Эл аралык майданда Трамптын жүргүзүп жаткан саясатынын кээ бир жагдайлары

262
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Суроо-жооб

Эл аралык майданда Трамптын жүргүзүп жаткан саясатынын кээ бир жагдайлары

Суроо: Американын мурунку администрациясы Сирия жаатында – Халабды кулоосу жакындап калган Сирия режимине тапшырып бердирүү планын ишке  ашыруу аркылуу – маанилүү жетишкендиги менен өз мөөнөтүн аяктады. Обама администрациясынын акыркы мөөнөттөрүндө Сирия жаатында пландуу иш алып баруусу өз «мөмөсүн» берди. Сирия жаатында бул жемиштүү «мөмөгө» негизделүү менен жаңы президент Трамптын саясаты кандай өңүттө уланат? Трамптын эл аралык саясатта Орусия-Кытай-ЕБ, айрыкча, Британия менен болгон саясатында кандай жагдайларды күтүүгө болот? Кийин Трамптын Ислам жана мусулмандарга карата зордукчул саясатын эскалация кылуусун (курчутуусун) кандай түшүнсөк болот?  Аллах ыраазы болсун.

Жооб: Трамптын президентикке келгенине эч канча убакыт өтө электиги себебтүү анын алып бара турган саясатынын майда-бараты анык боло электигине карабастан о.э. Трамптын шайлоо кампаниясы учурунда берген билдирүүлөрүнүн да толук аткарылып кетиши бүдөмүк болуп жатканына карабастан, анын бийликке келгенден кийинки билдирүүлөрү жана иштери белгилүү бир багытты түшүндүрөт. Америка саясаты Америка президенттери тарабынан белгиленбейт, алар белгиленген саясатты аткаруудагы ыкмаларда гана айырмаланышат. Ошондуктан, Америка саясаты Америкадагы башкаруу институттары тарабынан белгиленерин эске алуу менен, суроолорго төмөндөгүдөй жооб беребиз.

Биринчиден: Трамптын Сирия жаатында Обама админстрациясы акыркы мөөнөттөрүндө жетишкен «жемиштүү мөмөгө» негизделип иш алып баруу саясатына келсек:

