Саудияда “радикалдык пикирге” каршы күрөшүү борбору ачылды

360
0

Саудияда “радикалдык пикирге” каршы күрөшүү борбору ачылды

Саудиянын борбору Эр-Риядда эл аралык “радикалдык пикир”ге каршы күрөшө турган борбордун ачылышы болду. Бул демилге АКШ башчылыгында 55 исламий өлкөнүн катышуусунда өткөрүлгөн Араб жана Исламий өлкөлөрдүн саммитинен кийин ишке ашырылды. АКШнын президенти Дональд Трамп, Саудиянын королу Салман бин Абдулазиз жана Мисирдин президенти Абдулфаттах Сиси аталган борбордун ачылышына байланыштуу глобустун үстүнө колдорун коюшту. Бул үч жетекчинин глобустун үстүнө колдорун коюп турган сүрөттөрү социалдык тармактарда коркунучтуу фильмдер сыяктуу комментарийлерге себеп болду.
Саудиялык маалымат каражаттары кабарлагандай, аталган борбор “радикалдык пикирдин” булагына каршы күрөшө турган, радикалдык көз караштагы адамдар кеңири колдоно турган тилдер жана терминдерди үйрөнүүчү о.э. радикалдык идеялар жайылышынын алдын алуу үчүн аракет кыла турган биринчи эл аралык уюм болот. Борбордо радикалдык пикирлерге каршы эл аралык эксперттер иш алып барышы күтүлүүдө.
Туркистон: АКШ жана Батыш “Радикалдык пикир” деп каршы күрөшүп жаткан нерсе – бул мусулмандардын Исламий турмушту кайрадан баштоо талабы. Мусулмандар акыркы жылдарда Халифалык мамлекетин тикелөөнү жана Шарият өкүмдөрүн колдонууну ачык-айкын талап кыла башташты. Мындан тынчын жоготкон АКШ жана Батыш мамлекеттери мунун алдын алуу үчүн аракетке киришти. Алар Ислам өлкөлөрүнүн башчыларынан эгерде бирер адам же хизб Ислам Шариятын колдонуу жөнүндө сөз кыла турган болсо, радикализм аталышы менен мамлекеттик деңгээлде каршы күрөшүүнү талап кылууда. Өз кезегинде Ислам өлкөлөрүнүн башчылары да кожоюндарынын талабына бир ооздон “Лаббей” деп жооп беришүүдө.
Ушул орунда: “Эгерде Ислам өлкөлөрүнүн башчылары АКШнын Исламга каршы талабын четке какса эмне болот? АКШ Ислам дүйнөсүнө каршы согуш баштап жибериши мүмкүнбү?” – деген суроо пайда болот.
Жок, эч качан баштай албайт. Бардык Исламий өлкөлөрдүн аскери эмес, Түркия же Пакистан сыяктуу өлкөлөрдүн аскерлери гана АКШны жер тиштетип коюуга кудуреттүү.
Туура, АКШ Ислам өлкөлөрүнө салыштырмалуу түрдө бир нече эсе аскерий үстөмдүккө жана заманбап курал-жаракка ээ. Муну АКШ Пентагон үчүн бюджеттен канча каражат бөлүп жаткандыгынан билип алууга болот. Бирок, АКШнын ошол заманбап куралдарды иштете турган чыныгы эркек согушкерлери жок. 1,5 миллион АКШ аскеринин 950 миңи рухий оорулуулар ооруканасында каттоодо турат.
Мисалы, АКШ ушунчалык заманбап курал-жарагы бар экендигине карабастан, Афганистанда 16 жыл согушуп, Талибан кыймылын жеңе албады. Негизи, Талибан бир мамлекет эмес, болгону бир жамаат гана. Дагы бир мисал, Сирияда жихад кылып жаткан топтор бир мамлекеттин аскерлери эмес, болгону өз-өзүнчө уюшкан куралдуу топтор. Алар учуру келгенде бири-бири менен да согушуп кетиши мүмкүн. Ошондой болсо да, АКШ мына ушул топторду беш жылдан бери жеңе албай жатат. АКШ эле эмес, Россия, Иран жана башка коалицияга мүчө мамлекеттер биригип да жок кыла алышпады. Эми бир ойлоп көргүлө, дүйнөдөгү алдынкы аскерий күчтөрдүн катарынан орун алган Түркия же Пакистан сыяктуу өлкөлөрдүн аскерлери бутка турса эмне болот? Ушундан келип чыгып айтарыбыз, бүгүнкү күндө Ислам үммөтү заманбап курал-жарактардан да көбүрөөк, эр жүрөк жетекчиге т.а. Халифага муктаж.
Дагы бир айта кетүүчү нерсе, Ислам өлкөлөрүнүн азыркы жетекчилери АКШга тескери жооп кайтара албайт. Себеби, бул жетекчилер азыркы мансаптарын АКШ же Батыш мамлекеттеринин жардамы менен кармап турушат. Алар бийлигинен пайдаланып, үммөттүн башына эмне деген гана күндөрдү салышпады. Эгерде АКШ жана Батыш мамлекеттери Ислам өлкөлөрүнөн чыгып кете турган болсо, бул акимдерге эмне болушу баарыбызга белгилүү.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here