Путин менен Эрдоган жакын арада жолугушууга келишип алышты

279
0

 Россия президенти Владимир Путин менен Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган жакын арада бетме-бет жолугушуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууга келишип алышты. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы кабарлады.

 Кабарда: “Россия менен Түркиянын президенттери жакын арада жолугушуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу туурасында келишип алышты”, – деп айтылат.

 Мындан мурда Россия президенти Түркиянын туризм тармагына карата санкцияларды жокко чыгаргандыгы тууралуу кабар таркады.

 Россия президенти Владимир Путин өкмөткө Түркияга карата киргизилген туристтик санкцияларын бекер кылуу милдетин жүктөдү.

 Түркиянын туризм тармагына санкция алынышынан тышкары, Владимир Путин министрлер кабинетине эки мамлекет ортосундагы соода-экономикалык алакаларды кайрадан жолго коюу жараянын баштоого буйрук берди.

Туркистон: 

Эрдоган атып түшүрүлгөн аскерий учакта курман болгон учкучтар үчүн орус калкынан кечирим сурады. Анын бул аракеттерин туристтик сезондун башталышына байланыштыргандар да болду. Себеби, Түркияга туризмден түшүүчү кирешенин көпчүлүк бөлүгү россиялык туристтерден түшөт эле.

Бирок, Эрдогандын Путинден кечирим сурашынын себеби туризм проблемасында эле эмес. Ал Израиль менен да алакасын жакшыртууга тынымсыз аракет кылып жатат. Эрдоган Түркияда ишке ашырып жаткан исламий мухит менен башкарууну, аныгыраагы исламий түс берилген светтик башкаруу принцибин сактап кала албай жатат. Бир катар Батыш мамлекеттери Эрдогандын бул башкаруу системасынын натыйжасынан кооптоно башташты. О.э. бул исламий чүмбөт астында башкаруу системасын өзгөртүү үчүн иш-чаралар жана шарттар пайда кылынып жатат.

Түркияда террордук операциялардын арты үзүлбөй калды. “Россия ТВ” телеканалынын акыркы Стамбул аеропортундагы жардыруу боюнча таркаткан маалыматтарына ылайык, түрк өкмөтүнүн бул жардырууну дагы кайрадан күрттөргө жабыштырышы туура болбойт. Аны исламий радикалдар уюштуруп жатышат деген маанидеги кабарлар таркатылды. Кызык жери, бул кабарлар жардыруу жүз берген күнү эле башталды. Эч кандай текшерүү иштери башталбай туруп, Эрдоганга айыпты кимге оодаруу керектиги тууралуу кеӊеш берилди.

Ушул жана буга чейин ишке ашырылган бир катар жардыруу иштеринин бардыгында албетте тышкы куфр күчтөрүнүн таасири жана түздөн-түз тиешеси бар. Бул операциялардын бардыгы бир максатты көздөй бир план негизинде ишке ашырылып жаткандыгы белгилүү. Бул план, Эрдогандын режимин кулатуу же анын өзүн ички исламий мухитке каршы аракеттенүүгө мажбур кылуу максатына каратылган. Эрдогандын Россия жана Израиль менен алаканы жакшыртып бара жаткан саясаты болсо, ал да куфрдун ушул долбоор кербенине кошулуп  бара жатканын көрсөтүп турат. Себеби, анын бул аракеттери дүйнөдөгү мусулмандардын ачуусун козгойт. Бул болсо, жардыруу иштерин алар жүктөп жиберүү үчүн ыңгайлуу абалдарды пайда кылышы мүмкүн.

Эрдоган да, Батыш колонизаторлору да, түрк улутунун көпчүлүгүндө мусулмандарга каршы душмандык жана терс мамиле пайда болушун күтүп жатышат. Эрдоган бул абалдарды күрт улутуна каршы жек көрүү пайда кылуу үчүн иштетмекчи болууда. Бирок, бул нерсе колунан келбей жатат. Себеби, кырдаал жана жардыруу иши анын көзөмөлүндө эмес. Куфр дүйнөсү бул жардыруу иштерин каалаганча улантышы мүмкүн.

Эрдоган кыйын абалда калды. Ал мусулмандарга таянып, “бул жардыруу иштерин мага басым өткөрүү үчүн куфр дүйнөсү ишке ашырып жатат” деп айта албай жатат. Бирок, куфрга таянып, “бул иштер мусулмандар тарабынан ишке ашырылып жатат” деп, Ислам жана мусулмандарга каршы аракеттенүүнүн босогосунда туруп калды.

Россия болсо АКШнын чоӊ долбоорлоруна каршы бара албайт. Тескерисинче, алар менен биргеликте иш кылат. Россиянын күрттөрдү куралдантуусу, Түркия жана Европа Союзуна каршы Сириянын тынч калкын бомбалап, качкындарды көбөйтүп жатышы бул пикирибизге далил болот.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here