Жол кырсыгына себепкер болгон россиялык дипломат Кыргызстандан чыгып кетти

223
0

Жол кырсыгына себепкер болгон россиялык дипломат Кыргызстандан чыгып кетти

Россия элчилигинин биринчи катчысы Виктор Пухов Кыргызстандан чыгып кетти. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалымат катчысы Дарья Пахомова билдирди.

Мындан бир аз убакыт мурда, Пуховдун катышуусунда адам өлүмүнө себепкер болгон жол кырсыгы катталган эле. Дарья Пахомованын айтымында, Виктор Пухов Россияга дипломатиялык өкүлчүлүктүн тапшырмасы менен жөнөп кеткен.

Ал качан кайтып келиши туурасындагы суроого элчиликтен жооп бере алышпады.

Андан тышкары, элчиликтин маалымат катчысы жол кырсыгына себепкер болгон Toyota Land Cruiser Prado унаасы элчиликке таандык кызматтык унаа экендигин, рулда Виктор Пухов болгондугун тастыктаган.

Жол кырсыгы 16-февралда Бишкек шаарындагы Васильев менен Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде жүз берген. Ошондо Пуховдун унаасы кызыл жарык күйүп турганына карабастан өтүп барып, жүк ташуучу Mercedes Sprinter унаасын сүзүп алган. Бул жол кырсыгынын натыйжасында Mercedes Sprinter унаасынын айдоочусу каза болгон.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here