  • Ооба, Обама админстрациясынын акыркы учурлардагы Сирия жаатындагы планы «мөмөсүн» берди. Буга Түркиянын Сириядагы куралдуу жамааттарга басым өткөрүүсү аркылуу жетишти. Түркия Сириядагы козголоңдон жылдар өтүшү менен Сирия оппозициясы жаатында иш тизгинине ээ болуп калды. Бирок, Вашингтондун бул иш тизгининен пайдалануусуна көптөгөн себебтер тоскоолдук кылды. 2016-жылы1-апрелде Америка президенти Түркия президенти менен жолугушкандан кийин, Түркия Американын талаптарына макул болду. Түркия Сирия кризиси жаатындагы позициясында бурулуш жасап, Европага артын салды. Орусия менен элдешүүгө барды. Ушул негизде 2016-жылы 24-августта Сирияда «Ефрат калканы» аталышындагы аскерий амалияттарды баштады. Биринчи кезекте Түркияга ыктаган Сириядагы оппозоциялык куралдуу жамааттарды Түркияга тартуу иш чарасы алып барылды. Мындан максаты, Сириядагы куралдуу жамааттарды Халабда ж.б. жерлерде Башардын армиясы менен согушуудан алыстатуу болгон. Андан кийин Түркия бул куралдуу жамааттарга басым өткөрдү, анткени, бул жамааттар Түркия колдоосунун акысын кайтаруу зарыл деп, аны өздөрүнө ваажиб катары санай башташты. Кийин бул куралдуу жамааттар Түркиянын бул басымына жооб берип, Халабды Сирия режимине тапшырышты жана андан 2016-жылы 14-декабарда чыгып кетишти. 2016-жылы 29-декабарда Орусия президенти Путин жарыялган ок атышууну токтотуу келишимине кол койдуруу үчүн, Орусия-Түркия жана Сирия куралдуу жамааттарынын ортосундагы Анкара сүйлөшүүлөрүндө, Түркия бул жаамааттарга басымын токтотпостон улантып турду. Кийин 2017-жылдын 23-январында Астана сүйлөшүүлөрү болору жарыяланды.
  • Ушул амалияттардан ачык көрүнүп тургандай, Американын Сирия жаатындагы планы өз түшүмүн бере баштады. Сирия козголоңу башталгандан бери сүйлөшүүлөргө тоскоолдук кылып келе жаткан Сириядагы куралдуу жамааттарга кирип баруучу ачкыч иш жүзүндө Эрдогандын колуна топтолгондон кийин гана, Америка аларга кирип баруу мүмкүнчүлүгүн тапты. Америка кызыкчылыгын ишке ашырып берүүдө Туркия толук ыкласы менен иш кылды. Америка кызыкчылыгын ишке ашыруу максатында, Туркия Сириядагы куралдуу жамааттарга карата эскалация кылуу саясатын алып барды. Сириядагы куралдуу жамааттарга карата өз позициясында бурулуш жасады. Биринчи колдоп-кубатоочу, кийин ортомчу, кийин басым өткөрүүчү позицияларын карманса, андан кийин жардамсыз таштап койуу позициясын карманды. Түркиянын куралдуу жамааттарга карата өз позициясында бурулуш жасоосу Астана сүйлөшүүлөрүнө тартууга чейин жетип барды. Түркия Америкага кызмат кылып, бул ролун Трамптын президентик шайлоодо жеңиши жарыялангандан кийин да улантты. Ошондуктан, Трамп иш жүзүндө бийликке келгенден кийин да Түркиянын бул ролунда өзгөрүүлөр болушу күтүлбөйт.
  • Трамп админстрациясы Сирия оппозициясынын куралдуу жамааттары жаатында Обама админстрациясы эккен эгиндин түшүмүн жыйнай баштады. Тактап айтканда, Сириядагы куралдуу жамааттарга көзөмөл кылуу о.э. согуш жана тычтык ачкычтары Түркиянын колунда экенине Америка кадыржам. Ошондой эле, Америка «террористтер» деп сүйлөшүүлөргө катыштырбай койгон жамааттар менен Астана сүйлөшүүлөрүнө катышкан жамааттар ортосунда кагылышуулар жүз беришинен да кадыржам. Бул нерсе Америка каалап жаткан иштерден. Америка бул кагылышуулар аркылуу Сирия режимине каршы турган күчтү алсыратып, Сирия режиминин алга жылышын жеңилдетүүнү көздөгөн. Айрыкча, 2017-жылы 23-январдагы Астана сүйлөшүүлөрүнөн кийин Түркия мурда өзү терорист деп атабаган кээ бир жамааттарды эми «террорист» деп атай баштады. Кийин террорист деп сыпатталган жамааттар менен террорист деп сыпатталбаган жамааттар ортосунда кагылышуулар жүз берди! «Reuters» агентиги 10.26. Америка ТИМинин булагына таянып мындай маалымат таратты: «Түркия Астана сүйлөшүүлөрүнөн кийин «Фатхуш-Шам», «Ан-Нусра» жамааттарын террористик жамааттар деп сыфаттай баштады. Буга чейин Түркия бул жамааттарды минтип атаган эмес. Кийин терорист деп аталган жамааттар менен террорист деп аталбаган жамааттар ортосунда кагылышуулар жүз берди. Мына ушул көрүнүш Түркиянын кылган кызматы аркылуу Америка «түшүмдү» жыйнап жатканына далаалат кылат!

