Хизб ут Тахрирдин амири Ато ибн Халил Абу Руштадан бүткүл Үммөткө кайрылуу!

395
0

Трамптын Куддусту жөөттөрдүн борбору деп жарыя кылуусуна карата Хизб ут Тахрирдин амири Ато ибн Халил Абу Руштадан бүткүл Үммөткө кайрылуу!

Бисмиллаахи рахмаанир рахиийм
2017-жылдын 7-декбрь түнүндө Америка президенти Трамп Куддусту жөөттөрдүн борбору деп тааный турган жарлыгын чыгарды. “Америка мамлекет башчысы шаршемби күнү Ак үйдөгү кайрылуусунда Куддусту “Израилдин” борбору деп тан ала турган билдирүүсүн жарыя кылды. Ошондой эле Америка тышкы иштер министрлигине Американын Тель-Авивдеги элчиканасын Куддуска көчүрүүнү жана инженер, архитекторлорду ишке тартуу жараяны башталуусун тапшырды. Трамп дагы кошумчалап мындай деди: “Куддусту Израилдин борбору катары тан алуу тууралуу убадамды өтөөсүнө чыгардым”) (“аль арабия нет” 2017. 12. 06)
Баарынан таң калычтуусу, Трамп бул билдирүүнү жарыя кыла электе көптөгөн Исламий өлкөлөрдүн акимдери менен телефон аркылуу Куддус жана Акса тууралуу сүйлөшкөн. Салман, Аббас, Абдулла, Сиси жана Саадис менен телефон аркылуу байланышкан. Ал бул сүйлөшүүлөрүндө бир нече сааттан кийин Куддусту Израилдин борбору катары тааный тургандыгын жарыялоосун да айткан. Бирок, ушуга карабастан бул тирүүнүн өлүгү болгон малай акимдер Трамптын бул аракетине каршы лам деп ооз ачышкан жок!
Ооба, Ислам жана мусулмандардын душманы болгон тогут Трамп жөөттөргө болгон убадасын аткарды. Куфр бул бир калк. Каапырлардын бири-бирине көмөк көргөзүүсү таң кала турган нерселерден эмес. Бирок таң кала турган нерсе, Ислам өлкөлөрүнүн акимдери каапыр калкка этибар бербестен, аларды дос тутуп жаткандыктары. Аллах Таала айтат: “Эй ыйман келтиргендер, жөөт жана насронийлерди дос тутпагыла, алар бири бирине дос. Кимде-ким аларды дос тутса анда ал ошолордон. Аллах заалим коомду хидаяттабайт”.
Эй мусулмандар:
1948-жылы Америка жөөт мамлекетин тан алган. Андан кийин аны колдоп кубаттоого алды. Американын бул аракетине каршы акимдер лам дебеди. Балким Американы дос тутушту жана кор болушту. Натыйжада, кордук алардын адатына айланды.
1967-жылы жөөт Палестина жерлеринин калган бөлүгүн басып алуусун улантты. Жөөттүн бул баскынчылгын Америка дагы колдоп кубаттап турду. Исламий өлкөлөрдүн акимдери буга каршы дагы лам деп ооз ачышпады. Балким, жөөт менен болгон көйгөйдү чечүүдө Американы ортомчу кылышып, аны чыныгы дос тутушту. Дагы кор болушту. Натыйжада кордук алардын жашоо образына айланды.
Малай акимдер куралсыздандыруу аркылуу болсо да чыгыш Куддусту Палестиналыктарга борбор кылып берүү үчүн Америка Израилге кысым өткөрөт деп алдап, коомду адаштырып келишти… Алар ошол алдап адаштырууларында бир гана өздөрүн алдап көөдөндөрү сокур болуп адашышты.
