Өзбекстан мусулмандарына кайрылуу!

281
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ

Өзбекстан мусулмандарына кайрылуу!

”وَمَن لَّمْ يَحْكُم بِمَا أَنزَلَ اللّهُ فَأُوْلَـئِكَ هُمُ الْكَافِرُونَ”

Кимде-ким Алла түшүргөн нерсе менен өкүм жүргүзбөсө, мына ошолоркафирлер.  (5:44)

”وَمَن لَّمْ يَحْكُم بِمَا أنزَلَ اللّهُ فَأُوْلَـئِكَ هُمُ الظَّالِمُونَ”

Кимде-ким Алла түшүргөн нерсе менен өкүм жүргүзбөсө, мына ошолор залимдер.  (5: 45)

”وَمَن لَّمْ يَحْكُم بِمَا أَنزَلَ اللّهُ فَأُوْلَـئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ”

Кимде-ким Алла түшүргөн нерсе менен өкүм жүргүзбөсө, мына ошолор фасыктар.   (5: 47)

Чейрек кылым өкүмдарлык кылган диктатор Каримовдун бийлиги да аягына чыкты. Өзбекстан өкмөтү Каримовдун саламаттыгына тууралуу маалыматтарды жашырганына карабастан, анын өлгөн-өлбөгөнү маанилүү эмес.

Каримовдун ордуна ким келиши да маанилүү эмес.

Бийликти ээлеп калууга  аракет  кылып жаткан Өзбекстандагы саясий чөйрөдөгү кландар  болобу, жарандык коом курууну дааба кылуучу оппозиция өкүлдөрү болобу, булардын баарынын мааниси жок.

Башкарууда диктатор түзүм болобу,  же демократиялык башкаруу  негизиндеги түзүм болобу, кыскасы, булардын  бардыгы адамдын алсыз акылынан келип чыккан мыйзамдар негизинде башкарышат.

Адам иштеп чыккан мыйзамдар ар түрдүү, карама-каршылыктуу жана чөйрөдөн таасирленүүчү болушу анык. Мисалы:

Башкаруу тармагында: Адамдардын  кээ бирлери тоталитардык же авторитардык башкаруу, же болбосо парламенттик башкаруу болушун жактаса, дагы башкалары президенттик башкаруу формасын жактайт, дагы бир бөлүгү конституциялык монархия болушун жактаганын көрөбүз.

Экономикалык тармак: Коллективдүү кожолук же фермердик чарба, башка түзүмдө жеке менчикке жол берилбесе, дагы башкасында жалпы элдик мүлктү четке кагат.

Социалдык тармак: Гендердик саясат, феминизим, эмансипация сыяктуу социалдык маселелер колдонулушу натыйжасында глобалдык бактысыздыктар келип чыгууда. Т.а. пайдапарастыкка негизделген азыркы түзүмдөрдө  аялдар эркектердин милдетин моюнга алышынын натыйжасында үй-бүлөгө болгон мамиле өтө жаман абалга келип калды. Балалуу болуу кийинкиге калтырылат   же таптакыр балалуу болбой өтүшөт. Мунун натыйжасында демографиялык кризистер жүз берүүдө. Мындан тышкары, аялдарга дене кумарын кандыруучу нерсе катары кароонун натыйжасында сойкулук күчөдү.

Билим берүү тармагы: Диктатор режим доорунда билим берүү тармагы кризиске дуушар болду, мугалим жана окуучулар айыл-чарба иштерине, курулуштарга ж.б.у.с иштерге тартылышы адатка айланып, натыйжада бирер тармакта бирер ачылыштар болбоду о.э. дүйнө жүзү тан ала турган окумуштуулар жетилип чыкпады. О.э. кийинки муун Батыш сакафатынын натыйжасында адеп-ахлаксыз болуп жетилүүдө.

Жогорудагыларга кошумча түрдө, Өзбекстандагы мусулман үммөт жеке адамга сыйынуу абалына алып келинди.

Ко-ош, Өзбекстан мусулмандары үчүн маанилүүсү эмне?!

Өзбекстан калкынын негизги бөлүгү мусулмандардан турат. Биздин динибиз – Ислам. Биз жалгыз гана Аллахка ибадат кылуучу пенделербиз. Жаратуучу Аллах бардык нерседен аруу Зат. Демек, биз мусулмандар жашообуздун бардык тармагындагы проблемалардын чечимдерин Жаратуучубуз болгон Аллах Тааланын буйрук жана кайтаруулары негизинде алышыбыз жана жашообузду ушул негизге ылайыкташтыруубуз важиб. Аллах Таала адамдардын жашоосун тартипке салуучу түзүм болгон Ислам шариятын Пайгамбарыбыз с.а.в.га түшүргөн.