Экинчиден: Трамптын Орусия жаатында кыла турган саясаты: Бул саясат жумшак сөз аркылуу азгыруу алкагында болду, бирок иш жүзүндө Орусияга карата кысым кылуу саясаты менен коштолду. Орусия Америка кызыкчылыгын ишке ашырып жатат. Обама парда артында туруп, иш тизгинин Орусияга бербеди, Орусияга тапшырган иштерде Орусия Американын артынан жүрдү. Трамп болсо Обама алып барган иштердеги максаттан эч нерсени өзгөртпөйт. Тактап айтканда, Америка кызыкчылыгын ишке ашыруу жаатында. Болгону, ыкмаларда гана Обама алып баргандан башкача иш алып барышы мүмкүн. Ошондуктан, Орусия Трамп тараптан жылуу сөз уккандыгы үчүн ага дагы да жакындашмакчы. Ошол эле убакта, Трамптын Кытай жаатында алып барган саясатында, Орусия өзүнөн талап кылына турган иштердин оор кысымын сезип жатат.  Тактап айтканда, Трамп Сирия сүйлөшүүлөрүндө Орусиянын мартабасын Түркия деңгээлине түшүрүү менен эле чектелип калбайт. Мында ал Америка-Орусия сүйлөшүүсүн Түркия-Орусия сүйлөшүүсү деңгээлине түшүргөн эле. Эми Трамп Орусия жетекчилигин титирете турган позицияларды ишке салат. Ал позициянын кээ бир бөлүктөрү ишке салына баштады:

