Боордоштук акысын өтөп жатасыӊарбы!?

244
0

Боордоштук акысын өтөп жатасыӊарбы!?

Кыргызстан  бийлиги да кошуна мамлекеттердин изи менен жүрүп Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштү күчөтүп келе жатат. Мусулмандарга террорист жана экстремист тамгасын басып, Роббим Аллах дегени үчүн гана камакка алынган мусулман боордошторубуз үчүн өзүнчө абак курду жана диний айыптар менен камалган мусулман боордошторубузду ошол түрмөгө жайгаштырып жатышат.

Абактагы шарт болсо баарыбызга белгилүү. Ал жерде адамдай жашоого шарттын жоктугу аз келгенсип, абактагы жакындары, күйөөсү үчүн балдарынын ырыскысынан үнөмдөп алып келген тамак-аштардан абак кызматкерлери алып калышууда.

Мындан тышкары, мазлум мусулмандарга абак жетекчилигинин адамгерчиликке жатпаган мамилеси жана жаза өтөө түрү мыйзамга тескери көрүнүштө өзгөртүлүшү абактагы ага-инилерибизди ачкачылык жарыялоого мажбур кылды. Чүй облусунда жайгашкан №47 жана №27-абактардагы боордошторубуз 2017-жыл, 1-январдан бери нан-туз татпай ачка отурушат. О.э. Покровкадагы №3-абактагы мусулман боордоштор да ачкачылык жарыялашты. Себеби, алардын шарты да жогорудагы сыяктуу.

Кыргызстан бийлиги болсо жарандарына көӊүл буруу жөнүндө ойлонуп да койгон жок. Акыйкатта болсо, ачкачылык жарыя кылган боордошторубуз акы-укуктары толук камсыздалышын талап кылышууда. Адам укуктарын коргоочу уюмдар болсо өздөрү айтып жүргөн адам укуктарын коргоо жолунда аракет кылбай жатышат.

Эгерде эркиндикте жүргөн адам бир күн ачка калса алсырап, кандай абалга түшөт. Ошондой болгон  соӊ, 15 күндөн бери ачка отуруп нааразылыгын билдирип жаткан, анын үстүнө эркинен да ажыратылган адамдын абалын элестетип көрүӊүз. Алар болгону, абактагы шарт өзү кандай болушу керек болсо, ошондой кылып берүүнү гана талап кылышууда.

Өкмөт мыйзамдуу талапты аткарып берүүгө алсыздык кылууда. Абактарда жөнөкөй эле адамдык шартты камсыздап берүүгө кудуреттүү болбогон соӊ, бийликке эч кандай зыяны болбогон мусулмандарды камап эмне кылат!?

Эй, Кыргызстан мусулмандары!

Бүгүнкү күндө даъватчы мусулмандардын башына ушундай абал түшүп турат. Алардын бекемдиги ар бир мусулманды кайдыгер калтырбашы керек. Эгерде ушундай абал улана берсе аларды жоготуп алышыбыз анык. Ааламдар Роббиси алдында алар үчүн да жооп беришибиз бар. Алардын үй-бүлөсү, ата-энеси жана уул-кыздары Кыямат күнү биздин үстүбүздөн арызданышы анык.

Аллах Таала Курани Каримде момун-мусулмандарды:

 “Момун эркек жана момун аялдар бири-бирине дос”, – деп сыпаттаган. (9:71).

Биз боордоштуктун акысын өтөп жатабызбы?

Муслима карындашыӊар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here