Тиллерсон менен Лавров Нью-Йоркто жолугушту

277
0

Тиллерсон менен Лавров Нью-Йоркто жолугушту

Бириккен Улуттар Уюму Сирия кризисин жөнгө салуу жана элдик ынкылапка чек коюу максатында АКШнын Нью-Йорк шаарында башкы ассамблеянын 72-сессиясын баштады. Акыркы кабарларга ылайык, БУУнун башкы ассамблеясында өзгөчө Идлиб маселеси боюнча сүйлөшүүлөр өтөт. Вашингтондун Сирия маселесиндеги пландарын ишке ашырууга салым кошуп жаткан коалицияга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү сессияга катышуу үчүн Нью-Йоркто чогулушту.

Аталган сессиянын алкагында АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон россиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушуу өткөрдү. Жабык эшиктер артында болуп өткөн жолугушуу 45 мүнөткө созулду. Тараптар Сирия маселесинде кызматташуу о.э. Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадагы кырдаал тууралуу талкуулашканы айтылууда.

О.э. Рекс Тиллерсон менен Сергей Лавров Украина чыгышындагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн түзүлгөн Минск келишимин ишке ашыруу жараянын да талкуулашкан.

Буга чейин, НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенбергдин БУУнун башкы ассамблеясынын алкагында РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушууну пландаштырып жатканы кабарланган эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here