Тажикстанда “Салт, салтанат жана жөрөлгөлөрдү тартипке салуу” жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизилди

273
0

Тажикстанда “Салт, салтанат жана жөрөлгөлөрдү тартипке салуу” жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Президент Эмомали Рахмондун демилгеси менен “салт, салтанат жана жөрөлгөлөрдү тартипке салуу жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү тажик парламентинин төмөнкү палатасы 23-августтагы кезексиз жыйынында бир добуштан колдоду.

 Өзгөртүүлөргө ылайык маркумдун, жетилик, кыркылык жана жалдык ашында бодо мал союуга о.э. жаназадан кийинки эхсан ашына да тыюу салынды.

 “Бала отургузуу” жөрөлгөсү үй-бүлө мүчөлөрүнүн катышуусунда гана өткөрүлө турган болуп, ага өнөрпоздордун катышуусуна тыюу салынды. “Баланы отургузуу” ата-энелердин ыраазылыгы менен бала төрөлгөндөн кийин 20 күнгө чейин ооруканаларда акысыз ишке ашырылат.

 Исламдын ыйык жерлерине зыярат кылып келген “ажыларга” өзгөчө урмат көрсөтүүгө тыюу салынды.

Туркистон:

Президенттин буйругуна ылайык июнь айында даярдалган бул мыйзам  долбоору эми күчүнө кирди.  Мыйзам  күчкө кирери менен аны колдоно башташты. Биринчи күнү эле Тажикстан Улуттук китепканасынын жетекчисине 3500 сомони штраф салынды. Себеби, китепкананын жетекчиси келин тоюнда кой союп конок күткөн эле.

Тажикстан жарандарынын айрымдары бул мыйзамга оң баа беришсе, көпчүлүгү нааразы болушууда. Байкоочулардын айтымында, бул мыйзам паракордукка кеңири жана ыңгайлуу шарттарды түзөт. Байыртадан меймандос болгон, тапканын меймандан аябаган тажик калкы мындан кийин кичине зыяпат уюштурса да штраф төлөшү анык болуп калат. Т.а. коопсуздук түзүмүнүн,  күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери барып, ар түрдүү шылтоолор менен жоопкерчиликке тарта беришет. Натыйжада, калк байыркы үрп-адаттарынан болгон айрым жөрөлгөлөрүн да аткара албай калат.

Ушуга байланыштуу Тажикстан мусулмандар мекемесинин башчысы Саидмукаррам Абдулкодирзодага кайрылганда, ал: “Ысырапкорчулуктун кереги жок, жакшысы, улуу майрам күндөрдө бири-бириңерге жылмаюу тартуулагыла, анткени жылмаюу да садака болуп эсептелет”, – деп жооп берди.

Мунаввара

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here