ДИНИН ДҮЙНӨГӨ САТУУ

251
0

 

  بسـم الله الرحمن الرحيم

 

ДИНИН ДҮЙНӨГӨ САТУУ

 

Мубарак Рамазандын отузунчу күнү каза болушуна жана Айт намазы өз убактысында окулбашына куфр мажбур кылды. Муфтият өздөрү үчүн: “Эгерде мамлекеттер айды аныктоодо ихтилафка барышса, анда мамлекетиӊе итаат кыл”, деген “хадис”ти негиз кылып, куфрдун планын ишке ашырышты. Бул болсо, «Үммөттөрдү бөлүп таштоодо жооптууларды сатып алуу» ишиндеги эки “шайх” Сайкс (Британиялык) жана Пико (Франциялык) риваят кылган “хадис” болуп, анын санадында Лоуренс арабий (Британиялык офицер) да бар – ал болсо колонизаторлордун ишенимдүү “ровийлеринен”  – бул “хадис”ти сарай уламалары сахих деген. Эми алар аялдардын кийими менен Үммөттүн биримдиги билинип калбастыгына жан үрөп умтулушууда. Калгандар аларды шылтоолоп, Расулуллах (с.а.в)дын хадистерин бир четке сүрүп коюп жатышат.

Сахаба (р.а)лар Расулуллах (с.а.в)ды жакшы көрүүсүн анын сөздөрүнө – хадистерине – амал кылуу менен далилдешкен. Буга Абу Бакр (р.а) баш болгон. Бүгүнкү күндө биз Абу Бакр (р.а) сыяктуу адамдарга өтө муктажбыз. Абу Хурайра(р.а) айтат: Жалгыз илах болгон Затка ант болсун, эгерде Абу Бакр халифа болбогондо, Аллахка ибадат кылынбай калат эле деп, ушул сөздөрүн эки, үч жолу кайталады. Ошондо “токто, эй Абу Хурайра…” дегенде жооп берип,төмөнкүлөрдү айтты: Расулуллах (с.а.в) Усама бин Зайд (р.а)ну жети жүз аскер менен Шамга жөнөттү. Алар Зул Хабаш деген жерге жеткенде Набий (с.а.в) көз жумду. Мадинанын айланасындагы арабдар муртад болушту. Ошондо Абу Бакр (р.а)нун алдына Расулуллах (с.а.в)дын асхабдары чогулушуп, “буларды кайтар, аларды Румга жөнөт, Мадинанын айланасындагы арабдар муртад болушту” деп калышты. Ошондо Абу Бакр (р.а.:)”Жалгыз илах болгон Затка ант болсун, эгерде Набий (с.а.в)дын аялдарынын буттарынан иттер сүйрөп  жаткан болсо да Расулуллах (с.а.в) жөнөткөн аскерди артка кайтарбаймын жана ал байлаган байракты чечпеймин”, – деди да, Усаманы жөнөттү. Муртад болууну каалап турган уруулардын алдынан өтүп барат эле. Ал эми алар болсо “булардын күчү болбогондо мынча кошуунду чыгара албайт эле, бирок тим коёлучу, Рум менен кагышканда эмне болушар экен” деп калышты. Аларга жолугуп аларды жеӊишти жана өлтүрүштү. Саламат кайтып келишти. Бардыгы Исламда бекем болуп калышты. (Байхакий риваяты).

Бир аз пикирлеп көрөлү, Расулуллах (с.а.в)дын аялдары бардык “момундардын энелери”, аларды иттерден куткаруу үчүн аракет кылуу болсо да, “Расулуллах (с.а.в)дын сөзүн бузбаймын, аскерди кайтарбаймын” деп айтканда Абу Бакр (р.а) дили катуу адам болгонбу?! Жок, Расулуллах (с.а.в)дын өзү; “Сенин дилиӊ Иса (а.с) жана Иброхим (а.с)дыкындай жумшак” деген эле го. Же муну жөн эле айтып койгонбу ?! Жок, Абу Бакр (р.а)ну Расулуллах(с.а.в) “сиддик” т.а. ар дайым чын сүйлөөчү деп сыпаттаган го.

Ооба, Абу Бакр (р.а) Исламды неъмат деп чын дилинен ишенген болчу, ар бир хадисти пенделер үчүн неъмат жана Аллах Тааланын рахматы деп билген эле. Ошондуктан, Расулуллах (с.а.в.)дын аялдарынын бири, өзүнүн кызы Айша (р.а)ну иттер талап кетиши да Расулуллах (с.а.в)дын хадистерин четке сүрүп коюудан жеӊилирээк деп билген эле жана бул өтө күчтүү саясат болду, Үммөттү муртаддыктан сактап калды. Биз эмне кылдык, Пайгамбарыбыз (с.а.в): «Айды көрүп орозо кармагыла, айды көрүп орозодон чыккыла. Эгерде ай көрүнбөсө, Шаъбанды отуз күн кылып толук өткөргүлө», деген (Муттафакун алайх) хадисин билип туруп да, Орозо Айт бир нече күн мурда белгиленди жана көпчүлүк адамдар отузунчу орозону айт намаз окуган абалда кармашты.

