Россия оор артиллериясынын “артыкчылыктары”

251
0

Россия оор артиллериясынын “артыкчылыктары”

Россия армиясынын резервдеги Генерал-лейтенанты  Юрий Коваленко жаңы аскеридик техниканын артыкчылыктары туурасында сүйлөп берди. Анын айтышынча, заманбап оор ок атуу куралдары жакынкы күндөрдө Сирия армиясы тарабынан Халаб согуштарында колдонулат.

            Сирия армиясы жаңы орус ок атуучу техникасын мактоого татыйт деп билдирди жана бул ТОС-1А  моделиндеги куралдын ийгиликтүү болушун ниет кылышты. Бул туурасында Коргоо министрлигиндеги аскердик-бронетехникалар башкармасынын орун басары резервдеги генерал-лейтенант Юрий Коваленко  билдирди.

— ТОС-1А   оор ок атуучу системасы бөлүгүнө кирет – деди ал –  жана 12 секундда 24 ракета ок ата алат жана бир убакытта эле бул чабуул 40 миң квадрат метрди камтып алат.

Мындай жарылуудан кийин бирер жанзат, жада калса чычкан да тирүү калбайт. Мындай техникадан буга чеин Афганистан тоолорунда пайдаланганбыз. Айрыкча тоо шартында анын таасир күчү эки эсеге көбөйөт. Сирия аскерлеринин сүйүнүчү чексиз. Алар анын үстүндө ибадат кылышууда.

Коваленконун сөздөрүнө ылайык,  ТОС-1А куралы тажрыйбадан өтүп, ийгилик коштогон соң, Сирия жана башка Чыгыш мамлекеттери да ушул күчтүү аскердик техникага ээлик кылуу ниетинде экендиктерин билдиришип, РФга кайрылуу жасашты.

 “Бүгүнкү күндө бул биздин брендибиз. Бул нерсе Омск курал чыгаруучу заводдун жумушчулары өз жумуштарын жогоку даражада аткарып жаткандыктарынын дагы бир далили” —  деп кошумчалады Юрий Коваленко.

Планга ылайык  Россиянын ТОС-1А  оор ок атуучу системасынан Сирия армиясы пайдаланат. Халаб шаарындагы согуштарда да дал ушул эң күчтүү эсептелген аскердик техника ишке салынат.

Туркистон: 

АКШ түзгөн коалиция, Россия, Иран жана Асад армиясы биргеликте, Сирияда бир нече жүз миңдеген мусулманды кырып жиберди. Бирок алар, АКШнын жоопкер адамдары айышынча, Сирияда бир кадам да алдыга жыла албагандарын б.а ийгиликке жете албай, айланып эле мурунку точкаларына келип жаткандыктарын айтышууда.

Шамдагы куфр дүйнөсүнүн көйгөйү, алардагы аскердик кубаттын алсыздыгы эмес. Куфр дүйнөсүнүн аскердик кубаты жүз эселеп ашыгы менен турат. Алардын көйгөйлөрү, идеологиялык күрөштөгү жеңилүүлөрүнөн улам болууда. Шам калкынын бардыгын кырып жиберсе да куфр ийгиликке жетише албайт. Анткени Шамдагы күрөштө куфр жеңиши үчүн, алгач мусулмандардын рухун-духун чегиндире алышы керек. Физикалык жактан эмес. Б.а мусулмандар өлүмдү чырайлуу түрдө тосуп алууну жана андан кийинки жашоону бул өткүнчү жашоодон абзел деп билген түшүнүктөрүнөнөн баш тартпагандыктан, куфр дүйнөсү аларды эч качан жеңе албайт! Бул жеңишке жеткирүүчү жана жеңилбес түшүнүктөр исламий идеологиябыздын негизи болгон акыйдабыздан балкып чыгып жаткан борбордук пикирлерден келип чыгат.

