Кытайда жүз миңден ашык мусулман саясий лагерлерге жөнөтүлдү

351
0

Кытайда жүз миңден ашык мусулман саясий лагерлерге жөнөтүлдү

Кытайда 120 миңге жакын уйгур мусулман Синьцзян-Уйгур автономдуу аймагындагы Кашкар шаарында жайгашкан саясий лагерлерге жөнөтүлдү. Бул тууралуу “Radio Free Asia”га таянып, “Cи-Эн-Эн” кабар таркатты.

 Кытай өкмөтү мамлекеттеги эң чоң облустардын бири болгон, негизги дини Ислам эсептелген Синьцзян-Уйгур автономдуу аймагында он миңдеген уйгурлар тарбиялана турган саясий лагерлерди түздү. Ал жерде уйгурлар революциялык маанайдагы ырларды ырдашып, Кытайдын президенти Си Цзиньпиндин идеяларын үйрөнүшөт жана кытай тилинде сүйлөшүүгө мажбур кылынышат.

 Борбордук өкмөттүн мындай катуу кысымдары адам укуктары үчүн күрөшкөн уюмдар менен жергиликтүү калктын кескин каршылыгына учурады.

“Ар бир үй-бүлөдөн 3-4 кишини алып кетишүүдө. Айрым айылдарда аялдар менен жаш балдар гана калды. Бардык эркектер лагерлерге жөнөтүлдү”,- деди Бүткүл дүйнөлүк уйгур конгрессинин жетекчиси Умар Канат.

 Активисттердин айтымында, Си Цзиньпинди колдоп-кубаттаган жергиликтүү бийликтин бул иши мыйзамга каршы келет. Өкмөт кооптуу деп саналган уйгурларды кармап, абактарга жөнөтүп эле калбай, бардык жерде күзөтүүчү камераларды орнотушкан. Мажбурдуу түрдө транспорт каражаттарына GPS-датчиктер орнотулуп, 16дан 65 жашка чейинки адамдардын ДНК-үлгүлөрүн жыйнашууда.

 Расмий өкмөттүн белгилешинче, Кытайга Синьцзян-Уйгур автономдуу аймагы аркылуу Афганистан жана Пакистандан радикалдык маанайдагы мусулмандар өтүп келет. Кытай өкмөтүнүн бул аракеттери террорго каршы күрөш жана аймактын калкын көзөмөлдөөгө каратылганы айтылат кабарда.

Түркистон: 

Куфр менен кызматташууга чакырып жаткан “мээлүүн исламды” жактаган жамаат жана шахстар кайда калды?! Эмнеге алар куфр башкаруусундагы системалар менен кызматташууга чакыруу менен аларга ачык жардам берип, мусулмандарды кол-буттарын байлап тапшырып беришет?! Эмнеге алар үммөт алдында, куфрга мусулмандарды жабыштырып, мусулмандарды бир нече (террорист, экстремист) тайпаларга бөлүп, бирин экинчисине каршы коюу менен алсыратып жатканына жооп беришпейт?! Эмнеге жогорудагы уйгур бурадарларыбыздын абалын көрүп туруп, ушул “мээлүүн исламга” ээрчишет?! Эгер мээлүүнчүлөрдөн 120 миң мусулман намаз окуганы же орозо тутканы үчүн  эч кандай тергөөсүз абак лагерлеринде эмне үчүн отурганын сурасаңыз, алар “экстремисттер” болчу деп жооп беришет! Анткени“экстремизм жана терроризм” терминдери, атайын “мээлүн исламчылар” үчүн Кытай сыяктуу ыплас куфр саясатын актоо максатында ойлоп табылган куфр атамасы!

Ушул күндөрдө Кыргызстанда да Кытайда куфр кызыкчылыгы  үчүн натыйжа берген услубдун пайдубалы курулууда. Орган кызматкерлери телефондорду эч кандай атайын уруксат кагаз албай туруп текшерип, анын ичинен бирер исламий маалыматтарды тапканын шылтоо кылып, мусулмандарды соттоп жиберүүдө! Өкмөттүн башчылыгында күч органдары, коопсуздук кызматы, муфтият жана бир катар имам жана диний уламалар биргеликте “мээлүүн ислам” долбоорун алга сүрүүдө. Алардын бул максаттагы иштери, кудум Кытайда бир нече он жыл мурун башталып, ушул күндөрдө мөмөсүн бере баштаган куфр зулумдугу үчүн толук шарттарды түзүп берүү негизинде баратат. Алардын өтө көпчүлүгү учурда өздөрү кошулуп алып барып жаткан ишти аңдап жеткен жок. Бирок, алар “динди турмуштан ажыратуу” акыйдасы негизинде иш алып барып жатканын билишет. Бул болсо куфр акыйдасын кабыл алуу болуп, дин жашообузду башкаруу үчүн келген түзүм экенин четке кагууну түшүндүрөт. Аллах сактасын боордоштор! Өзүбүздүн бутубузду өзүбүз балта менен чаап албайлы! Кытайда “мээлүүн исламды” көтөрүп чыгып куфрга иттей кызмат кылган имамдар сыяктуу, өзүбүз да намаз окуудан коркуп кала турган, куфрду тандоо менен гана жан сактоо мүмкүн болгон абалга кириптер болуп калбайлы! Бузук чөйрөнү коомубузга алып келе турган куфр менен кызматташуудан сак бололу!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here