Эрдоган Трамп менен, Трамптын өкүлү болсо Эрдогандын душманы менен жолугушту

276
0

Эрдоган Трамп менен, Трамптын өкүлү болсо Эрдогандын душманы менен жолугушту

Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган Вашингтондо АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушуп жаткан бир учурда, Трамптын ИШИМ (ИГИШ) маселеси боюнча атайын өкүлү Бретт Макгерк башчылыгындагы америкалык делегация YPG террорчулары менен жолугушту. Сириянын Кобани шаарында өткөн Макгерктин жолугушуусу тууралуу кабарлар жана сүрөттөр күрттөргө караштуу интернет сайттарда жана социалдык тармактарда кеңири таратылды.
Көңүл бурушубуз керек болгон нерсе, АКШ делегациясынын жолугушуусуна РККнын (курдистан жумушчулар партиясы) көрүнүктүү адамдарынын бири Абди Фархад Шахин да катышты. Түркия ал кишини ашынган душмандары катарына кошуп, анын башына төрт миллион лира сыйлык белгилеген. Ушундай адам Трамптын өкүлүнүн жанында отурушу таң калычтуу эмеспи?

Туркистон:
Эрдоган АКШ сапарынын алдында: “Трамп менен жолугушуп, акыркы чечимибизди бегилейбиз. Эгерде союздаш боло турган болсок, союздун алкагында чечим кабыл алышыбыз керек. Союздаштыгыбыз четке сүрүлө турган болсо, биз да өз билгенибизди кылабыз”, – деген эле. О.э. Трамп PYDди оор куралдар менен камсыздоо токтомун тастыктаган учурда Эрдоган: “Бул жааттагы тынчсызданууларыбызды Трампка жеке өзүм түшүндүрөм”, – деген эле.
Бирок, абал таптакыр башкача болууда. Т.а. Трамп Эрдоган менен жолугушкан учурда Трамптын өкүлү Түркиянын кара тизмесинде болгон адамдар менен жолугушту. Анткени, ошол учурда өткөрүлгөн жолугушуу – Эрдоган террорчу уюм деп жаткан YPG АКШнын канаты астында экендигин көрсөтөт. Түркия болсо АКШ менен стратегиялык кызматташтыгын улантууга о.э. Барзани менен болгону сыяктуу эле буга да ыраазы болууга мажбур.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here