Мусулмандар ислам түзүмү менен жашаган учурда төмөндүктөн бийиктик жана азиздик даражасына көтөрүлүшүп, ар бир тармакта ийгиликтерге жетишкен:

Башкаруу тармагында: Халифалык  мамлекети дүйнөгө таасирин өткөрүүчү биринчи орундагы мамлекетке айланган;

Экономика тармагында: Исламдагы бөлүштүрүүнүн адилеттүүлүгү себептүү Ислам мамлекети өз жарандарынын негизги муктаждыктары кандырылышына катуу көңүл бурган т.а. Ислам мамлекети бул тарапты кепилдикке алган. Жогорку муктаждыктарды кандыруу жаатында да жетиштүү мүмкүнчүлүктөр менен камсыздаган. Ислам мамлекетинде  алтын түзүмү колдонулушу натыйжасында кризис, инфляция сыяктуу терс көрүнүштөр болгон эмес. О.э. экономикалык жактан да башка мамлекеттерге көз каранды болгон эмес;

Социалдык тармак:  Социалдык тармакта Улуу Аллахтан түшүрүлгөн  өкүмдөр колдонулушу натыйжасында аял менен эркектин ортосунда шайкештик болгон. Т.а. эркектин милдети үй-бүлөнү камсыздоо болсо, баланы тарбиялоо милдети аялдын мойнунда болгон.

Билим берүү тармагы: Азыркыга чейин дүйнөдө пайдаланылып жаткан астрономия, география, алгоритм, алгебра, медицина, инженердик тармактарындагы ачылыштар Ислам мамлекетинде билим алган мусулман окумуштуулардын эмгектери болуп эсептелет. Ал тургай, Исламдагы эркек балдар менен кыздарды бөлүп окутуу ийгиликтүү болгондуктан, бүгүнкү күндөгү кээ бир жетекчи мамлекеттер билим берүү тармагында ушундай кылып жатышат.

Эй бийликтеги акимдер жана ага оппозицияда болгон күчтөр!

Силерге күтүүсүздөн ыңгайлуу учур келип калды. Коммунисттик түзүмдүн натыйжасы болгон Каримов башкаруусу аяктады. Силер мусулман үммөттүн өкүлү экениңерди унутпагыла, өзүңөрдүн исламга кайткыла о.э. аны турмушка алып келүү үчүн аракет кылып жаткандарга  жардам бергиле, же болбосо алардын даъватына тоскоолдук кылбагыла.  Бийлигинин негизги доорун Исламга каршы күрөшүү менен өткөргөн Каримовдун бүгүнкү абалы силерге сабак болбойбу?! Биз силерди адилеттүү Ислам шариятына ылайык болгон “ИСЛАМ МАМЛЕКЕТИНИН КОНСТИТУЦИЯ ДОЛБООРУ” менен таанышып чыгууга чакырабыз о.э. бул программаны коомдук турмушта колдонууну талап кылабыз. Себеби, Аллах Таала мындай дейт:

”وَمَن لَّمْ يَحْكُم بِمَا أَنزَلَ اللّهُ فَأُوْلَـئِكَ هُمُ الْكَافِرُونَ”

Кимде-ким Алла түшүргөн нерсе менен өкүм жүргүзбөсө, мына ошолоркафирлер.  (5:44)

”وَمَن لَّمْ يَحْكُم بِمَا أنزَلَ اللّهُ فَأُوْلَـئِكَ هُمُ الظَّالِمُونَ”

Кимде-ким Алла түшүргөн нерсе менен өкүм жүргүзбөсө, мына ошолор залимдер. (5:45)

”وَمَن لَّمْ يَحْكُم بِمَا أَنزَلَ اللّهُ فَأُوْلَـئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ”

Кимде-ким Алла түшүргөн нерсе менен өкүм жүргүзбөсө, мына ошолор фасыктар.  (5:47)

Эй Өзбекстан мусулмандары!

Силерде эки жолдун бирин тандоо мүмкүнчүлүгү бар.

Силерди Аллах Тааланын буйрук жана кайтаруулары негизинде жашоо менен Роббибиз Аллах Тааланын ыраазылыгына жетишүү о.э. бул дүйнөдө азиз жана улуу Үммөт болуу, акыретте болсо Аллахтын түбөлүктүү бейишине жетишүү, же болбосо, адамдын алсыз акылынан келип чыккан демократия, капитализм, социализм түзүмдөрү негизинде жашап, бул дүйнөдө кордукка, акыретте болсо түбөлүктүү тозокко дуушар болуу күтүп турат.

Себеби

وَاللّهُ غَالِبٌ عَلَى أَمْرِهِ وَلَـكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لاَ يَعْلَمُونَ

Алла Өз ишинде үстөмдүк кылуучу, бирок, адамдардын көпчүлүгү (муну)билишпейт”. (12:21)

Хизб ут – Тахрир Өзбекстан.  

01.09.2016.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here