Халифалык жана таалим: алтын кылымды кайтаруу

374
0

Хизб-ут-Тахрир Борбордук басма сөз бөлүмүнүн аялдар жааты Индонезиядагы хизбия аялдар менен биргеликте «Халифалык жана таалим: алтын кылымды кайтаруу» деген аталышта маанилүү эл аралык конференцияны ийгиликтүү өткөрдү

2017-жылы 11-март күнү Хизб-ут-Тахрир Борбордук басма сөз бөлүмүнүн аялдар жааты Индонезиядагы хизбия аялдар менен биргеликте Индонезия борбору Жакартада «Халифалык жана таалим: алтын кылымды кайтаруу» деген аталышта маанилүү эл аралык конференцияны өткөрдү. Исламий дүйнөгө өзүнүн терс таасирин тийгизип келе жаткан кооптуу таалим саясатынын кризисин чечүү жана анын себептерин ачыктоо максатында уюштурулган бул конференцияга бир нече мамлекеттерден келген 1700ге жакын таасирдүү муслималар катышышты. Конференцияда таалим тармагындагы мугалимдер, мүдүрлөр, журналисттер, академиктер, изилдөөчүлөр, университет студенттери, студент активисттер жана бир нече уюмдардын өкүлдөрү катышты. Индонезия, Палестина, Түркия, Тунис, Фарс Булуңу мамлекеттери, Малайзия, Бириккен Королдук, Голландия жана Британиядагы Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү сөзгө чыгышты. Конференция өтө кызуу чөйрөдө өттү, айрыкча, катышуучулар чакырып, бүгүн, илманий түзүмдүн доорунда бүткүл исламий дүйнөдөгү таалим жаатында пайда болгон проблемаларды толук чече турган, региондо биринчи даражадагы таалим системасын түзүүгө кудуреттүү болгон Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тезинен тикелөө үчүн аракет кылууга чакырышты. Сөзгө чыккандар кайрымусулман мамлекеттери таалим аркылуу мусулман перзенттерин илманийлештирүү жана исламий шахсияларын ойрон кылуу үчүн алып барып жаткан аракеттерден мусулман перзенттерин коргоо зарылдыгын баса белгилешти. Бүткүл дүйнөгө түздөн-түз эфирге берилип турган бул чоң иш-чарага таалим тармагында жогору кадырланган аялдар катышып, иш-чарада айтылган пикирлерди колдоп-кубатташты. Ушул иш-чарада маалымат каражаттары катышкан басма сөз конференциясы да болуп өттү.

Конференцияда айтылган баяндарга ылайык, исламий өлкөлөрдөгү таалим системасына карата илманий капиталисттик көз караш ушундай бир таалим системасын калыптандырган, анда окуучулар исламий шахсиялары бекем, турмуштук жөндөмдөрү жетик, каалоолору билимге багытталып, ушул аркылуу коом муктаждыктарына кызмат кыла турган таризде тарбияланбай, тескерисинче, ийгиликти эмгек базарындагы кыйматына карап өлчөгөн адамдар даярдалууда. Таълим тармагында өтө жаман тартип орнотулганын жана ага абдан аз каражат бөлүнүп жатканын айтпаса да болот. Мындан тышкары, колонизатордук негиздеринен алынган таалим программасы зордоп тыгыштырылган, мындан биздин келечектеги исламий муунубузду кул кылып, Батыштын бузук сакафатына көз каранды кылуу көздөлгөн. Айта кетчүү нерсе, таалим кризисинин негизи – ушул таълим программасы. Сөзгө чыккандар жогору даражалуу таалим системасын жаратуу үчүн жогору даражадагы саясий системага т.а. Исламга таянган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкка муктаж экенибизди баян кылышты. Муну менен конференция Халифалык мамлекетиндеги таалим саясатын ортого салды. Бул саясат Хизб-ут-Тахрирдин «Халифалык мамлекетинде манхажий таалим негиздери» сыяктуу түрдүү басылмаларында көрсөтүлгөнү айтылды.

