Ереванда куралдуу көтөрүлүш башталганы тууралуу жарыя кылынды

280
0

Ереванда куралдуу көтөрүлүш башталганы тууралуу жарыя кылынды

Армениянын борбору Еревандагы Эребуни районуда полиция имаратын ээлеп алган куралдуу топ мамлекеттеги абалды өзгөртүү талабы менен чыкты.

ТАСС агенттигинин кабар беришинче, бул топ куралдуу көтөрүлүш башталганын жарыя кылган жана Армения бийлигинин отставкага кетүүсүн талап кылууда.

Армения Улуттук коопсуздук кызматынын кабар беришинче, чабуул кылгандар имараттын ичиндеги адамдарды күрөөгө алышкан. Чабуул учурунда 1 адам өлүп, бир нече адам жарадар болгон.

Учурда ал жакка аскерлер жиберилген. О.э. козголоӊчулар менен сүйлөшүүлөр башталган.

Алгачкы кабарларда бул топтун өкүлдөрү оппозиционер саясатчы Жирайр Сефилянды бошотууну талап кылып жаткандыгы айтылган эле. Учурда ал жакка баруучу жолдор жабык.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here