БУУ 5 миллион сомалиликке ачарчылык кооп жаратып жаткандыгын жарыя кылды

364
0

БУУ бир тараптан 5 миллион сомалиликке ачарчылык кооп жаратып жаткандыгын жарыя кылды

Экинчи тараптан качкындарды мажбур түрдө көчүрүүгө киришүүдө

Кения БУУ менен келишкен абалда, «Дадаэб» качкындар лагерин Сомалиге көчүрүү иш-чараларына киришти. Дүйнөдөгү эң чоң качкындар лагери эсептелген «Дадаэб» 350.000ден ашык адамды өз ичине алган. Адамдар бул лагерде оор абалда жашоого ондогон жылдардан бери ыраазы болуп келишти… Ошол эле учурда, ал жерде эпидемиялар кең таркалып, качкындарга карата тынымсыз намысына кол салуу окуялары болуп турат, жашоо ресурстары абдан аз, мектептер жетишпейт, башкаруу жаман акыбалда… Бирок алар бардыгына сабыр кылышты, Сомалида чейрек кылымдан бери болуп жаткан согуш жана ачарчылыктан жандарын жана балдарын алып качуулары менен сабыр кылышууда. «Дадаэб» лагиринде бир күн да жашоо жакшы жана коопсуз болбоду, бирок ал жердеги качкындар үчүн Сомалиге кайтуу ыктыяры да жок болду.

БУУ бул иш-чараны өзүнүн качкындар боюнча коммисарияты кылган эскертүүсүнө карабай, ишке ашырууга катуу киришти. БУУ качкындар боюнча коммисариятынын 2015-жыл 14-апрелде чыгарган эскертүүсүндө «Дадаэб»ди капыстан жабуу жана качкындарды Сомалиге кайта мажбурду түрдө көчүрүү абдан коопту иш экендиги, адамдык жоготуулар көп болушу мүмкүндүгү айтылган. Анткени Сомали климаттын өзгөрүшү жана жамгырдын абдан аз болушу натыйжасында келип чыккан азык-оокат кризисин баштан кечирүүдө. Айыл-чарба продуктуларын жетиштирүү көлөмү алты ай ичинде бир барабардан ашык азайып кетти. Дыйкандар көп санда айыл-чарба жандыктарын жоготушту. Айтыштарынча, куткаруу агенттиктери өткөн январь айында Сомалидеги адамдык абалды жакшыртуу үчүн 880 миллион доллар чогултууга чакырык таштаган. Бирок БУУнун Сомалидеги координатору Питер де Клерк «Сомалини куткаруу программасын финансылоо, көздөлгөн жыйынтыктын болгону 32 %ына гана жетишкен»и туурасында баянат берди.

Маалымат каражаттары аркылуу качкындарды көчүрүү аларды белгилүү бир акча-каражаты менен шыктандыруу жолу өз ыраазылыктары негизинде болуп жатканы туурасында тынбай кабар таркатылууда. Ошондой болсо да, «Дадаэб» лагерин көчүрүү жана качкындарды өз мамлекеттерине мажбурдук түрдө кайтаруу иштери кызуу жүрүп жаткан бир убакта, БУУ Сомалиде 5 миллион тегерегиндеги адамга азык-оокат жетпей жаткандыктан азап чегип жаткандыгы туурасында отчет берди. Өткөн айдын аягында чыгарылган жана азык-оокат жетишсиздигине жамгырчылыктын аз болушун себеп кылып келтирилген бул отчетто 5 жашка чеинки 300 миң бала оокаттанбай жаткан абалды баштан кечирип жатканы, алар жардамга муктаж экендиктери айтылган. Бул отчет Сомалидеги 2011-2012-жылда болгон жана чейрек миллион адам өлгөн ачарчылыктын беш жылдыгына байланыштуу чыгарылды. Ушунчалык эрте эскерткендигине карабай, эл аралык коомчулук жооп кылган жок. Болгону каралоо, нааразылык билдирүү жана отчетторду чыгаруу, кийин болсо набыт болгондорго жалган көз жаш төгүү менен тим болушту.

Ооба, мына ушул БУУ бир тараптан, Сомалидеги абалдын кооптулугунан эскертип, дүйнөгө жар салууда, экинчи тараптан, (Foreign Policy журналынын 2016-жыл 26-сентябрдагы кабарына ылайык) күнүнө миңдеген качкынды мамлекетине кайтаруу туурасында Кения менен келишүү иштерин алып барууда. Б.а, аларды айрым аймактарда ачарчылык болуп жаткан, жумушсуздук көрсөткүчү 67%га жетип, дүйнөдөгү эң чоң көрсөткүчтөрдүн бирине айланган, жергиликтүү экономика, чет мамлекеттерде жашоочу сомалиликтердин акча которууларына таянып калган… бир аянычтуу абалга кайтарууда. Жергиликтүү валюта инфляцияга кабылган, өнөр-жайы жетишпеген жана мекемелер банкротко учурап жаткан бир мамлекетке кайта көчүрүүдө. Бирок, бул нерселердин бардыгы чейрек кылымдык согуштар, ички тартипсиздиктер, АКШ согушу жана Эфиопия менен Кениянын аралашуусу акыбетинде келип чыккан.

Бүткүл дүйнө катардагы аста-секин өлүү саясатынан коркууда. Бул саясат айыл-чарба секторун атайын ойрон кылууга каратылган болуп, көз карандысыз экономикасы бар Сомалини, чет элдик колдоп-кубаттоолорго көз каранды Сомалиге айландырды. Чет элдик аралашуу бул мамлекетти тозокко айландырды, саясий боштук пайда кылды, тонна-тонна болуп кирип келген курал-жарак, ушундай абалда кордук астында жашап жаткан адамдарды мыйзамсыз көчүүгө мажбур кылды…

Бизге Аллахтын Өзү жетиштүү жана Ал эң жакшы ишеничтүү өкүл.

وَقَالُوا حَسْبُنَا اللَّهُ سَيُؤْتِينَا اللَّهُ مِنْ فَضْلِهِ وَرَسُولُهُ إِنَّا إِلَى اللَّهِ رَاغِبُونَ

«Алар Алла биз үчүн жетиштүү. Жакында Алла жана Анын пайгамбары бизге өз берешен жооомарттыгынан  (байлык да, бак-таалай да) берет дешти»   [Тообо 59]

 

Хизб ут-Тахрирдин борбордук басма-сөз бөлүмүнүн аялдар бөлүмү

телефон-факс: 00961 1 30 75 94

уюлдук телефон: 00961 71 72 40 43

электрондук почта: ws-cmo@hizb-ut-tahrir.info

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here