Түркияда аскерий төӊкөрүш

247
0

Түркияда аскерий төӊкөрүш

Түркияда аскерийлердин Анкарадагы башкы штабы басып алынгандыгы айтылууда. Түркиянын борбору Анкара шаарында ок атышуулар болгон. Анкара шаардык прокуратурасынын билдиришинче, аскерий төңкөрүш жасоого болгон аракет себептүү жүз берген куралдуу кагылыштарда 42 адам өлгөн.

Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган да Ататүрк аэропортунда берген билдирүүсүндө, аскерий төңкөрүш жасоого аракеттер болгонун тастыктады. Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырымдын билдиришинче, бул ишке болгону “бир топ” аскерийлер гана аралашкан.

Президент Эрдоган бийлик элдики экендигин эскертип: “Бул куралдарды силерге мына ушул калк берди, эгерде силер бул куралдарды калкка каршы көтөрсөӊөр, мунун эсеби оор болот”, – деди.

АКШ, Батыш мамлекеттери, Европа союзу, БУУ жана НАТО Түркияда жүз берген мамлекеттик төңкөрүшкө каршы экендигин билдирип жатышат. НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Түркиядагы демократиялык принциптерди урматтоого чакырды. Ак үй да Түркиядагы бийликти колдой тургандыгын билдирди. АКШ президенти Барак Обама бардык партияларды Эрдоган өкмөтүн колдоого чакырды. АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри болсо Түркиянын тышкы иштер министри Мавлют Чавушоглы менен телефон аркылуу байланышып, абал туурасында тереӊ кабатырда экендигин билдирди. Европа Союзуна төрагалык кылып жаткан Словакия Түркиядагы абалды талкуулоо үчүн Европа Союзунун кезексиз жыйынын чакырды.

АКШ, Британия жана Европа Союзунан кийин Россия да Түркиядагы кырдаалдан “тереӊ кабатырда” экенин билдирди. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Түркиядагы окуялар туурасындагы кабарлар Тышкы иштер министрлиги жана тыӊчылык кызматтары тарабынан президент Путинге үзгүлтүксүз жеткирилип жатат. БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун да Түркиядагы окуялардан кабардар болуп, кырдаалды жакындан күзөтүп турат. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Фархан Хан билдирди.

Эрдогандын негизги атаандаштарынын бири болуп эсептелген Кемал Кылычдароглу да аскерий төңкөрүшкө каршы экендигин билдирди.

Түркия Армиясынын башкы штаб башчысы Хулуси Акардын аскерий төңкөрүшкө аракет кылгандар тарабынан күрөөгө алынгандыгы айтылган эле. Акыркы кабарларга ылайык, ал бир аскерий операциянын натыйжасында куткарылган. Учурда Стамбулдагы Таксим аянтында эки жардыруу болгону кабарланууда. Reuters маалымат агенттигинин билдиришинче, аскерлер Стамбулдун Таксим аянтында куралдарын полицияга тапшырышкан.

Акыркы маалыматтарга ылайык, мамлекеттик төңкөрүшкө кошулган аскерийлердин кээ бирлери колго түшүп беришкен. Стамбул башкы прокуратурасы мамлекеттик төңкөрүшкө кошулган 200дөн ашуун аскер камакка алынгандыгын билдирди. Түркия премьер-министринин билдиришинче, “кырдаал көзөмөлгө алынган”. Айрым эксперттердин айтымында, аскерий төңкөрүш планын кубаттуу генералдар колдоп-кубаттаган эмес.

Туркистон: Түпкүлүгүндө, күрөш АКШ менен Англиянын тарапкерлери ортосунда жүрүп жатат. Ошондой болсо да, Эрдогандын өкмөтү исламий мухиттин кубатына таянат. Аныгыраагы, ал ыймандуу чөйрөнү өз кызыкчылыгы жолунда пайдаланат.

АКШ Түркиядагы жетекчиликти Англияга караштуу генералдардан тартып алган эле. Андан соӊ, Эрдоганды бийликке алып келип, мусулмандардын туйгуларынан пайдаланган абалда, популисттик болсо да, исламий багыттар тарапка аракеттенүү менен ыйманий мухитти күчөтүп алды. Андан соӊ, Англияга караштуу ондогон генералдарды кызматынан четтетип камап жиберди.

Генералдар түрк улутунун негизи болгон исламий негиз жана баалуулуктарга каршы өтө көптөгөн зулумдар менен башкарганы себептүү, калк алардын кайтып келишине каршы турат. Эгерде куфрдун максаты Түркияда да Сириядагы сыяктуу абалды пайда кылуу болсо, анда козголоңчу аскерийлерди бир жерге топтоп, ИШИМ сыяктуу дагы бир топ жасоо менен аларды сактап турат. Саддам Хусейнден кийинки аскерийлердин абалын эстеӊиз. Алар атайылап көчөдө калтырылган болчу. Андан соӊ, алар бир жерге чоглушту жана армия сыяктуу бүгүнкү күнгө чейин сакталууда.

Бирок, Түркияда башкачараак. Бул жерде Ислам менен куфр ортосундагы аракетке караганда, көбүрөөк АКШ менен Англиянын кызыкчылыктары ортосундагы тирешүүлөр күзөтүлүп жатат.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here