Колонизатор кафирлер биздин өлкөлөрүбүздү бөлүп таштоо үчүн жана кайрадан биригүүбүздү тосуу үчүн демократиядан пайдаланышты. Демократия байлыктарыбыздын талап-тонолушуна, эже-карындаштарыбыздын ар-намыстары тебеленишине, канчалаган бейкүнөө наристелердин өлүмүнө себеп болду…. Булар жетишпегендей, ибадаттарыбызды динибиз талап кылгандай аткарууга да мүмкүнчүлүк бербей жатышат. Эми хижабга асыла башташты. Имам Бухарий Айша (р.а)дан риваят кылат:

«يَرْحَمُ اللَّهُ نِسَاءَ الْمُهَاجِرَاتِ الْأُوَلَ, لَمَّا أَنْزَلَ اللَّهُ }وَلْيَضْرِبْنَ بِخُمُرِهِنَّ عَلَى جُيُوبِهِنَّ{ شَقَّقْنَ مُرُوطَهُنَّ فَاخْتَمَرْنَ بِهَا»

«Алгачкы мухажир аялдарды Аллах рахматына алсын, алар Аллах Тааланын «көкүрөктөрүн оромолдору (жоолуктары) менен тосушсун», [24:31] аяты түшөрү менен чапандарын кыркып, оромол кылып алышты».

Абу Давуд Шайбанын кизи Сафийядан, ал Айша(р.а)дан риваят кылат:

«أَنَّهَا ذَكَرَتْ نِسَاءَ الْأَنْصَارِ فَأَثْنَتْ عَلَيْهِنَّ وَقَالَتْ لَهُنَّ مَعْرُوفًا, وَقَالَتْ لَمَّا نَزَلَتْ سُورَةُ النُّورِ عَمِدْنَ إِلَى حُجُوزٍ فَشَقَقْنَهُنَّ فَاتَّخَذْنَهُ خُمُرًا»

«Айша (р.а) ансар аялдарын эскерип, аларды мактап, алар тууралуу жылуу сөздөрдү айтып: Алар ««Нур» сүрөсү түшүрүлгөндө этектерин кыркып, оромол кылып алышкан», – деди». Үстүн жаап көчөгө чыгуу арабдардын же пакистандыктардын кийими эмес, тескерисинче, Аллах Таала түшүргөн фарз болуп, “араб аялдары” да “Нур” сүрөсү түшүрүлгөндөн кийин жамына башташкан. Алар аяттан кара кийимди түшүнүп, ага амал кылышкан болсо, биз эмне үчүн аны бузуп: «кара болбошу керек» деп жатабыз?! Умму Салама (р.а)дан риваят кылынган хадисте: “ушул { يُدْنِينَ عَلَيْهِنَّ مِنْ جَلابِيبِهِنَّ} “жилбабдарын үстүлөрүнө узун кылышсын” аяты түшкөндө ансария аялдар тынчтыкта, кудум баштарында каргалар бар сыяктуу жана үстүлөрүндө кара кийимдерин кийип көчөгө чыгышат эле”- деген. (Абду Раззак риваяты). Бирок, “бул арабдардын, пакистандыктардын кийими” деп айтуу колонизатор кафирлердин “Сайкс-Пико” келишиминен келип чыккан, «Үммөттөрдү бөлүп таштоодо жооптууларды сатып алуу»  келишимине ыраазы болгон чыккынчылардын белгилери. Биз сиздерге Аллах Тааланын төмөнкү аятын эскертебиз:

]َمَا الْحَيَاةُ الدُّنْيَا إِلاَّ لَعِبٌ وَلَهْوٌ وَلَلدَّارُ الآخِرَةُ خَيْرٌ لِّلَّذِينَ يَتَّقُونَ أَفَلاَ تَعْقِلُونَ[

– ”Бул дүйнө жашоосу болгону (бир көз ирмемчелик) оюн-күлкү гана. Албетте, Аллахтан корко турган кишилер үчүн Акырет дүйнөсү жакшыраак. Акыл жүгүртпөйсүӊөрбү?!“ [6:32]

Дагы:

)وَذَكِّرْ فَإِنَّ الذِّكْرَى تَنفَعُ الْمُؤْمِنِينَ[

– “Жана эскертип койгун! Анткени, эскертүү момундарга пайда жеткирет”. [51:55]

Абу Зар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here