  • Трамп шайлоо кампаниясы учурунда Орусияга карата жылуу сөздөрүн айтты. Орусия Трамп бийликке келгенден кийин Астана сүйлөшүүлөрүнө Американын жогорку жооптууларын жиберет деп ойлоду. Орусия Трамптын мансабына келишин чыдамсыздык менен күттү. Анткени, Трамп мансабына келсе, Америка ТИМи Астана сүйлөшүүлөрүнө келет деп күткөн эле. Ошондуктан, Орусия Астана конференциясы Трамптын колдоосу аркылуу Сирия оппозициясы менен Башардын ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн башталышы болуп калуусун караштырып жаткан. Буга далаалат кылган нерсе 2016.12.30. «Би-Би-Си»нин берген маалыматында: «Орусия ТИМи Лавров Казахстандын борбору Астанада Сирия кризисинин чечимин табуу үчүн боло турган турган жыйналышка Орусия Тышкы иштер мининистирлиги даярдык көрүп жаткандыгын билдирди», – деди.  Бул саясий сокурлуктун натыйжасы. Трамп Орусияны колдойт деп андан колдоо күтүү – саясий сокурлук! Мына ушундайча Орусия Вашингтонго Астана конференциясына келүүгө чакырык жолдоду. Орусия Астана конференциясына Америкадан жогорку даражадагы жооптуулардын келишин күткөн эле. Трамп Астана сүйлөшүүлөрүнө Американын Казахстандагы элчисин байкоочу катары жөнөтүп койду, бул Орусияны бетке чапкандай эле болду! Мына ушундайча  01.23. – 2017.01.24. Астана сүйлөшүүсү ок атышууну токтотуу тууралуу эч бир натыйжага жетишпестен аяктады. Балким, Барада өрөөнүндө ок атышуу күчөдү! Ошондуктан, Астана сүйлөшүүлөрү Орусия каалгандай деңгээлден бир кыйла төмөн деңгээлде, эч бир саясий чечимге жетишилбестен өттү. Астана сүйлөшүүсү ок атышууну токтотуу тууралуу сөз козгоо менен гана аяктады.
  • Кийин Россия экинчи жолу бетке чабылды. Ал биринчисине караганда күчтүүрөөк болду. Америка президенти Трамп «Сирияда коопсуз аймак түзө тургандыгын» жарыялады. («Reuters», 2017.01.26.). Трамптын бул саясаты Орусия менен кеңешилбестен жарыя кылынды. Кремль Америка президенти Трамптын бул билдирүүсүнө жооп кайтарды, Москва менен Ак үйдүн ортосунда сүйлөшүлбөстөн ишке салынып жаткан Американын бул кадамы «кесепеттерге алып келиши» ыхтымалдыгы бар экендигин айтып аны караштырууга чакырды. Дмитрий Песков Америка менен Орусиянын ортосунда Сирияда коопсуз аймак түзүү боюнча мурдатан сүйлөшүүлөр болду беле деген суроого минтип жооб берди: «Жок, биздин шеригибиз Америка биз менен бул боюнча кеңешпеди. Бул алардын эгемен чечими. Маанилүүсү, бул кадам качкындардын абалына залакасын тийгизбеши керек. Ошондуктан, кесепеттерге алып келе турган жагдайларды караштырып чыгуу керек». («CNN арабия», 2017.01.26.). Америка бул саясатына карата Орусиянын таасирдүү жооп кайтара албагына кадыржам. Анткени, Америка Орусияны Сирия сазына биротоло батырып салган. Анын Сирия баткагынан чыгып кетиши өтө эле оор. Балким Сириядан чыгып кетүү Кремлдегилердин түшүнө да кирбейт. Ошондуктан, Орусия Сириядан чыгып кетүүдө Америкага мухтаж!
  • Орусиянын Сириядагы ролунун жемириле башташы. Американын Сирия жаатындагы саясаты, мисалы, Сирияда коопсуз аймак түзүү чечими Орусиянын Сириядагы ролу жемирилишине алып барат. Орусиянын Сирия кризисине аралашуусу аркылуу жеткен «улуулугуна» да коркунуч жаратат. Трамптын Сирия жаатында Орусияга карата алып барган саясатынын биринча кадамы – Трамп Орусиянын Сириядагы ролун чектеп, андан ИГИЛге каршы күрөшүүнү гана талап кылышы болду. Мейли, АКШ Орусияга роль берген күндө да, Америка планынын алкагында жүрө турган болор-болбос роль берет. Ошол эле учурда, Америка демилге тизгинин түздөн-түз өз колуна алууда. Тактап айтканда, Орусия артында туруп саясат кылбастан, эми түздөн-түз өзү алып барат. Буга кээ бир маалыматтар далаалат кылды. 2017.01.27. «Россия сегодня» хабар агенттиги «Нью Йорк таймс» гезитиндеги маалыматты басып чыкты. Анда мындай деп келген: «Америка президенти Трамп келерки үч ай аралыгында Сирияда ИГИЛге каршы кең көлөмдөгү согуш планын даярдоону Пентогондон талап кылары белгиленген. Ошондой эле, дагы бир «Сирияда коопсуз аймак» түзүү тууралуу планын да талап кылары  белгиленген». Газета буларга дагы токтолгон: «Трамптын админстрациясындагы жооптуулар Трамп Сирия жаатындагы планды иштеп чыгууну Коргоо министрине тапшырарын билдиришкен. Бул планга ылайык, Ракка шаарында ИГИЛдин турумдарына сокку уруш үчүн Америка артиллериясы жана согуштук вертолеттору тартылары белгиленген. Трамп 30 күн аралыгында жаңы планды сунуш кылууларын Пентогондон талап кыларын Трамптын админстрациясынын жооптуулары билдирди… » Газета ишаара кылган ишке салынышы ыхтымал болгон амалияттар: «Американын өзгөчө багыттагы күчтөрүн кеңири колдонуу. Ирак жана Сирияда Америка аскерийлеринин санын көбөйтүү. Ошондой эле, токтомдорду тезирээк кабыл алуулары үчүн Пентагон менен талаа командирлерине кошумча ыйгарым укуктарды берүү». Американын бул саясаты Орусиянын Сириядагы ролун кыскартат. Америка менен Орусиянын Сирия жаатындагы эл аралык жаңы келишими бир нече пункттардын негизинде болот. Анын абалкысы, Украина жана Кытай жаатында Орусия Американын кызыкчылыгын ишке ашырып берүүсү. Американын Орусияга карата мындай турумун Трамптын Орусияга салынган санкцияларды алып таштоого шашылбаганы далилдеп турат. «Америка президенти Трамп  мындай  деди: «Орусияга салынган санкцияларды алып таштоо тууралуу сөз козгоого али эрте». («Ал-жазиира нет», 2017.01.28.). Америка Орусия менен алакасын жакшыртууга шашылбаганы да ушуну түшүндүрүп турат. «Трамп Америка жана Орусия, Кытай алакаларын жакшыртуу бир тараптан жакшы кадам болорун баса белгиледи. Бирок АКШнын жаңы президенти Трамп мындай болушу ( тактап айтканда, алакалардын жакшырып кетүүсү) ыхтымалы жок экендигине да токтолуп, Америка менен Орусиянын ортосундагы алака «жакшы» же «жаман» өңүттө уланарын биле албастыгы, же такыр эле алака болбой калышы менен түшүндүрдү». («Россия сегодня»,01.27.).

