Афганистан Россия жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын жыйынын өткөрмөкчү

276
0
Kabul (Jan. 25, 2009) The Honorable Minister of Interior Mohammad Hanif Atmar addressing attendees at a ceremony held for the family members of two fallen sergeants in MondayÕs fighting between insurgents and ANP in Kabul. During the ceremony families of the fallen sergeants received cash rewards of 100,000 Afghanis for the sergeantÕs actions while sacrificing their lives to save the lives of many more Afghans. The ceremony also saw 76 police officers and sergeants recommended for rank promotion and 351 recommended for monetary bonuses. (Photo by Mass Communications Specialist 1st Class Christopher Mobley/Released)

Афганистан Россия жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын жыйынын өткөрмөкчү

Расмий Кабул терроризмге каршы күрөшүү боюнча Россия Федерациясы жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын жыйынын өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу Афганистан президентинин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Мухаммад Атмар билдирди. .

  Атмар: “Разведка кызматтарынын кызматташтыгысыз терроризмге жана наркотикалык заттарга каршы күрөшүү мүмкүн эмес. Биз эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтык сунушун киргиздик”,- деди.

Анын айтымында, расмий Кабул Афганистанда же Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринде разведка кызматтарынын башчыларынын конференциясын өткөрүү сунушу менен чыккан. “Конференциядан көздөлгөн максат, аталган кызматтардын кандай көрүнүштө кызматташарын талкуулашуу” дедиАтмар.

 Мухаммад Атмар: “Патрушев жана башка катышуучулар бул сунушту колдоого алышты. Алар деталдарын талкуулашы үчүн мен сунушту жазуу түрүндө сунуштай турган болдум. Азырынча бул иш башталгыч баскычында турат. Бирок, Афганистан мындай кызматташтыкка даяр”,- деди.

 “Биз Борбор Азиялык жана россиялык өнөктөштөрүбүзгө террорчулардын ишмердүүлүгү, алар мүчөлүккө кандай кабыл алары жана теракттарды кандай көрүнүштө ишке ашырары жөнүндө өзгөчө маанилүү маалыматты сунуштадык”,- деди Мухаммад Атмар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here