УКМК: Террордук уюмдун эки согушкери жок кылынды

311
0

УКМК: Террордук уюмдун эки согушкери жок кылынды

  29-августта УКМК Чүй облусунун Жайыл районунда жүргүзгөн атайын операция учурунда террористтик уюмга тиешеси бар деп шектелген эки согушкер жок кылынганы, үчүнчүсү жарадар болгондугу кабарланды. Күч түзүмүнүн кызматкерлери арасында жоготуулар жана жараат алгандар жок. Бул тууралуу “Азаттык” радиосу кабарлады.

 Кабарда келишинче, 24-августка караган түнү Бишкекте “Ниссан Пресаж” автоунаасы менен бара жаткан топту патрулдук милиция өкүлдөрү токтотууга аракет кылган. Бирок, алар күч кызматкерлерине баш ийбей, тапанча, граната менен коркутуп качып кетишкен.

 Издөө иштеринин натыйжасында 28-августта эл аралык террордук топтун мүчөсү деп шектелген бир жаран кармалып, анын автоунаасынан курал-жарак менен ок дары табылган.

 Андан кийин, 29-августта эртең менен Чүйдүн Жайыл районундагы атайын операциянын жүрүшүндө  кылмышкерлер курчоого алынып, алардан колго түшүп берүү талап кылынган.  Бирок, ага карабастан УКМК кызматкерлерине ок чыгарышкан. Ошондон кийин операциянын жүрүшүндө эки кылмышкер жок кылынып, үчүнчүсү жарадар болгон.

 УКМКнын билдиришинче, окуя болгон жерден РГД-5 гранатасы, “Макаров” тапанчасы жана бычактар табылып, табылган граната ошол жерде зыянсыздандырылган.

Туркистон: 

УКМК  бийликке оппозицияда болгон бардык саясий күчтөргө каршы күрөштө дагы кайрадан Ислам жана мусулмандарды кооптуу кылып көрсөтө баштады!

Аныгыраагы, бул ишти Россиядан келген ФСБнын атайын бөлүктөрү башкарып жатат. Аталган бөлүмдүн расмий кызматкерлери Кыргызстандагы коопсуздук кызматынын дээрлик бардык тармагын көзөмөлдөйт. Андан тышкары, алардын жашыруун тобу да Кыргызстанда эркин иш алып барууда. Алар Кыргызстанда бардык диверсиялык жана атайын жардыруу иштерин уюштуруу менен алектенишет. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Москва көчөлөрүнүн биринде кармалган Акрам Азимовду бир нече күн мурда Кыргызстандын Ош облусундагы ооруканадан коопсуздук күчтөрү алып чыгып кеткени тастыкталганда  ушул нерсеге анык көзүбүз жеткен. Т.а. ФСБ Кыргызстандагы УКМК күчтөрүн толук көзөмөлдөшүнө ошондо көзүбүз жеткен. Москвада Азимовдун кармалганын расмий маалымат каржаттары аркылуу көргөн энесинин талабы менен Кыргызстандагы журналисттер атайын иликтөө жүргүзүп жатып, УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулаймановдон ошол окуя тууралуу сурашканда, ал “менин кабарым жок, менден бул тууралуу сурабагыла” деген мааниде, бирер маанилүү сөз айта албаган. Демек, ФСБ Кыргызстанда ал тургай УКМКны эскертпей туруп атайын операцияларды уюштура баштаганына көп болгон деген тыянакка келдик. Көңүл бурууга арзый турган жери, Азимовго байланыштуу бул иш бүгүнкү күнгө чейин аныкталган жок!

Эми жогорудагы эки адамдын кайсы жактан алып келинип, атып өлтүрүлгөнүн ким билет дейсиң. Учурда буларды кайсы террордук топко жабыштырсак экен деп баш оорутушууда. ФСБнын бул карамүртөз күчтөрү алгач Кыргызстан түштүгүндө иш баштаган эле. Ал жакта да кандайдыр куралдуу адамдар кармалды деген билдирүүлөрдү тарата башташты. Максаты, бирер жасалма операция уюштуруп, аны Кара-Суу районунан Сирияга кеткен “тавхид  валь-жихад” уюмунун жетекчиси Абу Саллохко жабыштыруу эле. Аталган уюмдун жетекчиси Абу Саллох берген билдирүү төмөнкү ссылка аркылуу https://web.facebook.com/ilyos.bek.334/videos/359791487811075/  интернетке чыкты.  Бул билдирүү алардын планын толук болбосо да, жокко чыгарып таштады.

Бирок, бул ыпылас күчтөр арамза максатынан баш тартышкан жок. Алар иш ыкмасын өзгөртүп, ишти Кыргызстандын түндүгүндө баштап жиберишти.

Кыргызстан калкына, мусулмандарга, саясий элитага, таасирдүү аалымдарга жана Кыргызстандагы күч түзүмүнүн кызматкерлерине кайрылабыз!  Кыргызстанда калыптанып бара жаткан бул абал өтө жаман натыйжаларга алып барышы мүмкүн. Т.а. учурда бийликте отурган жана ага умтулуп жаткан жетекчи топтун өкүлдөрү өздөрүнүн, дагы кайталайбыз, өздөрүнүн гана кызыкчылыгы үчүн Кыргызстанды Россиянын ыктыярына тапшырып жатышат! Миллиондогон мусулмандардын ишенимин орустарга тебелетип, тапшырып коюшту! Алар кыргыз калкын кыргызды 1916-жылы геноцид кылган орустун атайын фитнакеч жана диверсант аскерлерине тапшырып жатышат.

Мусулман боордоштор, жогорудагы сыяктуу адам өлтүрүүлөр эми башталууда. Бул иштер – эгерде биз аларга ишене берсек – дагы көпкө созулат! Бирок, биз алардын бул айла-амалдарына ишенбестик билдирип, биздин ички иштерибизге орустардын аралашуусуна каршылык көрсөтсөк жана ушундай аракетте олуттуу жана активдүү болсок, эки дүйнөдө азиздикке жетишебиз, инша Аллах! Ошондуктан, биз силерди жеке кызыкчылыгы үчүн бийликке жабышып алган же ошондой эле жеке кызыкчылыгы үчүн бийликке умтулуп жаткан, өлкөнүн кызыкчылыгынан баш тартып, мусулман калк кафирлерге тапшырылып жатканына ыраазы болуп турган саясатчыларды тергеп-тескөөгө, алардын кызматын четке кагууга жана орус диверсанттары менен кызматташуудан жана аларга жардам берүүдөн баш тартууга чакырабыз! “Бардыгыбыз Аллахтыкыбыз жана албетте бардыгыбыз Ага кайтабыз”! Аллахтан таква кылалы! Бирер мусулманды, ал тургай адашкан мусулман боордошубузду да куфрдун колуна салып берүү аркылуу Аллахка күнөөкөр болуудан корколу! Ассаламу алайкум.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here