Үчүнчүдөн: Трамптын Европа, айрыкча, Британияга карата алып бара турган саясатында күтүлө турган жагдайлар:

  • Трамп Американын ЕБди чачыратып жиберүү оюн ишке ашыруу иримине кирди. Бул жаатта эч кандай дипломатияга көңүл бурбастан, ачыктан ачык айта баштады. Трамп шайлоодо жеңишке жетише электен мурда Британиянын ЕБден чыкканын колдоп, мактоого алды. ЕБдеги башка өлкөлөрдү Британиядан үлгү алууга, Брюсселден баш тартууга чакырды. Америка мурда ЕБди чачыратууга тымызын аракет кылып келсе, эми бул жолку Трамптын жаңы саясатында эч кандай дипломатиясы жок эле, ачыктан-ачык бөлүнүп кетишине чакырык салды. Франция президенти Олланд 2017.01.27. Америка президенти Трампты ЕБдин каршысында турган бирден бир көйгөй деп сыфаттады. «Олланд ЕБ жана Жер ортолук деңизи өлкөлөрү ортосунда болуп өткөн саммитте мындай деди: «АКШ президентинин ЕБ тууралуу сүйлөгөн сөзүнө, айрыкча «Brexit» (Британиянын ЕБден чыгуусу) башка ЕБ өлкөлөрү үчүн үлгү экендиги тууралуу сүйлөгөн сөзүнө карата биздин жооб берүүбүз өтө зарыл деп билем». («Россия сегодня»,01.28.).
  • «АКШ президенти Трамп Британия өкмөт башчысы Тереза Мейди кабыл алуусунда Америка менен Британия ортосундагы «өзгөчө алаканы» мактоого алды жана Британияны «Британия эркин, эгемен аалам үчүн бир белек» деп сыфаттады». («Ал-жазиира нет», 2017.01.28.). Мындан мурда «Көз карандысыз Британия» партиясынын төрагасы Нейжел Вараж Ак үйдүн алдынан Обама алдырып салган Черчиллдин эстелигин кайрадан койдурарын убада кылган. Иш жүзүндө аны койдурду. Нейжел Вараж Трамп президенттик жарышта жеңишке жетишкенден кийин, аны менен жоолугушкан биринчи чет элдик чиновник болуп калды.

Трамп Тереза Мей менен бирге берген пресс-конференцияда, Американын Британияга карата колдоп-кубаттоосун тастыктап мындай деди: «Тынчтык жана адилеттүүлүктү камсыз кылууда Америка менен Британия ортосундагы өзгөчө алака тарыхтагы бирден бир эң ири күч-кубат. Бүгүнкү күндө аскерий, саясий, маданий жана каржылык тараптан болобу, айырмасы жок, Америка Британия менен терең, бекем алакаларды жаңылайт. Биз бул өзгөчө алаканы дайыма колдоп-кубаттоого алууга убадалаштык». («Би-Би-СИ», 2017.01.28.).

