Жон Керри Индияга сапар кылды

263
0

АКШ менен Индиянын коргоо министрлери Вашингтондо аскерий келишим түзүү туурасында сүйлөшүүлөрдү өткөргөндүн эртеси АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри расмий сапар менен Индияга жолго чыкты. Керри Индиянын борбору Нью-Делиде расмий сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Индиянын тышкы иштер министри Сушма Свараж менен жолугушту.

АКШ менен Индия ортосундагы аскерий келишимдерге кол коюлушу Кытай жана Пакистанга каршы аракет катары бааланууда.

Кабарда келишинче, АКШ менен кол коюлган келишимге ылайык, Индия Пакистанга каршы АКШ аскерий базаларынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. АКШ болсо Түштүк Кытай деңизинде күчөп бара жаткан Кытай коркунучуна каршы Азиядан союздаш издеп, бул жаатта Индияны өнөктөш катары тандаган.

Бул жолугушуудан бир күн мурда АКШ Коргоо министри Эштон Картер менен индиялык кесиптеши Манохар Паррикар Кытайдын күчөп бара жаткан аскерий аракеттерине каршы аскерий алакаларды бекемдөө туурасындагы келишимге кол коюшкан эле. О.э. Вашингтондо АКШ менен Индиянын коргоо министрлери бири-биринин аскерий базаларынан эркин пайдаланууга шарт түзө турган келишимге да кол коюшкан эле. АКШ мамлекеттик катчысынын Индияга сапары бул келишимден бир күндөн кийин башталды.

Расмий билдирүүдө келишинче, ушул келишим АКШнын Индияда жаңы база курушун жана кошуундарды жайгаштыруусун камтыбайт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here