Трамптын башкы ассамблеяда сүйлөгөн сөзү нааразылыктарга себеп болду

262
0

Трамптын башкы ассамблеяда сүйлөгөн сөзү нааразылыктарга себеп болду

БУУнун башкы ассамблеясында алгачкы жолу сөзгө чыккан АКШ президенти БУУ чыгымдарынын көпчүлүк бөлүгүн АКШ көтөрүп жатканын айтып, башка мамлекеттерди сындады. Ал эми, АКШга жакшы кызмат кылып жаткан Россия, Түркия, Иордания жана Ливан мамлекеттерине ыраазылык билдирди.

“БУУнун башкы ассамблеясында 193 мамлекет бар, бирок, бюджеттин 23 пайызын биз төлөп жатабыз. Өтө чоң бир финансылык жүктү моюнга алып жатабыз. Дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде жаңжалдар уланууда. Белгилүү болгондой, эч бир мамлекет бул жүктү мойнуна албайт”, “Сирия кризиси күчөгөндүгүнө күбө болуп турабыз, ал жерде саясий кризис бар”,“АКШ Кубадагы коррупцияга баткан режим менен да иш-аракетин улантууда”, “Венесуеладагы социалисттик диктатураны болсо, таптакыр кабыл алууга болбойт”, – деди АКШ президенти.

Доналд Трамптын коркутуу маанисинде сүйлөгөн бул сөзү башка мамлекет башчылардын нааразылыгына себеп болду. Швециянын тышкы иштер министри Маргот Валлстром “ВCC” телеканалына берген интервьюсунда Трамптын сөздөрүнө нааразылыгын билдирип: “(Трамп) туура эмес убакта, туура эмес аудиторияга,туура эмес сөздөрдү сүйлөдү”, – деди.

Венесуеланын тышкы иштер министри Хорхе Арреаза да БУУнун башкы штабындагы маалымат жыйынында өз мамлекетин сындаган Трампка нааразылык билдирди. Трамптын согуштар, мамлекетти кыйратуулар, эмбарголор жөнүндө сөз кылгандыгына көңүлдү бурган Арреаза, аны башка мамлекеттердин башчыларына өзүнүн кызматкериндей мамиле кылгандыкта айыптады.

“Трамп БУУнун башкы ассамблеясыдагы мамлекет башчыларга өзүнүн кызматкерлери сыяктуу кайрылды. Бүгүн бул жерде уккандарыбыз дүйнө үчүн өтө кайгылуу”, “Трамп эл аралык мыйзамды бузууда. Ал өзүн дүйнөнүн башкаруучусу деп эсептөөдө, а бирок, өз өлкөсүн да башкара албай жатат”, – деди Венесуеланын тышкы иштер министри.

Ал эми, “Израилдин” премьер-министри Бенямин Нетаняху болсо, өзүнүн твиттер баракчасы аркылуу берген билдирүүсүндө Трампка мактоолорду жаадырып: “БУУ менен 30 жылдык тажрыйбамда буга чейин мындай кайраттуу сөздөрдү уккан эмесмин”, – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here