Акмак Трамп

301
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Акмак Трамп

Трамптын исламий дүйнөдөгү жети мамлекеттин мусулмандарын АКШга киргизбөө жөнүндө чыгарган токтому Америкадагы мусулмандардын ачуусун козгоду. Негизи, бул токтом АКШ администрациясы «терроризмге каршы күрөш» кампаниясы алкагында кабыл алган башка токтомдорунан айырмаланбайт. Бүткүл көңүл-этибарды учурда болуп жаткан окуяларды түшүнүүгө, буга окшогон токтомдорго кандай раддия билдирүү керектигине каратуу – мусулмандардын вазыйфасы. Бул шаръий өкүмдөрдү төмөнкү таризде түшүнүү керек:

  • Америкадагы эки партия: Демократтар партиясы менен Республикачылар партиясы колдонуп келе жаткан «четке кагуу жана кабыл алуу» саясаты айдан ачык. Мусулмандарды четке кагып жаткан Республикачылар саясаты болобу же аларды кабыл алып жаткан Демократтар саясаты болобу, бул эки партия мусулмандардын кызыкчылыгына таптакыр этибар бербейт жана экөөсү тең Исламга бүтүндөй тескери болгон капиталисттик системага кызмат кылат. Расулуллах A Мекке төбөлдөрүнүн сунушунан баш тартууда ажайып үлгү көрсөттү. Алар Расулуллахка исламий өкүмдөрдүн айрымдарынан баш тартууну, мунун акысына алар даъватты улантууга уруксат берүүнү сунушташкан. Аллах Таала айтты:

لَكُمْ دِينُكُمْ وَلِيَ دِينِ

«(Эй Мухаммад, айткын) силердин диниңер өзүңөр үчүн, менин диним өзүм үчүн!»  [109:6]

  • Коркуу инсандарды тизгиндеп алса, гарыйзалар аларды ушул коркууга байлап, моюн сундуруп коёт. Бирок, Аллах Субханаху ва Таала бизге сыноо жана сурактан качып кутулуп болбошун, бирок, Аллахка тобокел кылып, Ага таянып, тынымсыз амал кылуу керектигин, мына ошондо Аллахка жакын болушубузду көрсөттү. Себеби, сыноо – Аллах момун пенделерине белгилеген мыйзам. Аллах Таала айтат:

أَمْ حَسِبْتُمْ أَنْ تَدْخُلُوا الْجَنَّةَ وَلَمَّا يَأْتِكُمْ مَثَلُ الَّذِينَ خَلَوْا مِنْ قَبْلِكُمْ مَسَّتْهُمُ الْبَأْسَاءُ وَالضَّرَّاءُ وَزُلْزِلُوا حَتَّى يَقُولَ الرَّسُولُ وَالَّذِينَ آمَنُوا مَعَهُ مَتَى نَصْرُ اللَّهِ أَلَا إِنَّ نَصْرَ اللَّهِ قَرِيبٌ

«Же силерден мурунку өткөн заттардын өрнөгү силерге келбей туруп бейишке кирүүнү ойлодуңарбы? Аларга балээ жана мусибаттар (катар-катар) келе бергендиктен, алар ыргылжың болуп калышты, ал тургай пайгамбарлар жана момундар: Акыры, Аллахтын нусраты качан келет? дешкен эле. (Ошондо) аларга мындай жооп болду: «Билип койгула, Аллахтын нусраты жакын»»  [2:214]

Биз амалдарыбыздын коркууга моюн сунуп калышына, ал аркылуу башкарылышына жол бербешибиз керек, адал жана арам болгон шаръий өкүмдөргө ылайык аракеттенишибиз керек. Эгер, амалдарыбызды коркуу башкара турган болсо, бизди бүткүл Ислам Үммөтүнөн үзүү жана аны менен бириктирбөө үчүн катуу аракет кылып жаткан кимселер жеңишке жетишет. Бул болсо мусулмандардын сыпатына тескери. Ооба, бизде Исламга карата толук ишеним болушу жана исламий шахсиябызды, баалуулуктарыбызды коргоп, адамдарга аралашып аларга Исламды жеткирип, келерки муун үчүн үлгү болушуңар шарт. Аллах Таала:

فَلَا تَخْشَوُا النَّاسَ وَاخْشَوْنِ

«Адамдардан коркпогула, Менден корккула» [5:44]

деп бизге адамдардан коркпоо керектигин айткан.

3 – Ойрон жана кыргын кылуу, тынчсыз абал жаратуу капитализмдин эң көзгө көрүнгөн сыфаттарынан. Америка президентинин Республикачылар партиясынан же Демократтар партиясына болушунун айырмасы жок, мусулмандарга карата жалпы саясат бир. Обама учактарынын жашыруун чабуулу менен Трамптын ачык-ашкере билдирүүлөрү ортосунда эч кандай айырма жок. Себеби, жалпы саясат капиталисттер тарабынан ырайымсыздык менен алып барыла берет. Акыры, Обама доорунда Америкадан бир миллиондон ашуун мусулман жана башкалар чыгарылып жиберилген! Обама саясаты Трамптын саясатына чөйрө даярдап койгону айтылбаса да түшүнүктүү. Эми Трамп ушул саясат негизинде мусулмандардын Америкага киргизилишине тыюу салуу жана үй-бүлө мүчөлөрдү бири-биринен бөлүү саясатын колдонот.

Мусулмандардын Америкага жана башка Батыш мамлекеттерине көчүшүнүн себеби – ушул мамлекеттер мусулмандардын башына бомбаларды жаадырып, ушул тизмеде катталган жети исламий өлкөнүн айрымдарын басып алганы. Балээ-мусибаттар булар гана эмес, мусулмандар калган үй-бүлө мүчөлөрү менен өлкөдөн качып чыгуу үчүн чегаралар жана элчиканалар эшиктери алдын да акааратталып, кордолушууда. Аллах Таала айтат:

وَلَنْ تَرْضَى عَنْكَ الْيَهُودُ وَلَا النَّصَارَى حَتَّى تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمْ

«Яхудий жана насранийлер тээ сен алардын динине кирмейинче эч качан сага ыраазы болушпайт»      [2:120]

Эй мусулмандар!

Биздин вазыйфа – Ислам өкүмдөрүнө чектелип, мусулман катары бири-бирибизди колдоо, Ислам жөнүндөгү туура эмес көз карашты жок кылуу үчүн коомго кирүү. О.э. Батыштын мусулмандарга карата колдонуп жаткан эки жүздүүлүк саясаттарын жана бузгунчулугун ачыкташыңар, Ислам жана анын баалулуктарынын улуулугун көрсөтүшүбүз, аны залим жана зордукчул түзүмгө альтернатива катары сунушташыңар, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу исламий жашоону кайра баштоого карай бүткүл дүйнө бойлоп жүрүп жаткан аракетти колдоп-кубатташыңар лазым. Ислам өкүмдөрүнө моюн сунулбаса, бул дүйнө бакытына жетүү жана акырет азабынан кутулуу мүмкүн эмес. Унутпагыла, бизге Аллах Таала бешенебизге жазып койгон нерседен башка нерсе жетпейт. Анткени, бизди коргоочубуз, жардамчыбыз жана нусрат берүүчүбүз Аллах гана.

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ 

«Эй момундар, Аллах жана Анын Расулу силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге даъват кылганда аны кабыл алгыла» [8:24]

 

Хизб-ут-Тахрир Америка

6-жумадул-аввал, 1438-х.

3-февраль, 2017-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here