Ямандагы холера эпидемиясы

327
0

Ямандагы холера эпидемиясы кафир Батыштын жана анын залим малайларынын эпидемиясы

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун отчётуна ылайык, баш аптанын ичинде Яманда холера эпидемиясы акыбетинде каза болгондордун саны 600дөн ашты, алардын 40%ы балдар, күнүнө 4 бала бул дүйнө менен кош айтышууда. ЮНИСЕФ уюму баса белгилешинче, Ямандагы медицина мекемелери күнүнө диареяга чалдыккан 1000 баланы кабыл алууда.

Ушуну өзгөчө баса белгилөө лазым, күн өткөн сайын күчөп жаткан холера эпидемиясы булганган суу же бузулган тамактар аркылуу жайылып, ич өтүүгө жана тамактын кургашына алып келүүдө. Бул жугуштуу оору санитария абалы начарлашкан, тыгын жашаган, согуш жана ачарчылык болуп жаткан… жерлерде көбүрөөк жайылат. Яманда саламаттыкты сактоо маселеси бүтүндөй кыйрады, аз тамактануу, дары-дармектер, медициналык жабдыктардын таңкыстыгы кескин көбөйүп, ооруканаларда электр-энергия иштеп чыгарган жабдыктарга керектүү күйүүчү майлар жетишпей жатат… Ал тургай, медициналык мекемелердин баары жабылды. Бул тармактагы материалдык зыян, ойрондулук жана эч ким тарабынан каржыланбашы бул холера эпидемиясын адамдардын өмүрү үчүн коркунучтуу жана үрөй учурган абалга алып келди! Өлкөдөгү согуш үчүнчү жылга кирди! Жырткыч Батыштын бул регион үстүндөгү согушу бомбалоо, качкынга айлантуу, жакырчылык… сыяктуу үрөй учурган инсандык кырсыктарды алып келди! Британияда чыккан «The Independent» гезити маалымдашынча, Батыш мамлекеттери дагы эле ушул регион тууралуу бир чечимге келишпеген.

Яманды сокур тыйынчалык да кадырлабаган бул күчтөр колонизатордун колундагы курал болуп, кызыкчылык жана долбоорлору – кудум «исламий» коалицияга мүчө мамлекеттер сыяктуу – бири-бирине карама-каршы. Бирок, Яман ымыркайларын жардамсыз калтыруу, өлкөнү ойрон кылуу, адамдарды бомбалап, ачарчылыкта калтыруу, ооруларга туш кылуу… сыяктуу иштерде алардын баарынын тили бир!

Адамдын өмүрүнө жана кадырына маани бербеген залим капиталисттик түзүмдүн жүзү мына ушундай. Ал өзүнүн кызыкчылыгы үчүн байлыкка, өлкөлөргө жана жарандарга чабуул кылуудан качышпайт, а түгүл бул жолдо бүткүл калктын кырылып кетиши да аны тынчсыздантпайт. Алардын бул кылмыштарына каршы реакция каралоодон, гуманитардык жардамдарды берүүдөн жана тынчсыздануу билдирүүдөн ары өтпөйт. Күнөөсүз адамдардын каны төгүлө берет, эне эмчектеги баласы ачкалыктан же дарылануу жок болгондуктан холера сыяктуу оорулардан жан берип жатканын карап эч бир жардам бере албай сыздаган бойдон кала берет!

Эй дүйнө мусулмандары, өзгөчө, Фарс Булуңу мамлекеттериндеги мусулмандар!

Силерди Ямандан бөлүп турган нерсе жасалма чегаралар гана… Ушул чегаралар силерди бири-бииңерге жат кылып койду. Ислам Үммөтү бир дене сымал үммөт болуп, дененин бир бөлүгү ооруса, анын калган мүчөлөрү уйкусуз болуп, ысытмалап ага жан тартышат… Бийлигиңер Яман калкын бомбалап, жакырчылык, өлүм жана ойрондулуктан башка нерсени алып келбеди… Силер болсо, кайдыгер карап сүкүт кылып турасыңар! Яман калкынын ый-муңу, балдарынын зар какшаган үнү, аялдар жана карыяларынын ыйы силерди төшөгүңөрдөн тургузбадыбы?!

Бийлигиңер Яман калкына да, силерге да зулум кылып жатат. Себеби, алар силерди Аллах жана мусулмандардын душманы болгон колонизатор кафир Батыштын согушуна тартууда, бул согушка кээ бир аскер жана офицерлериңер катышып жатат, кээ бир уламаларыңар аларды колдоп-кубаттап, «терроризмге» каршы күрөшсө болот деген фатваларды чыгарып беришүүдө… Жетишет! Сүкүт кылганыңарды токтоткула! Арамга сүкүт кылуу – кылмыш жана арамга ыраазы болуу!

Үммөт тарабына өтүп, анын долбоору астында биригип, Хизб-ут-Тахрир менен бирге Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөөгө аракет кылышыңардын убагы келди. Ушул мамлекет чегараларыбызды, жүрөктөрүбүздү жана саптарыбызды бир кылат, Үммөттүн мурунку улуулугуна жана жакшылыгына кайра алып чыгат.

 كُنتُمْ خَيْرَ أُمَّةٍ أُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ تَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَتَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنكَرِ وَتُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ

«Силер адамдар үчүн чыгарылган үммөттөрдүн эң жакшысы болдуңар: маъруфка буюрасыңар, мункардан кайтарасыңар жана Аллахка ыйман келтиресиңер»  [3:110]

 

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук

матбуат бөлүмүнүн аялдар жааты

 

телефон-факс: 00961 1 30 75 94

уюлдук телефон: 00961 71 72 40 43

электрондук почта: ws-cmo@hizb-ut-tahrir.info

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here