НАТО Кара деңиздеги позициясын бекемдейт

264
0

НАТО Кара деңиздеги позициясын бекемдейт

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг билдиришинче, альянска мүчө мамлекеттердин коргоо министрлери Кара деңизде аскерий-деңиз позицияларын күчөтүү жөнүндө токтом кабыл алышты. Анын алкагында региондогу кырдаал жөнүндө маалыматтар чогултуу аракеттери активдештирилет.

“Бүгүн биз бу иш алкагында эки кошумча чараны кабыл алууга келишип алдык. Буларга НАТОнун Кара деңизде машыгуулар санын көбөйтүү жана абалдан жакшыраак кабардар болуу боюнча аскерий-деңиз жактан позицияны бекемдөө, биздин туруктуу аскерий-деңиз топторубуздун башка союздаштар менен болгон өз ара алакасын тартиптештирүү кирет”, – деди Столтенберг журналисттерге берген интервьюсунда.

Анын пикиринде, Россия менен мамилени күч позициясынан келип чыгып жана “басып туруу” ыкмаларынан пайдаланып алып баруу керек. Мындай ыкма Батыш мамлекеттери тарабынан суук согуш маалында колдонулган.

Ал эми, Россия президенти Владимир Путин НАТО Россияны негизги кооп-коркунуч деп эсептешин, ошондуктан аскерий позицияны бекемдемекчи экенин баса белгилеп өттү.

“Өткөн жылдын июль айында Варшавада болуп өткөн НАТО жыйынында Россия 1989-жылдан бери алгачкы жолу альянс үчүн негизги кооп-коркунуч деп каралды, аны “басып туруу” болсо НАТОнун жаңы миссиясы деп расмий түрдө маалым кылынды. Ушул максатта блокту дагы да кеңейтүү боюнча иштер алып барылууда. Бул мурун да күзөтүлгөн, бирок, эми алардын пикиринде, бул үчүн ишеничтүү себептер табылды”, – деди Путин.

Путин баса белгилешинче, альянска мүчө-мамлекеттер Россияга каршы туруктуу фитна уюштурууда жана аны жаңжалга тартууга умтулууда.

Ал эми, Россиянын НАТОдогу туруктууу өкүлү Александр Грушко декабрь айында альянстын Кара деңизидеги позициясын бекемдөө басымды күчөтүп, региондогу коопсуздукка терс таасир көрсөтүшү жөнүндө маалым кылды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here