  • Британиянын Брюсселге карата жана Трамптын бийликке келүүсүнөн кийинки жаңы саясаты – ал 2016.06.23. референдум аркылуу ЕБден чыккандан кийин ага каршы ЕБ тараптан келе турган жаңы соккуларга өзүн даярдап жатат. Ошондуктан, ал эл аралык майданда Британия саясатын жандантуу максатында болгон күч-аракетин жумшоодо. 2016.11.18. Трамптын жеңишке жетиши жана анын саясий тажрыйбасы аздыгы, өзгөртүүлөр тууралуу берген убадалары – буларды Британия өзү үчүн ыңгайлуу бир учур деп тапты. Британия өкмөт башчысы Тереза Мейдин 2017.01.27. Америка президенти Трамп менен жолугушкан биринчи чет элдик мамбашы экендиги Британиянын бул турумун тастыктап турат. Британия, айрыкча Орусия жаатында Америкага демилгени өз колуна алууну жана Сирия жаатында ИГИЛге каршы биргеликте согушуу келишимин сунуштап, насаат кылып жатат. Тактап айтканда, кайрадан Британияны эл аралык майданда Америкага жанма-жан койчу позицияны алга сүрөп жатат.
  • Британиянын жаңы багыт алуусу, Трамп админстрациясы менен жакындашуусу Американы өз кызыкчылыгын ишке ашырууга түрттү. Британиянын ЕБден чыккандыгын ЕБдеги башка өлкөлөргө үлгү кылып көргөзүү аркылуу өз кызыкчылыгын ( ЕБди чачыратып жиберүүнү) иш жүзүнө ашырууну көздөдү. Ошондуктан, Америка бул багытка карай, эгер Британия ЕБди бөлүп жиберүүдөгү чекит боло алса, ага сыйлык катары эл аралык майданда роль жаратып бермекчи болду. Ошондой эле, Америка менен Британия ортосунда ЕБдеги башка өлкөлөрдүн шилекейин агыза турган маанилүү соода келишимдерине кол койуу жараянын баштады. Муну Америка менен Британия ортосундагы өз ара жакындашуулардан күзөтүүгө болот. «Трамп Британиянын ЕБден чыккандыгын дагы бир жолу колдоп-кубаттады. Ал арада Тереза Мей «Brexit»тин Британияга таасирин азайтуу максатында, Америка-Британия соода келишимин тездетип, ага өз салымын кошуп калууга үмүткөр экендигин билдирди». («Ал-жазиира нет»,01.28.).

Төртүнчүдөн: Трамптын Ислам жана мусулмандарга карата зордукчул саясатын эскалация кылуусуна келсек:

