Тажикстан Рогун ГЭСи курулушун баштады

378
0

Тажикстан Рогун ГЭСи курулушун баштады

Тажикстанда 29-октябрь күнү Рогун ГЭСи курулушу башталды. Курулуш башталышында Вахш дарыясы өзөнү жабылды. Курулушту мамлекет башчысы Эмомали Рахман жеке өзү баштап берди…

 Президенттин басма сөз кызматынын кабар кылышынча, Эмомали Рахман жеке өзү бульдозерге олтуруп, куруучулар менен бирге бир жарым саат Вахш дарыясын бойлоп шагыл ташыды жана дарыя агымынын өзгөрүшүн көзөмөл кылып турду.

 Россия Илимедер академиясынын Экономикалык институту директорунун илимий иштер боюнча КМШ мамлекеттери бөлүмүнүн жетекчиси Елена Кузьминанын сөздөрүнө карай, Рогун курулушу буга чеин эле иштеп чыгылган долбоор болуп, ал Борбордук Азия мамлекеттери ортосундагы тең салмактуулукту бир аз изден чыгарат.

 “Өзбекстандын убактылуу президенти Мирзияев Тажикстан менен мамилелерин жакшылоо үчүн аракет кылды. Мисалы, Рогун ГЭСи курулушунун оң, терс жактарын талкуулаган. Бул нерсе жыйынтык бербеген көрүнөт. Мындай кең көлөмдүү ГЭСти куруу үчүн башталышына эле жетиштүү эмес, балким бүтүшүнө чеин жете турган акча-каражаты керек. Балким, бул саясий оюн. Тажикстан тышкы акча-каражатысыз мындай объекти кура албайт. Азырынча бул кандайдыр саясий же экономикалык декларациядай көрүнүп жатат”,- деди Елена Кузьмина.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here