Европа соту исламий кийими үчүн муслималарды дискриминация кылууга уруксат берүүдө

262
0

Европа соту исламий кийими үчүн муслималарды дискриминация кылууга уруксат берүүдө

2017-жылы 14-март күнү Европа соту кабыл алган токтомго ылайык, жумуш берүүчүлөр мындан ары жумушчулардын иште диний көрүнүштөгү кийимде жүрүүлөрүнө, алардын катарында, муслималардын исламий жоолук оронууларына тыюу салуу укугуна ээ болушту. Соттун билдирүүсүндө ар кандай компаниянын диний көрүнүштөгү кийимге тыюу салуу үчүн чыгарган ички мыйзамы түздөн-түз дискриминация эсептелбеши айтылган. Бул өкүм Франция жана Белгияда эки муслиманын жоолукту чечүүдөн баш тартышкандыктан жумуштан бошотулганы жөнүндөгү окуяга жооп катары чыгарылды. Европа соту ушул чет элдиктерди дискриминация кылган өкүм аркылуу илманийлик диний азчылыктын укугун коргоого жараксыз түзүм экенин дагы бир ирет далилдеди. Чынында, буга окшогон дискриминация жана диний чыдамсыздык илманий идеологиянын табиятында камтылган. Хижаб, никаб кийүү жана мечит мунаралары сыяктуу исламий итикаддарга бир нече илманий мамлекеттерде тыюу салынганы буга далил. Кезектеги Европа сотунун токтому, эгер Европадагы муслима аялдар Ислам өкүмдөрүнө ылайык кийинүүнү каалашса иштен бошотулат деген кабарды жолдоодо. Мындан муслима аялдарга зулум кылып, алардын коомдо активдүү роль ойноо укугун тартып алып жаткан Ислам эмес, тескерисинче, репрессиячыл илманий түзүм экени ачык-айкын көрүнүп турат. Бул түзүм аялдарды эки нерсенин бирин: диний ишенимди же жумушту тандоого мажбур кылууда.

Илманий өкмөттөрдүн жана мекемелердин адатына айланып калгандай, Европа соту да калкка мусулмандарга карата чыдамсыздык кылууга уруксат берүүдө. Түпкүлүгүндө, ал ушундай нерселерге каршы күрөшүүсү шарт эле. Бул болсо, илманий түзүмдө кооп-коркунучтар камтылганын, алдын ала бир нерсе деп болбошун, себеби, диний азчылык укугу бийлик жана соттогу чыдамсыз жетекчилердин ырайымына байланыштуу экенин, алар өздөрүнүн залим нафси-каалоолоруна ылайык, бул укуктарды четке кагышы мүмкүндүгүн көрсөтүп турат.

Муслима аялдарды өз исламий итикаддарынан баш тартууга жана илманий адамга айланууга мажбур кылып жаткан мындай илманий аракеттер Батыштагы күчтүү исламий көрүнүштөргө каршы күрөшүү үчүн Батыш өкмөттөрү жана мекемелери алып барып жаткан ийгиликсиз чаралардын кезектегиси. Албетте, бул сыяктуу диний исламий коидаларга тыюу салуулар жана дискриминация мыйзамдары чирип жаткан илманий түзүмдүн пикирий алсыздыгын ачыкка чыгарууда. Бул түзүм күчтүү далилди көрсөтүп, өзүнүн итикадына мусулмандарды ишендирүүдө ийгиликке жетпеди, ошондуктан, мына ушундай тыюуларга өтүүгө мажбур болууда. Европа сотунун ушул токтому Европа мамлекеттеринде жашаган муслималарга тамга жабыштыруудан башка нерсе эмес. Бул нерселер муслималарды жек көрүүгө негизделген кылмыштардын кеңири жайылышына салым кошууда. Ко-ош, кайсы түзүм диний азчылыкты дискриминация кылган жазаларга уруксат берет, аялдарды диний итикады себептүү коомдон бөлүп, алардын негизги диний укуктарын чет элдиктерге душманчыл калк каалоосуна ылайыкташтырууга урунат?! Мындай режимдин коомду башкара алышына кантип ишенүү мүмкүн?!

Буга карама-каршы түрдө, Аллахтын уруксаты менен, жакында тикелене турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкта кайрымусулмандардын акы-укуктары Шариъ Субханаху ва Таала нусустарда айткандай корголот, бир да инсаний акыл бөлүү жана дискриминация деген нерсени а түгүл ойлобойт, мусулмандар кандай укукка ээ болушса, кайрымусулмандар да ошондой укукка ээ болушат, аларга диний ибадат жана үрп-адаттарына амал кылууларына жол берилет, бул туурасында мамлекет тарабынан да, бирер мусулман тарабынан да басым өткөрүлбөшү камсыздалат. Себеби, Пайгамбарлык минжахы незигиндеги рошид Халифалык мамлекетине кайрымусулмандарды коргоп, аларга итикады себептүү бирер азар жеткирилишине жол бербөө мажбурияты жүктөлгөн. Ошондуктан, мына ушундай мамлекеттин адилеттүүлүгү жана адамгерчилиги себептүү кайрымусулмандар Аллахтын динине топ-топ болуп киришет. Ошондой болгон соң, «диний азчылык» деп жатышкан адам укуктары кайсы түзүмдө корголот экен, Аллахтын алдынан келген түзүмдөбү же инсан өзү ойлоп тапкан түзүмдөбү? Кайсы түзүм адамзатты башкарууда акыйкатты жана адилетти жүзөгө чыгарган экен? Шек-күмөнсүз, ал бир гана ааламдар Роббисинин түзүмү.

Бүгүнкү оор заманда биз Европада жана Батыш мамлекеттеринде жашап жаткан эже-сиңдилерибизди исламий кийимге амал кылууда, башка исламий фарздарды аткарууда бекем турууга жана мунун акысына бериле турган сыйлыктарды көздөөгө чакырабыз. Бул сыйлыктарды элестетип болбойт жана бул сыйлыктар дининде бекем турган муслималарды бейиште ынтызар күтүп турат.

Д. Насрин Наваз

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук матбуат бөлүмүнүн аялдар жаатынын мүдүрү

 

телефон-факс: 00961 1 30 75 94

уюлдук телефон: 00961 71 72 40 43

электрондук почта: ws-cmo@hizb-ut-tahrir.info

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here