Эрдоган: Обама бизди алдады

271
0

Эрдоган: Обама бизди алдады
Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган Ал-Жазира маалымат агенттигине интервью берип, Түркиянын АКШ жана Европа Союзу менен алакасы жана Сириядагы согуш тууралуу сөз кылды. АКШ президенти Дональд Трамп менен телефондо сүйлөшкөндүгү тууралуу айткан Эрдоган, АКШнын мурдагы президенти Барак Обама PYD жана YPG туурасында Түркияны алдаганын билдирди.
“Буга чейин да алар (америкалыктар) бул маселе боюнча т.а. террорчу уюмдарга каршы күрөштө биздин кызматташтыгыбыз зарыл экендигин айтышкан эле. Эмдиги жолугушууда бул маселе боюнча кеңири токтолобуз жана албетте биз аларга бир нече документтерди сунуштайбыз. Мурунку жолугушууларда PKK маселесинде келишимдер түзүлгөн. Обама доорунда да бул жаатта келишимдерибиз бар эле. Бирок өкүнүчтүүсү, Обама PYD жана YPG боюнча бизди алдады. Бирок, АКШнын азыркы админстрациясы дагы ушуну кайталашы ыктымалдан алыс деп билемин деди”, – деди Эрдоган.
Түркия президенти Трамп доорунан үмүтү бар экендигин билдирди жана Трамптын “Сиз менен өтө маанилүү иштерди кылабыз” деген сөзү ушул нерсеге ишара кылышын баса белгиледи.
Туркистон:
Эрдогандын “Обама бизди алдады, а бирок АКШнын азыркы бийлиги дагы ушуну кайталашы ыктымалдан алыс деп билемин” деген сөзү, болгону өз калкын алдоо гана. Себеби, АКШ мабдага негизделген мамлекет. Ошондуктан, анын долбоорлору, доктриналары жана башка өлкөлөргө болгон мамилелери президент алмашкан сайын өзгөрүп кете бербейт. Болгону ыкмаларында гана бир нече өзгөрүүлөр болушу мүмкүн.
Эгерде чындап эле “алдады” деп ойлогон күндө да, түпкүлүгүндө алдаган Обама эмес, Америка мамлекети болот. Ал эми Эрдоган – муну жакшы билип турса да – АКШ бизди алдады деп айта албайт. Себеби, АКШ менен кайрадан кызматташууга даяр турат.
Негизи, эң чоң ката мына ушул. Т.а. азиздикти Аллахтын алдынан эмес, Анын душмандары алдынан издөө эң чоң ката. Алардын алдында болсо кордуктан башка нерсе жок. Аллахты коюп, аларды дос тутуунун өзү чыныгы кордук. Кайсы заманда куфрга жан тарткан мусулман азиз болгон? Ислам мамлекети тарыхта калган азиздиктерге, куфрга жагынуу же Европа астанасында 54 жыл күтүү менен эмес, тескерисинче, Аллахтын ыраазылыгына умтулуу жана Анын өкүмдөрүнө моюн сунуу менен жетишкен.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here