Саудия муфтийи:(Израил)ге каршы согушуу жаиз эмес

295
0

Саудия муфтийи:(Израил)ге каршы согушуу жаиз эмес

Саудиянын муфтийи жана аалымдар кеңешинин төрагасы Шайх Абдулазиз ибн Абдуллах Али Шайх күтүүсүз фатва чыгарды. Анын бул фатвасын (Израиль) тарап жогору баалады. Саудия муфтийинин фатвасына ылайык, Израиль калкына т.а. яхудийлерге каршы согушуу жаиз эмес.

Жергиликтүү телеканалда эфирге чыккан Саудия муфтийи Абдулазиз Али Шайх көрүүчүлөрдүн “өткөн июль айында Ал-Акса мечитинде жүз берген окуялар” туурасындагы суроолоруна жооп берип жатып, “(Израиль) калкына каршы согушуу жаиз эместиги, Хамастын террорчу уюм экендиги жана Хизбуллага каршы (Израиль) кошуундары менен кызматташуу мүмкүндүгү тууралуу фатва берди.

Бул фатвадан башы көккө жеткен (Израил)дин байланыш министри Аюб Кара Саудиянын муфтийи жана уламалар кеңешинин төрагасы Абдулазиз Али Шайхты куттуктап, аны (Израил)ге чакырды.

Түпкү келип чыгышы дуруздардан болгон Аюб Кара Твиттер социалдык тармагындагы расмий баракчасы аркылуу төмөнкү кабарды таратты: “Яхудийлерге каршы согушууга жана аларды өлтүрүүгө тыюу салган фатвалары себептүү Сауд Арабиясынын муфтийи жана аалымдар кеңешинин төрагасы Шайх Абдул Азиз Али Шайхты куттуктаймын. Али Шайх Хамастын террорчу уюм экендигин жана Палестина калкына зыян жеткирилгенин, Ал-Аксада өткөрүлгөн акциялар калктын туйгуларын козгоп, чырайлуу сөздөр менен адамдарды өзүнө тартуу экендигин жана Хизбулланы жок кылуу үчүн (Израиль) армиясы менен кызматташуу мүмкүн экендигин билдирди. Мен муфтийди (Израил)ге чакырамын, ал жогорку деңгээлде сый-урмат менен тосуп алынат”, – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here