Путин КМШ өлкөлөрүн терроризмге (Исламга) каршы кызматташууга чакырды

301
0

Путин КМШ өлкөлөрүн терроризмге (Исламга) каршы кызматташууга чакырды

Россия Президенти Владимир Путин 19-декабрь күнү КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук кызматтарынын башчылары менен жолугушуп, аларды радикализм жана терроризмге (Исламга) каршы күрөштө дагы да жакыныраак кызматташууга чакырды. Россия президентинин айтымында, Сирия жана Иракта террористтик топтордун катарында жүргөн согушкерлер (мужахиддер) мурдагы СССРдин курамында болгон  мамлекеттерге кайтып келүүдө. Ошол себептен улам, Ирак жана Сириядан кайтып келген согушкерлерге каршы күрөштө ийгиликке жетишүү үчүн КМШ мамлекеттеринин коопсуздук кызматтары кызматташтыкта иштөөсү өтө маанилүү.

“Известия” гезити тараткан кабарда келишинче, аталган жолугушууга Россия, Казакстан, Армения, Белорусия, Тажикстан, Азербайжан, Кыргызстан жана Өзбекстандын коопсуздук кызматтарынын жетекчилери катышкан.

Советтер Союзу тарап кеткенден бери 26 жыл өткөн болсо да, мурдагы СССРдин курамындагы мамлекеттердин коопсуздук кызматтарынын башчылары дагы деле кызматташып жаткандыгы көңүл бурууга арзыйт.

Жыл жыйынтыгы боюнча өткөргөн маалымат жыйынында да Владимир Путин Советтер Союзунан бөлүнүп чыккан өлкөлөр, айрыкча Борбор Азия мамлекеттери жихадчылар коркунучу астында калгандыгы тууралуу сөз кылган.

Туркистон: 

2018-жылдын март айында Россияда кезектеги президенттик шайлоо болуп өтөт. Путин шайлоонун алдында  Россияны бүгүнкү абалга түшүрүп коюшунун себептерин түшүндүрүп бериши керек болот. Ал Сирияга аскерий баскынчылык аракеттериндеги чыгымдарынын максат жана себептери жөнүндө бир нерсе ойлоп табышы керек! Т.а. Путин өзүн жана учурдагы режим өкүлдөрүн бийликте сактап калуу үчүн гана аралашып калган бул согуш тууралуу “ бул согушта Россия үчүн кандайдыр максат жана кызыкчылыктар бар эле, мен ошол кызыкчылыктарды жүзөгө чыгардым” демекчи болууда.

Негизи, Путин Россиянын кызыкчылыгына өтө чоң зыян жеткирди. Мамлекеттин экономикасын изден чыгарып, менчиктештирүү саясатын жүргүзүү менен  мамлекеттик кирешени бир ууч олигархтардын колуна салып берди. Натыйжада, Россиянын оор жана жеңил өнөржайлары кризиске дууушар болду. Мунун акыбетинде Россия жарандарынын жашоо деңгээли дагы да төмөндөй баштады. Негизи, эл аралык саясатта Россиянын идеологиялык кызыкчылыктары дээрлик калган эмес! Ал дүйнөлүк “исламий терроризм” коркунучун жок кылуу менен Шамда, Борбор Азияда же дүйнөнүн башка бир регионунда бирер кызыкчылыкка жетише турган абалда эмес! Путин өзүнүн эгоисттиги себептүү пайда болуп жаткан бул абалды жашыруу же башка бирөөгө оодарып жиберүү максатында АКШ менен тил бириктирип, Сирияга баскынчылык жүрүшүн ишке ашырды.

Телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда Трамп Путиндин Сириядагы эмгегине ыраазылык билдирип, Жакынкы Чыгыш, Азия жана Борбор Азия аймактарындагы проблемаларга токтолуп өттү. О.э.  ушул кооптуу аймактарда да кызматташуудан үмүттөнүп жаткандыгын айтты.

Демек, Путин кийинки президенттик мөөнөткө калуу үчүн, жаңы региондордо согуш чыгаруу операцияларында АКШ менен шерик болууга ыраазы болду. Россия Тажикстанга курал-жарак жеткирип бере баштады. АКШ болсо, Афганистанда “Ислам мамлекети” уюмун жаңыдан калыптандыра баштады. Россия төмөндүккө кулап бара берет. Демек, Путиндин Россияны кооп-коркунучтар менен коркутуп туруудан башка жолу калбады.

Тыянак чыгарсак, АКШ Россияны өнөктөш кылып алып, Борбор Азияда кооптуу кырдаал пайда кылмакчы болууда. Максаты, ушул региондордо аскерий базаларды жайгаштыруу менен Кытайды коркута турган абал пайда кылуу. Россиянын максаты болсо, АКШга ушул максаты жолунда жардам берүү менен Путин жана анын кылмышкер режими өз ордунда калышын камсыздоо, же болбосо, АКШны бул режимди кулатуу үчүн аракет кылбастыкка көндүрүү.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here