Кытай өкмөтү Сирия согушуна активдүү катыша турганын жарыялады

299
0

Кытай өкмөтү Сирия согушуна активдүү катыша турганын жарыялады

Дээрлик сегиз жылдан бери АКШ, Орусия, Иран жана Асад режиминин тынымсыз кол салууларынан талкаланып жаткан Сирияда мындан ары Кытай өкмөтү да активдүү рол ойноого чечим чыгарды. Пекиндин Дамасктагы элчиси Ши Тсанзиндин маалымдашынча, 2011-жылдан бери Сирияда уланып жаткан согушка узактан карап турууну абзел көргөн Кытай, мындан ары согушка активдүү катышат.

Элчи Кытайдын Сирия жараянына активдүү катышуусуна убакыт келгенин билдирип,  Пекиндин бул аракети Сирия өкмөтү жана калкы үчүн пайдалуу болушун айтып өттү.

Кытайдын Сириядагы элчиси Синьхуа маалымат агенттигине берген интервьюсунда, “Сирияда кандуу кагылышуулар артынан Кытай бул мамлекеттин келечеги үчүн дагы да активдүү рол ойноого убакыт келди. Менимче, Кытай мындай учурда Сирия өкмөтү жана калкына көбүрөөк жардам көрсөтөт жана буга чейинкиден активдүү иш алып барат”,- деп билдирди.

 “Мен ойлойм, биз Сирияны кайра курууда бул мамлекеттин мыйзамдуу бийлиги (Асад режими) менен кызматташуу аркылуу өз салымыбызды дагы да олуттуу кошо алабыз”,- деп кошумча кылды элчи.

Адистердин пикиринде, Сирия коогалаңында эл аралык сахнада Орусия менен бирге иш алып барып келген Кытай өкмөтү, башка бир тараптан АКШнын этибарын өзүнө тартууга урунууда. Кытай ушул убакка чейин үч кудуреттүү мамлекет арасында Сирияга ачык түрдө эч кандай кошуун жөнөтпөгөн мамлекет катары каралып келген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here