G20 саммитинде терроризмге (Исламга) каршы күрөшүү маселеси талкууланды

312
0

G20 саммитинде терроризмге (Исламга) каршы күрөшүү маселеси талкууланды

7-июль күнү Германиянын Гамбург шаарында уюштурулган G20 саммитинде Германия канцлери Ангела Меркел күндүн соңунда саммиттин иши тууралуу кабарлады. Меркелдин билдиришинче, G20 өлкөлөрү саммитте терроризмге (Исламга) каршы күрөшүү тууралуу келишип алышкан.

“G20 мамлекеттери терроризм (Ислам) баарыбыз үчүн бирдей коркунуч экендиги жана аны каржылап жаткан булактарды жок кылуу үчүн маалымат алмашууну жолго коюу зарылдыгы тууралуу  келишим түзүштү”, – деди Меркел.

Саммит расмий түрдө башталардан мурунку расмий эмес жыйында Россия президенти Владимир Путин терроризмге (Исламга) каршы күрөшүү үчүн келишилген абалда аракет кылуу жөнүндөгү эски чакырыктарын кайталай тургандыгын билдирди. Путиндин айтымында, эч бир өлкө жалгыз абалда терроризмге (Исламга) каршы күрөшө албайт.

“Бул жолу биз G20 курамындагы өнөктөштөрүбүздү терроризмге (Исламга) каршы күрөш үчүн келишилген абалда аракет кылууга жана терроризмдин (Исламдын) кеңейишине биргеликте тоскоолдук кылууга чакырыгыбызды кайталайбыз”, “Дүйнөдө бул жамандыкка каршы жалгыз күрөшүүгө жана андан өз жарандарын коргоого кудуреттүү бир да мамлекет жок. Ошондуктан, Москва ар дайым терроризмге (Исламга) каршы күрөшүү үчүн БУУнун ролун урмат кылган абалда бирдиктүү фронт түзүүгө чакырып келет”, – деди Путин.

Саммит башталышынан мурда жабык эшиктер артында өткөн расмий эмес жолугушууда G20 мамлекеттеринин башчылары замандын эң негизги коркунучу деген этибарда дал ушул терроризмге (Исламга) каршы күрөшүү маселесинде бир пикирге келишти. Бул жаатта, Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков терроризмге (Исламга) каршы күрөш боюнча Путиндин кээ бир жаңы идеяларды сунуштоо планы бар экендигин билдирди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here