Ташкентте ШКУга мүчө мамлекеттердеги диний экстремизмге каршы күрөшүү маселеси талкууланды

318
0
????????????????????????????????????

Ташкентте ШКУга мүчө мамлекеттердеги диний экстремизмге каршы күрөшүү маселеси талкууланды

 “sputnik.kg” сайтынын кабарына таянсак, Ташкент шаарында 30-март күнү Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) аймактык антитеррор түзүмү кеңешинин 30-жыйыны болуп өттү. Анда экстремисттик багыттагы диний агымдардын ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүү боюнча биргелешкен чаралар талкууланды.

ШКУнун аймактык антитеррор түзүмү: “ШКУга мүчө мамлекеттер тийиштүү мекемелердин экстремисттик багыттагы диний агымдардын ишмердүүлүгү себептүү келип чыгуучу чакырыктар жана коркунучтарга каршы аракет кылуу боюнча биргелешкен чаралар жөнүндө келишип алуу сунушталууда”, – деп кабарлады.

О.э. күн тартибинде ШКУга мүчө  мамлекеттердин терроризм, сепаратизм жана экстремизм менен күрөшүү боюнча кызматташтыгынын  укуктук базасын түзүү маселеси да бар.

Жыйынга Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышты.

2001-жылы түзүлгөн ШКУга Кытай, Өзбекстан, Россия, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстан мүчө. 2016-жылдын июнь айында Ташкентте өткөн саммитте аталган уюмга Индия жана Пакистанды кабыл алуу туурасындагы меморандумдарга кол коюлган. Ошол эле учурда Афганистан, Белорусия, Иран жана Монголия байкоочу мамлекеттер болуп эсептелишсе, Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка өлкөлөрү өнөктөш мамлекеттер болуп эсептелишет. 2004-жылы түзүлгөн ШКУнун аймактык антитеррор түзүмүнүн башкы штабы Ташкент шаарында жайгашкан.

Туркистон: 

ШКУ уюму эл аралык саясатта таасирге ээ боло албады. Ал да дүйнөдөгү таасири жок жүздөгөн уюмдардын катарынан орун алды.

Ар кандай эл аралык уюмдун ийгилиги жана позициясы, аны түзгөн жетекчи мамлекеттин эл аралык саясаттагы ордуна жана салмагына байланыштуу болот. Жетекчи мамлекеттин эл аралык саясаттагы даражасы болсо, анын мабдаъий жана идеологиялык принциптеринен келип чыккан эл аралык аброюна байланыштуу. ШКУ уюмунун негиздөөчүлөрү жана жетекчилери болгон Кытай жана Россиянын экөөсүндө теӊ дүйнөлүк жетекчиликке негиз боло турган жогорудагы факторлордун бири да жок. Ошондуктан, бул сыяктуу уюмдар расмийчиликке жана майда иштер менен чектелүүгө мажбур болушат.

Тарыхта НАТОго каршы түзүлгөн “Варшава келишими” деген аталышта сегиз мамлекеттен турган уюм бар эле. Аларды мурдагы СССР мамлекети бириктирип, капиталисттик лагерге каршы социалистик принциптерге негизделген коммунисттик система менен белгилүү бир регионду алардан коргоп турат эле. СССР менен бирге коммунисттик система да кулады.“Варшава келишими” уюму да жок болду.

Россиянын азыркы абалы өтө начар. Анын таянышы мүмкүн болгон бирер идеологиясы да жок. Россия капиталисттик саясий система менен бара жатканын дааба кылганы менен, экономикасын социалистик принциптерден алган түшүнүксүз бир түзүм негизинде жүргүзүп жатат. Кудум мына ушул дайынсыз башкаруу системасы Россияны экономикалык кризиске кептеп койду.

Кытай болсо мунун тескериси. Ал коммунисттик системаны негиз кылып алганы менен экономикалык системасын дээрлик капиталисттик негизге куруп алган. Бул да өтө кооптуу система. Кытай да жакынкы келечекте өтө күчтүү экономикалык кризиске дуушар болот.

Бул эки мамлекеттин саясаттары кунаса адам сыяктуу болуп, дайынсыздыкты пайда кылды. Эми бул эки кубаттуу мамлекет эл аралык саясатта позицияларынын бир бөлүгүн болсо да сактап калуу үчүн жан үрөп аракет кылып жатышат. Алар жеӊилгендигин моюнга алышты. Эми өз өлкөлөрүн сактап калуу максатында ар түрдүү уюмдарды пайда кылып, исламий идеологиялык аракетти токтотуп калуу үчүн салмактуу үлүш кошуп жаткандай болуп көрүнүшүүдө. Себеби, куфр дүйнөсү учурдагы дүйнөлүк система жардамында биримдик жана пикирлештик менен исламий мабдаъий аракетке каршы бир тараптуу аракеттене алат.

Ошондуктан, бул сыяктуу ийгиликсиз уюмдар, “терроризм, экстремизм” сыяктуу проблемаларды гана көтөрүп алышып, бул проблемаларды жөнгө салуу үчүн бир нерселерди кылып жаткандай болуп көрүнүүүгө аракет кылышат. Түпклүгүндө, булар өздөрүнүн эл аралык саясатта эч кандай таасирге ээ эместигин жашырмакчы болуп жатышат. О.э. АКШ жүргүзүп  жаткан Ислам жана мусулмандарга каршы согушта катышуучу болуп көрүнүп жатышат. Россия Сириядагы карапайым калк жашаган аймактарды ушундай максатта бомбалап жатат.Ал эми кайсы жерди бомбалоо керектигин АКШ көрсөтүп берүүдө.

Россия менен Кытайдын позициясы жана экономикалык абалдары жакынкы келечекте көтөрүлбөйт. Тескерисинче төмөндөп бара берет. Демек, ШКУ сыяктуу аларга караштуу уюмдардын бардыгы кризиске учурайт. Ага мүчө болуп жаткан мамлекеттер да муну билишет. Бирок, расмийчилик жана өзгөрүп туруучу дүйнөдөн үмүттөнүү аларды бул уюмга мүчө болууга үндөйт. Алар бул уюмга мүчө болуу менен жетекчи мамлекеттин көӊүлүн бурмакчы болушат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here