Мына ушул Америка Трамптын тили менен Исра жана Мээраж жери жана мусулмандардын биринчи кыбыласы болгон, Исламдагы улуу үч мечиттин бири болгон, Куддусту чыгыш-батышы менен биргеликте Израилге борбор кылып берди. Трамп бул жарлыгын чыгара электе бул малай акимдердин Куддус боюнча бир нерсе дегенин теңине албастан, Куддусту Израилдин борбору кылып жарыялай тургандыгын аларга алдын ала билдирди. Тактап айтканда, Трамп үчүн алардын бул жаатта бирдеме деши күкүмчөлүк да мааниге ээ эмес болчу. Чындыгында бул малайлар Палестина маселесинде бирдеме дей турган деңгээлде болбой калышты. Тескерисинче, Трамп аларды теңине албагандыгын дагы да ачыктап, Ак үйдөгү кайрылуусунда бул малай акимдер менен Куддус маселеси боюнча жолугушууларды өткөрүү үчүн өзүнүн орун басарын жөнөтөөрүн билдирди. “Трамп өзүнүн орун басары Майкл Пенсти жакынкы аралыкта Ортоңку Чыгышка иш сапары менен жөнөтөөрүн билдирди.” (“Аль арабия нет” 2017. 06. 12)
Бул малай акимдер кудум өлүк адам жаракаттын оорусун сезбегендей, өздөрүн кор тутуу менен мындай кордук аларга сезилбей жатат.
Эй мусулмандар!
Акылы бар адам Палестинаны жөөт баскынчылыгынан куткарууга каршы болобу? Акылы бар адам Палестинаны басып алган жөөттү колдоп кубаттап жаткан Америка жана анын шериктери менен дос болобу? Палестинаны куткаруунун жолу бул – жөөттөрдүн колун сындырып коё турган армияны аракеттке келтирүү эмеспи? Аллах Таала айтат: “Алар менен согушкула! Аллах силердин колуңар менен аларды азаптап, аларды кор кылат жана силерге жардам берет. (Алардын үстүнөн жеңиш берүү менен Аллах) Момундар коомунун көкүрөктөрүндөгү кайгы муңду кетирет.”
Эй мусулмандар!
Палестинаны куткаруу жолу ага карата баскынчылык кылып жаткан жөөттү колдоп кубаттап жаткан мамлекеттер менен душмандык мамиледе болуу эмеспи? Ислам жерлеринен кууп чыккандарды кайрадан ал жерден кууп чыгууга Аллах буйруган эмеспи? Аллах Таала айтат: “Силерди кандай кууп чыккан болсо (аларды да ошол) жерден кууп чыккыла” Ислам жерлерин басып алган жөөттөрдү колдоп кубаттап жаткан мамлекеттерге карата душмандык мамиледе болууну Аллах буйруган эмеспи? Аллах Таала айтат: “Аллах силерди өз жерлериңерден кууп чыккандар жана аларга жардам бергендер менен достук мамиледе болушуңарды тыят. Кимде ким аларды дос тутса (анда) алар заалимдер.” Мына ушул Куран акыйкаттарын кимде туя турган жүрөк, уга турган кулак болсо акыйкат чечим эмеспи?
Эй мусулмандар!
Эй Ислам жерлериндеги аскерлер! 1948-жылдагы жөөттүн Палестина жерлеринин көп бөлүгүн басып алуусуна акимдердин унчукпай туруусу жана армияны аракетке келтирбегендиктери эң чоң кылмыш болгон. 1967-жылдагы Палестинанын калган жерин жөөттүн басып алуусуна акимдердин унчукпай карап туруусу жана Палестинаны толук кайтарып алуу үчүн армияны аракетке келтирбегендиктери андан да чоң кылмыш. Жөөт баскынчылыгын колдоп кубаттап жаткан мамлекеттер менен душмандык мамиледе болбогондук өтө чоң кылмыш. Алар менен достук мамиледе болуу Аллахка анын Расулуна жана момундарга болгон кыянаттык!
