыйык жерди жана Пайгамбарыбыз Aдын мираж жайын азат кылууга чакырган плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Жүрүштүн аягында доктор Мусаб Абу Аркуб сөз сүйлөп, Куддус мусулмандардын жүрөгүнөн жай алганын, ал Ислам диярынын борбору болорун жана Халифалык аркылуу гана кайтарыларын ачыктады. О.э. Мусаб Абу Аркуб баса белгилешинче, жүрүшкө катышкан адамдардын саны – палестиналыктар жана башка мусулмандар Аллахтын Китеби жана Пайгамбарыбыздын Суннаты негизинде башкарууга умтулуп, Уммат биримдигин көксөп жатканын, Куддусту жана анын калкын азат кылууга ынтызар экенин ырастап турат.

Чогулгандар Ислам Умматына Халифалык Умматтын улуулугун жана Куддусту кайтарышын, Палестина эли Палестинага жана ал-Аксага жардам бере турган мусулман армияларын күтүп жатышканын ачыктаган кайрылууну жолдошту.

Абу Аркуб коопсуздук кызматы жүрүштү токтотууга умтулуп адамдарга көздөн жаш агызуучу гранаталарды колдонгонун айтты. Акыбетте, Халил шаарынын айрым аксакалдары жабыркап, кээ бирлери эсинен танды.

Доктор Мусаб Абу Аркуб адамдарга кол салууну каралды, ошол эле учурда, полиция жана шаардын губернатору жүрүшкө тоскоолдук кылышпаганын, тескерисинче көчөлөрдөгү кыймылды тартипке салышканын айтышты. Абу Аркуб баса белгилешинче, бийликтин аракети душмандык болуп эсептелет, алар бийликтин коркутуу жана эскертүүлөрүнө карабастан Исламий Халифалыкты талап кылып чыккан элди көрүшкөндө жүрөктөрү заарга толот.

Жанин шаарынын губернатору Ибрахим Рамазан жана коопсуздук кызматынын жетекчилери Исламга жана палестиналыктарга каршы кылмыш жасашууда

Хизб-ут-Тахрир–Палестина кеңсесиндеги булактын айтымында, ишемби күнү (14.04.18) Жанинде Палестина улуттук администрациясы (ПУА) Хизбдин жүрүшү башталарда шаардын кире беришине тосмолорду орнотууга жана жүрүшкө катышууга шектелгендерди камакка алууга киришти.

Жанин шаарында Чоң мечиттин алдында жана айланасында жүрүшкө катышууга шектелгендерин баары камакка алынды. Бул кабар жазылып жаткан учурда кармалгандардын саны жүзгө жетти.

Доктор Бахир Салих Жаниндеги бийликтин бул кылмышы Хизбди өзүнүн шаръий жана саясий укугун жүзөгө чыгаруудан кайтара албашын, бийлик Халифалык долбооруна каршы күрөшүү жана Ислам душмандарынын тайпасына өтүү менен уттурарын айтты.

Бүгүн Жанинде болуп өткөн коопсуздук кызматынын кылмышы адамдардын бийликке карата жек көрүүсүн күчөтүп, ушул кылмышкерлерге наалат айтууга алып келди.

Салих мындай суроо салат: Палестина эли Ислам Умматына жана армияларына жардам сурап кайрылуусуна тоскоолдук кылууга ким кызыкдар?! Жанинде жүздөгөн Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү жана тарапкерлери кайсы кылмыш үчүн камалышты?! Эмне үчүн коопсуздук кызматы көчөлөрдө жана мечит алдында жаш балдарды камакка алып, адамдарды сабалашты?!

Бахир Салих жүрүш мыйзамдуу болгонун жана бардык эрежелерге ылайык келгенин баса белгиледи, эгер бийликте чынчылдык болгондо кылмыш жасагандар сот алдында жооп беришмек деди.

Халифалыктын кулатылганынын жылдыгында биз ал жөнүндө ыйлоо үчүн эмес, аны кайтаруу үчүн Халифалыкты эске салабыз

Жыл сайын 28-ражабда мусулмандар кырсыктуу окуяны – Куран мамлекети, сайидибиз Мухаммад Aдын мамлекети кулатылганын эскеришет. Бул мамлекет 14 кылым бою мусулмандардын канын, намысын, малын жана динин коргоп келген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here