О.э. конференцияда Халифалык мамлекети таалим тармагында жетик исламий шахсияларды, дин жана илимде билимдүү окуучуларды өстүрүп чыгара турган назарияны кабыл алышы баса белгиленди. Мына ушул нерсе таалим жана илим тармагында сан-санаксыз окумуштуулардын өсүп чыгышына алып келет. Натыйжада, өнөр жай, айыл чарба, экономика, армия, илим, технология сыяктуу түрдүү тармактар менен таалим системасы ортосунда бекем алака пайда болот, муну ишке ашыруу үчүн Үммөттүн жогору деңгээлдеги акылдары жана жөндөмдөрү сафарбар кылынат. Бул өз кезегинде, Ислам мамлекети өзүн-өзү камсыздашын кепилдейт, өнүгүүдө башка калктарга таянуудан көз карандысыз кылат, исламий өлкөлөрдөн мусулман акылдардын чыгып кетишине чекит коёт. Мындан тышкары, мамлекет ар бир жаранын мыкты таалим менен камсыздоону өзүнүн исламий вазыйфасы деп билет, дүйнөгө исламий система менен жетекчилик кылууга умтулуу менен бирге, биринчи кезекте таалим тармагына үлкөн каражат бөлөт.

Сөзгө чыккандар Халифалык мамлекети аялдардын таалим маселесинде дүйнөгө жетекчиик кылышын, илимге чаңкоо, жаратман акылдардын пайда болушуна алып келүүчү ыкмалардан пайдаланышын баса белгилешти. Халифалык мамлекети мындай исламий таалим системасы аркылуу дүйнөдөгү таалим борбору болгон ордун кайра колго алат. Натыйжада, изилдөөдө, жаңылык жаратууда жана илимий ачылыштарда алтын маданият курулат.

Конференцияда исламий шахсияларды даярдоодо жана балдар айлана чөйрө менен мамиледе болууда мектепке чейинки таалимдин орду канчалык маанилүү экени да такууланды. О.э. таалим, ижтихад, динди түшүнүү жана Исламдын улуулугун кайтаруу менен араб тили ортосундагы бекем алака баян кылынды.

Конференциянын соңку сөзүндө, бүгүн, Ислам мамлекети жок убакта дин туш болуп жаткан проблемаларга каршы турууда күчтүү исламий шахсия менен куралданган мусулман жаштарды даярдоо үчүн исламий таалим түзүү иши баян кылынды.

Конференциядан мурда 2017-жылы 10-март күнү ажайып көргөзмө уюштурулду. Анда Индонезиянын түрдүү бурчунан  2500 аял, алардын катарында Жакарта жана анын айланасындагы беш шаардагы мектеп окуучу кыздары катышты.

О.э. конференция жана ортого салынган маселелер жөнүндө видео тасмалар даярдалып, бүгүн исламий таалим системасын жаратуу жана батышча таалим программасынын ийгиликсиздиги жөнүндө талкуулар орун алган.

Таалим, Ислам жана Халифалык маселелерин камтыган ушул эл аралык конференция, көргөзмө жана андан мурдагы башка кампаниялар үч аптага созулду. Аллахка мактоолор болсун, бул иш-чаралар мусулмандар жана дүйнө үчүн пайдалуу таалим үлгүсүн түзүүгө тиешелүү үлкөн талкууларга өз салымын кошту.

Конференция жана көргөзмөдөгү баяндар, сүрөттөр жана видео тасмалар менен таанышуу үчүн ушул даректерге кайрылышыңар мүмкүн:

https://www.hizb-tahrir.info/ar/index.php/dawahnews/cmo/41863.html

www.facebook.com/WomenandShariahA

الَر كِتَابٌ أَنزَلْنَاهُ إِلَيْكَ لِتُخْرِجَ النَّاسَ مِنَ الظُّلُمَاتِ إِلَى النُّورِ بِإِذْنِ رَبِّهِمْ إِلَى صِرَاطِ الْعَزِيزِ الْحَمِيدِ

«Алиф, Лам, Ро. Биз сага адамдар Роббинин изни менен караңгылыктардан нурга — кудурет жана алкоо, мактоо ээси болгон Заттын жолуна — алып чыгышың үчүн түшүргөн Китеп» [14:1]

Д. Насрин Наваз

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук матбуат бөлүмүнүн аялдар жаатынын мүдүрү

 

телефон-факс: 00961 1 30 75 94

уюлдук телефон: 00961 71 72 40 43

электрондук почта: ws-cmo@hizb-ut-tahrir.info

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here