  • Ислам жана мусулмандарга карата кылынган чабуулдун артында Трамп жалгыз эмес. Балким, жалпы Батыш башчылары турат. Болгону, алар ыкманы гана ар түрдү алып барышат. Алардын кээ бирлери сүткө уу кошуп берет. Мисалы, Обама президенттик мөөнөтүнүн башталышында бир катар Ислам өлкөлөрүн (Индонезия, Миср, Түркия) кыдырды. Мусулмандарга жумшак мамилесин көргөздү. Бирок ошол эле учурда, мусулман өлкөлөрүнө карата кыргынды кошо алып барды. Айрыкча, учкучсуз учактар менен мусулман өлкөлөрүндө чабуулдарды кылды. Обама мусулман өлкөлөрүндө мындай кыргын кылуусу менен өзүнөн мурунку Америка акимдеринен ашып түштү. Трамп болсо, мөөнөтүнүн башталышында эле эмес, андан мурун эле ачыктан-ачык душмандык чабуулуна өткөн. Ал сүткө уу кошуп отурбастан, уунун өзүн эле берип жатат. Ошондуктан, крестүүлөрдүн Ислам жана мусулмандарга карата душмандыгы Америка жана жалпы Батыштын колтугунда.
  • Америка жана Батыш мусулмандардын коргой турган мамлекети жок экенидигин билишет. Ошондой эле, Ислам жана мусулмандарга карата душмандык кылынганда, бир соккуга эки сокку менен жооб кайтара турган мусулмандар мамлекетинин жок экендиги аларга оңтойлуу болуп жатат. Алар мусулман өлкөлөрүнүн акимдери колонизатор кафир кожоюндарына берилгендей Исламга берилбегендиктерин да жакшы түшүнүшөт. Мусулман акимдери көптөгөн учурларда колонизатор кожондарына жагынуу максатында Исламга карата душмандык саясатын алып барышат. Ошондуктан, Америка менен Батыш мусулмандарга каршы каалашынча душмандык кылууга батынышууда.
  • Качан мусулмандардын өз мамлекети болгондо гана, алар мындай душмандык чабуулдарга каршы бир соккуга эки сокку менен жооб кайтарышат. Ошондо гана тогут заалымдар Ислам жана мусулмандарга каршы батына албай калышат. Мусулмандардын өз мамлекети болуп турганда, кафирлер Ислам жана мусулмандарга каршы душмандык чабуулун алып барышканда, мусулмандар тарабынан коркууга салып титирете турган кубатка туш болушкандыгына тарых барактары күбө. Кафир Батыш муну жакшы түшүнөт. Ошондуктан, алар акыйкатты акыйкат, батылды батыл деп биле турган мусулмандар мамлекети кайрадан тикеленбеши үчүн, ага каршы бар күчүн жумшашууда. Бул акыйкаты эч ким тана албайт. Мисалы, Румдуктар мусулман жерлерине бастырып кирип, бир аялга зулумдук кылышканда, ал аял «эй Муътасим» деп кыйкырган. Ошондо Халифа Муътасим армияны өзү жетектеп, румдуктарды бастырган жана ал жерлерди фатх кылып, жакшылык нурун чачкан. Ошондой эле Синда акими мусулмандар кемесине чабуул кылып, андагы аяларды туткундап алган эле. Халифа валийине кат жөнөтүп, бул акимден өч алууну буйруган. Мухамад бин Касим армияны жетектеп, Синда акиминен өч алып, ал жерлерди фатх кылган. Кийин бир жазуучу чыгарма жазып, анда Пайгамбар A тууралуу жаман ойлор айтылган эле. Аны Британиянын бир театрына койуу аракети болгондо, Британия Усманий Халифалыктын Лондондогу элчикансынан расмий түрдө кечирим сураган. Британия ал мезгилде ири мамлекет даражасында эле. Мына ушундайча мусулман мамлекети болгондо абал ушундай болгон… Качан мусулмандардын өз мамлекети болгондо гана, Трамп же Трампка окшогон тогут душмандар Ислам жана мусулмандарга каршы тили менен да душмандык кыла алмак эмес. Эгер душмандык кылышса, тилдери кесилип, буттары сындырылмак…

Бүгүнкү күнгө келип, Кураани каримге, Пайгамбар Aга душмандык кылынууда, бирок ага жооб кайтарылбай жатат! Ушунун баары Имам-Халифанын жоктугуна байланыштуу. Бухарий жана Муслим Абу Хурайра Gдан риваят кылышкан сахих хадисте Пайгамбар A айтты:

«إِنَّمَا الْإِمَامُ جُنَّةٌ، يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ، وَيُتَّقَى بِهِ»

«Имам – калкан, анын артында туруп согушулат жана аны менен коргонулат». Ин шаа Аллах, бул иштин жүзөөгө ашуусу Аллахка жеңил. Эл аралык мамлекеттердин күнү бүтөт. Аллах таала айтат:

وَتِلْكَ الْأَيَّامُ نُدَاوِلُهَا بَيْنَ النَّاسِ

«Биз бул күндөрдү адамдар арасында айландырып турабыз» [3:140]

Исламды көтөрүп чыга турган, Аллахка берген убада-шертинин өтөөсүнө чыга турган Исламда чыныгы эр-азаматтар бар. Аллахтын жардамы менен, алар сахих хадисте келгендей, бул залим түзүмдөн кийин туура жолдогу Халифалыкты тикелешмейинче, бул кайраттарынан жазбай, талбай иш алып барышат. Ахмад жана Тайалисий риваяты, Хузайфа G айтты:

«…ثُمَّ تَكُونُ جَبْرِيَّةً، فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»

«… Расул A айтты: «… Кийин жабыр көрсөтүүчү залим падышалык болот, ал Аллах каалаганча турат. Кийин Аллах каалаганда аны көтөрөт. Кийин Пайгамбарлык жолундагы Халифалык болот». Аллах Азиз жана Хаким.

8-жумадул-аввал, 1438-х.

5-февраль, 2017-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here