Ушундан келип чыгып айта алабыз, жогорудагы орус жоопкер адамдардынын сөздөрү жана комментарийлери олутуу ойлонулбаган жана саясий чалгытуу максатындагы популисттик көрүнүштөн башка пайда алып келбейт. Бул дүйнөдө аскердик кубатынан башка эч кандай чара жана таасири калбай бара жаткан Россиянын катардагы популисттик, коркутуу үчүн урунуп жаткан жана аскердик жактан экономикалык кызыкчылыгы көздөлүп жаткан баянаттан башка нерсе эмес.

Эми, Шамдагы кыргындар, перзенттерибиздин өлүмдөрү, кыйратуулар, эл аралык саясаттагы айлага толгон адилетсиз мамилелелери жана башка бардык адилетсиздиктерине карата мамиле кандай болушу керек?! Маселенин бардыгы мына ушул жерде!

Шам, биз андан нажат күтө турган абалда эмес! Тескерисинче, ал бүткүл аалам мусулмандарынан нажат күтүп турган акыбалда! Ага каршы Асад режими эле эмес, АКШ баш болуп бүткүл куфр дүйнөлүк коалициясы согуш алып барууда. Б.а бул куфр коалицияга, биз жашап турган мамлекеттер да мүчө болгон же эч болгбогондо сүкүт кылуулары менен ыраазылык билдирип келе жаткан өкмөттөрүбүз да кошулган. Алардын таасири жана башкаруусу астындагы мусулман перзенттерибизден турган армияларыбыз бар. Биз аларды аракетке келтирүү жана болуп жаткан массалык кыргындарга каршы аскердик жана саясий мамилеге үндөө иштерин алып барышыбыз важиб.

 Эл аралык саясаттагы жетекчи куфр мамлекеттери, бир тарапта биргелешип иш алып барышууда. Бирок биз мусулмандар Шам калкынан өрнөк алып, биз да исламий идеология айланасында биригип, дүйнөнүн аркы бир четинде каапырлар мусулмандарды кырып жаткандарын карап отурбастан, биз болсо дүйнөнүн бул четиндеги о.э бардык жактагы мусулмандар эмне кылуулары керек, аларга каршы кандай шаръий позициядан туруп иш кылуусу важиб деген көз карашты билип, таап алышыбыз важиб! Кийин, Шамда болуп жаткан кыргындарга менин катышуум, мамилем жана аракетим Аллах талап кылгандай жана аны ыраазы кыла турган таризде болуп жатабы деп ар бирибиз өзүбүздөн сурап турушубуз керек! Бүткүл дүйнө мусулмандары ушул позицияны таап алышкан соң куфр жеңилет! Анткени кичинекей бир Сирия мамлекетинин бир тайпасы ушул позицияны карманышаары менен, АКШ баш болгон бүткүл куфр дүйнөсүнүн башын катырып койду.

Мусулман бурадарлар,

Шам калкы эле эмес бүткүл Ислам ааламы, мусулмандар эле эмес бүткүл адамзат биздин куткаруубузга муктаж болуп калды. Бул кудум врач оорулу адамды анын кайрылуусу жок эле даарылагандыгы сыяктуу. Кээ бир мусулмандар жана куфр калкы биз аларды зулматтан куткарууга бара жатканыбызды түшүнө албайт. Алар жада калса пайгамбарлар алып келген хидаятка кудум ушундай мамиле кылышкан. Лекин биз Пайгамбарыбыз Мухаммад (сав) жандашкан жана бизге сүннөт жана тарыйкат кылып калтырып кеткен мабдаий жеңишке карай аракеттенүүбүздү улантып бара беришибиз важиб. Бул үчүн бизге орус айтып жаткандай массалык кыргын куралы керек эмес! О.э анын зыяны жана тоскоолдугу да жок Иншаа Аллах! Биз бул иште Аллахка жана анын нусратына таянабыз! Биз ушул нусратка ылайык болсок, Аллах аны жөнөтөт деп ыйман келтиргенбиз!

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here