Трамп Куддусту Израилдин борбору деп жарлык чыгаруу менен бул малай акимдердин авраттарын жаап турган калган каткан чүмбөтүн ачып, шерменделерин чыгарды. Ушундай шерменделери чыккандан кийин да бул малай акимдердин Исламий өлкөлөрдө дагы да бийлик жүргүзүүсү мүмкүнбү? Бул рувайбиза акимдер жөөт тарабынан басылып алынган берекелүү Аксаны азат кылууга армияны аракетке келтирбесе жана жөөт баскынчылыгына жардам берген мамлекеттерге каршы душмандык мамиледе болушпаса, анда армия өзү аракетке келип бул рувайбиза акимдерди жер менен жексен кылуусу керек. Мусулмандар жана алардын армиялары бул малай акимдерди кулатып анын ордуна туура жолдогу Халифалыкты тикелөөгө татыктуу үммөт. Мына ошондо гана колонизатор каапырлар Ислам жерлеринин бир карышына да бастырып кире алышпайт. Ал тургай моюндарына кордук жазылган жөөт барлыгы тууралуу сөз да козголбой калат. Аллах Таала айтат: “Эгер алар менен согушсаңар алар арттарына карап качышат жана аларга жардам да берилбейт”
Эй мусулмандар! Эй мусулман өлкөлөрүндөгү мусулман армиялары!
Хизб ут Тахрир исламий партиясы өз үммөтүн алдабаган жол башчы катары бул малай акимдердин жөөт баскынчылыгына карата сүкүт сактап турган кылмыштарына каршы унчукпай калуудан кайтарат. Алардын адаштырууларына, алдоолоруна бүгүнтөн баштап дагы алданып калбагыла. Билип койгула, бул сүкүт сактоо Палестинаны эле колдон чыгарууга чектелбейт.Тескерисинче, Палестинадан башка жерлерге да улашат… Бул малай акимдерге моюн сунууга далил издегендерге далилге окшош бирер нерсе калбады. Берекелүү Аксаны жөөт баскынчылыгынан кайтарып алуу үчүн жөөт барлыгын жок кылуудан тосуп жаткан бул малай акимдердин буйругуна баш ийүү үзүрүн издегенге үзүргө окшош бирер үзүр да калбады. Силердин мындай абалда буларга баш ийүүңөр бул дүйнөдө кор болууга жана акыретте азапка дуушар болууга алып барат. Силерден мурункулар айткандай, биз чоңдорубузга баш ийдик деген сөздөрүңөр акыретте суу кечпей калат. Балким бул сөздүн акыбети анык адашууга алып барат. Аллах Таала айтат: “Алар айтышты Роббибиз биз башчыларыбызга, чоңдорубузга баш ийдик алар бизди адаштырды” дешет.
Акыйкатта бул рувайбиза акимдерге моюн сунуунун акыбети анык адашуу! Анын акыбети бул дүйнөдө кордукка, акыретте азапка дуушар кылат. Бул малай акимдер адаштырууга кыянат кылууга, жалган айтууга, адаттанып калышкан. Жаабир бин Абдулла р.а риваят кылат: “Пайгамбар с.а.в. Каьб бин Ужратага айтты: “акылсыз амирлердин ишинен Аллах сага жардам берсин. Айтты: акылсыз амирлер эмне? Айтты: менден кийин боло турган амирлер мен алып келген хидаят менен жүрүшпөйт менин сүннөтүмдү жолдошпойт. Кимде ким алардын жалганын чындыкка чыгарса, алардын зулумдарына жардам берсе, мына ошолор менден эмес, мен да алардан эмесмин жана алар менен хавзума (көл) келишпейт. Кимде ким алардын жалганын чындыкка чыгарбаса, зулумдарына жардам бербесе мына ошолор менден жана мен аларданмын алар менен хавзума келишет.” (Ахмад муснадында келтирген). Ошондуктан эй мусулмандар! Бул акимдердин түзүмдөрүн түп орду менен жок кылып салууга шашылгыла! Анын ордуна Ислам түзүмүн орноткула! Ошондо дүйнө жана акыретте улуу болосуңар. “Ал күнү момундар Аллахтын нусраты менен шаттанышат. Аллах кимге кааласа жардам берет Ал улуу жана ырайымдуу.”
2017. 12. 07.
Хизб ут Тахрир амири Ато бин Халил абу Рушта

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here