Палестинада курч кырдаал күчөп жатат

300
0

Палестинада курч кырдаал күчөп жатат

“Израилдин” курчоосунда калган Газада өтүп жаткан нааразылык жүрүшүндө мусулмандар менен яхудий аскерлеринин ортосунда жүзөгө чыккан кескиндик күчөп барууда. Яхудий аскерлери адаттагыдай куралсыз көтөрүлүшчүлөргө карата ок атуунун натыйжасында ондогон мусулман курман болду.

Палестина саламаттыкты сактоо министрлиги 16 палестиналык курман болгонун жана жаракат алгандар миңден ашканын маалымдады. Палестина Кызыл жарым ай тарабынан айтылган маалыматта, кеминде 200 киши яхудий аскерлеринен ок жеген.

“Израил” Коргоо министри Авигдор Лиеберман яхудий аскерлеринин жырткычтыгын мактоо менен тилге алды. Анын айтымында, куралсыз калкка ок аткан аскерлерге медаль тагуу керек экен.

 “Аскерлерибиз туура иш кылышты. Менимче бардык аскерлерибиз медалга ылайыктуу”,- деди Либерман армия радиосу аркылуу берген билдирүүсүндө.

Түркия президенти Режеп Таййиб Эрдоган болсо яхудий вужудунун өкмөт башчысы Бинямин Нетаняхуга ачык кайрылуу жасап, аларды террорчулукта айыптады.

“Эй Нетаняху силер террордук мамлекетсиңер. Мазлум палестиналыктарга кылган зулумдугуңар тарыхтын бир бөлүгү болуп калат. Биз эч качан муну унутпайбыз. “Израил” калкы силердин кылган ишиңерден нааразы”,- деди Эрдоган.

Эки күн мурун Истанбулдун Умрания аймагында сөз сүйлөгөн Эрдоган Палестинадагы зулумдуктарга токтолуп, “Палестиналык бир туугандарыбыздын укуктарын акырына чейин коргойбуз жана “Израил” террорун ар дайым ар бир жерде ачып таштоону улантабыз” деген.

Түркистон:

Береке тапкыр Эрдоған ар дайымкыдай кыйкырып-бакырып яхудий вужудун айыптады. Бирок бул айыптоолордун натыйжасы качан ишке ашат, бул жагы белгисиз. Маселен, Эрдоган “террорчу мамлекет” деп жар салып жаткан яхудий вужудунун элчиканасы Анкарада ачык түрдө иш алып барууда. Террорго каршы согуш жарыялаган Түркиянын так борборунда террорчу мамлекеттин элчилиги беймарал иш алып баруусун кандай түшүнүү мүмкүн?!Бул террордук мамлекет менен алака качан үзүлөт?

Эл аралык алакалар жана Жакынкы Чыгыш боюнча түркиялык эксперт Седат Лачинэрдин ырасташынча, Эрдоган жетекчилигиндеги “Адилет жана өнүгүү” партиясы бийликке келгенден бери Түркия менен яхудий вужуду ортосундагы аскерий жана экономикалык алакалардын көлөмү бир нече эсе өскөн. Анын айтымында 2002-жылы, тагыраагы, Эрдоган бийликке келген жылы “Израил”-Түркия ортосундагы соода алакаларынын көлөмү 1,2 миллиард долларды түзгө. Бул көрсөткүч 2013-жылы 5 миллиард долларга жеткен. Азыр да Түркия менен яхудий вужудунун ортосундагы аскерий жана экономикалык алакалар динамикалуу өсүп жатат.

Учурда Түркия менен яхудий вужудунун ортосунда болуп өткөн жашыруун жолугушуулар маалымат каражаттарына чыга баштады. Ушундай жолугушуулардын бирин фотожурналисттерге тастыктоого мажбур болгон Түркия тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу “Эч жолукпай туруп кантип алакаларды улантуу мүмкүн?”,- деп билдирди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here