Өзбекстан менен Кыргызстан бардык тармактарда кызматташтыкты өнүктүрөт

232
0

Өзбекстан менен Кыргызстан бардык тармактарда кызматташтыкты өнүктүрөт

 Өзбекстан Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, 13-14 март күндөрү Ташкентте Өзбекстан-Кыргызстан министрликтер аралык саясий кеңешүүлөрдүн кезектеги раунду болуп өттү.

Кыргызстан делегациясына КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова башчылык кылды.

Жолугушууда эки тарап күн тартибинин саясий, соода-экономикалык, транспорт-коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы маанилүү маселелер о.э. эл аралык жана аймактык проблемалар боюнча пикир алмашты.

О.э. 24-декабрда Самарканд шаарында болуп өткөн жогорку деңгээлдеги жолугушуу, андан соң Өзбекстан менен Кыргызстандын чектеш облустарынын башчылары, коомчулук өкүлдөрү катышуусундагы делегациялардын сапарлары, бизнес чөйрөлөр ортосундагы алкалар, мамлекеттер аралык чегараларды демаркациялоо жаатында уланып жаткан сүйлөшүүлөр Өзбекстан-Кыргызстан алакаларынын жаңы динамикасын көрсөтүп тургандыгы айтылды.

Тараптар өз ара кызыкчылыктуу болгон бардык тармактарда алакаларды өнүктүрүүгө, ошону менен бир катарда Өзбекстан жана Кыргызстандын чектеш аймактары ортосундагы кызматташтыкты дагы да тереңдетүү жана кеңейтүүгө  кызыкдар экендиги айтылды.

Кеңешүүлөрдүн алкагында консулдук маселелери жана маалымат тармагында кызматташуу боюнча жумушчу топтордун жолугушуулары да өткөрүлдү.

Туркистон:

2016-жылдын экинчи жарымында да бул комиссия иш алып барды. Ошондо да чегараны ачып жиберүү маселеси эң алдыңкы орунда эле. Бирок, жылдын аягына келип, кызматташтыкта иштелип чыккан дээрлик бардык долбоорлор токтоп калды.

Өзбекстан бул долбоорду ишке ашырууда чечүүчү жана жетекчи орунду ээлейт. Өткөн жылдагы кызматташтык келишимдерин да Өзбекстан бир тараптуу көрүнүштө белгисиз мөөнөткө калтырып койду. Ал тургай, Кыргызстанга келе жаткан өзбек ишкерлерин чегарадан артка кайтарып, алардын орудна маданият кызматкерлерин комиссия катары алып кирди. Өзүн сыйлаган мамлекет бул акаарат жана теңсинбестикке тийиштүү деңгээлде жооп бериши керек эле. Бирок, Кыргызстан бийлиги муну түшүнө албады.

Өзбекстандагы жетекчи топтун арасында ички шайкештик жоголду. Т.а. Каримов кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берген коопсуздук түзүмү менен, азыркы президенттин командасы ортосунда жарака пайда болуп, бул жарака күндөн-күнгө кеңейип барууда. Мирзияев тобу экономикалык реформа кылуу демилгеси менен чыгып, ишкерлерди эски режимдин таасиринен чыгаруу менен жаңыча иштөө принциби негизинде көзөмөлгө алмакчы болууда. Бирок, Каримов  режими мамлекетти көптөгөн жылдар бою коопсуздук түзүмү аркылуу башкарып келди. Бул болсо, коопсуздук түзүмүн мамлекетти саясий басым астында кармап туруучу машинага айландырып койду. Каримов өлдү, бирок коопсуздук машинасы дагы деле иштеп жатат. Мирзияев болсо, бул машинаны башкара албастыгын түшүнүп жетип, машинанын механизмин өзгөртүү менен өзүнө моюн суна турган жаңы механизм пайда кылмакчы болууда. Бул бөлүнүү режимди кризиске алып барат, инша Аллах.

Кыргызстан бийлиги саясий кырдаалга туура баа бере албайт. Ар дайым Өзбекстан менен кызматташтык маселеси көтөрүлгөндө алардын бардык шарттарын аткарып жатат. Өзбекстан болсо, алгач коопсуздук түзүмүн алып кирет. Кыргызстанга диний мухитке каршы күрөшүү талабын күчөтөт. Кыргызстан бийлиги болсо, өз мамлекетинин кызыкчылыктарына тескери келишин эсепке албастан, алардын бардык шарттарын аткара баштайт. Өзбекстан коопсуздук кызматынын тыңчыларына дарбазаны кеңири ачып берет.

Саясий кырдаал болсо, Мирзияев менен Инаятов ортосундагы келишпестик бир тарап болгонго чейин чечилиши мүмкүн эмес. Кыргызстан үмүттөнүп жаткан экономикалык кызматташтык ишке ашырылышы үчүн, алгач Өзбекстан президенти жүргүзүп жаткан ички реформасында жеңип чыгышы керек. Бул болсо, азырынча ишке ашуу мүмкүн болбогон иш болуп турат.

 Ошондуктан, Кыргызстан бийлигине шашылбастыкты насаат кылар элек. Кыргыз-өзбек кызматташтыгында Кыргызстандын таасири өтө эле алсыз. Экономикалык кызматташтык долбоорлордун ишке ашуусу дээрлик өзбек тараптын аракетине байланыштуу. Ушундай болгон соң, алардын ыпылас шарттарына ыраазы болуудан мурда, өзбек режиминин ички келишпестиктери бир жаңсыл болушун күзөтүп туруу максатка ылайыктуу.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here