ШКУнун Ташкенттеги саммитинде 11 документке кол коюлду

267
0

  24-25-июнда болуп өткөн ШКУга мүчө мамлекеттер башчылары кеңешинин Ташкент шаарындагы саммитинде жалпысынан 11 документке кол коюлду.

  1. Шанхай кызматташтык уюмунун 15 жылдыгы Ташкент декларациясы.
  2. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер башчылары кеңешинин ШКУну өнүктүрүү стратегиясынын 2025-жылга чейин ишке ашыруу болжолдонгон 2016-2020-жылдар үчүн аракет планын тастыктоо туурасындагы токтому.
  3. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер башчылары кеңешинин Индия республикасынын ШКУга мүчө мамлекет деген макамды алуудагы милдеттенмелери туурасындагы меморандумга кол коюу.
  4. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер башчылары кеңешинин Пакистандын ШКУга мүчө мамлекет деген макамды алуудагы милдеттенмелери туурасындагы меморандумга кол коюу.
  5. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер башчылары кеңешинин ШКУнун башкы катчысынын уюмдун өткөн жылдагы ишмердүүлүгү туурасындагы докладын тастыктоо.
  6. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер башчылары кеңешинин ШКУнун антитеррор түзүмүнүн 2015-жылдагы ишмердүүлүгү туурасындагы докладын тастыктоо.
  7. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер башчылары кеңешинин ШКУга мүчө мамлекеттер башчылары кеңеши саммиттерин өткөрүү мөөнөттөрүн тастыктоо туурасында.
  8. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер башчылары кеңеши саммитинин жыйынтыгы боюнча маалыматы.

 Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер башчылары катышуусунда кол коюлган документтер

  1. Индиянын ШКУ мүчө мамлекет макамын алуудагы милдеттенмелери туурасындагы меморандум.
  2. Пакистан Ислам Республикасынын ШКУга мүчө мамлекет деген макамды алуудагы милдеттенмелери туурасындагы меморандум.

  ШКУга мүчө мамлекеттер башчылары жыйыны алкагында кол коюлган документтер

  1. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер башчыларынын туризм тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүү программасы.

Туркистон: 

ШКУ уюму эл аралык саясатта таасирге ээ боло албады. Ал да дүйнөдөгү таасири жок жүздөгөн уюмдардын катарынан орун алды.

Ар кандай эл аралык уюмдун ийгилиги жана позициясы, аны түзгөн жетекчи мамлекеттин эл аралык саясаттагы ордуна жана салмагына байланыштуу болот. Жетекчи мамлекеттин эл аралык саясаттагы даражасы болсо, анын мабдаъий жана идеологиялык принциптеринен келип чыккан эл аралык аброюна байланыштуу. ШКУ уюмунун негиздөөчүлөрү жана жетекчилери болгон Кытай жана Россиянын экөөсүндө теӊ дүйнөлүк жетекчиликке негиз боло турган жогорудагы факторлордун бири да жок. Ошондуктан, бул сыяктуу уюмдар расмийчиликке жана майда иштер менен чектелүүгө мажбур болушат.

Тарыхта НАТОго каршы түзүлгөн “Варшава келишими” деген аталышта сегиз мамлекеттен турган уюм бар эле. Аларды мурдагы СССР мамлекети бириктирип, капиталисттик лагерге каршы социалистик принциптерге негизделген коммунисттик система менен белгилүү бир регионду алардан коргоп турат эле. СССР менен бирге коммунисттик система да кулады. “Варшава келишими” уюму да жок болду.

Россиянын азыркы абалы өтө начар. Анын таянышы мүмкүн болгон бирер идеологиясы да жок. Россия капиталисттик саясий система менен бара жатканын дааба кылганы менен, экономикасын социалистик принциптерден алган түшүнүксүз бир түзүм негизинде жүргүзүп жатат. Кудум мына ушул дайынсыз башкаруу системасы Россияны экономикалык кризиске кептеп койду.

Кытай болсо мунун тескериси. Ал коммунисттик системаны негиз кылып алганы менен экономикалык системасын дээрлик капиталисттик негизге куруп алган. Бул да өтө кооптуу система. Кытай да жакынкы келечекте өтө күчтүү экономикалык кризиске дуушар болот.

Бул эки мамлекеттин саясаттары кунаса адам сыяктуу болуп, дайынсыздыкты пайда кылды. Эми бул эки кубаттуу мамлекет эл аралык саясатта позицияларынын бир бөлүгүн болсо да сактап калуу үчүн жан үрөп аракет кылып жатышат. Алар жеӊилгендигин моюнга алышты. Эми өз өлкөлөрүн сактап калуу максатында ар түрдүү уюмдарды пайда кылып, исламий идеологиялык аракетти токтотуп калуу үчүн салмактуу үлүш кошуп жаткандай болуп көрүнүшүүдө. Себеби, куфр дүйнөсү учурдагы дүйнөлүк система жардамында биримдик жана пикирлештик менен исламий мабдаъий аракетке каршы бир тараптуу аракеттене алат.

Ошондуктан, бул сыяктуу ийгиликсиз уюмдар, “терроризм, экстремизм” сыяктуу проблемаларды гана көтөрүп алышып, бул проблемаларды жөнгө салуу үчүн бир нерселерди кылып жаткандай болуп көрүнүүүгө аракет кылышат. Түпклүгүндө, булар өздөрүнүн эл аралык саясатта эч кандай таасирге ээ эместигин жашырмакчы болуп жатышат. О.э. АКШ жүргүзүп  жаткан Ислам жана мусулмандарга каршы согушта катышуучу болуп көрүнүп жатышат. Россия Сириядагы карапайым калк жашаган аймактарды ушундай максатта бомбалап жатат.Ал эми кайсы жерди бомбалоо керектигин АКШ көрсөтүп берүүдө.

Россия менен Кытайдын позициясы жана экономикалык абалдары жакынкы келечекте көтөрүлбөйт. Тескерисинче төмөндөп бара берет. Демек, ШКУ сыяктуу аларга караштуу уюмдардын бардыгы кризиске учурайт. Ага мүчө болуп жаткан мамлекеттер да муну билишет. Бирок, расмийчилик жана өзгөрүп туруучу дүйнөдөн үмүттөнүү аларды бул уюмга мүчө болууга үндөйт. Алар бул уюмга мүчө болуу менен жетекчи мамлекеттин көӊүлүн бурмакчы болушат.

Кыргызстандын бул уюмдардан бирер жакшылык үмүттөнүшү акылсыздык. Т.а. алардын шарттарын аткармакчы болуп, мамлекетте башаламандыктарды пайда кылуу; мусулмандарга жалааларды жабуу; аларды тынч абалынан козгоо; жасалма жардыруу иштерин уюштуруу үчүн аларга шартарды түзүп берүү; алар уюштурган жардыруу иштеринде өз жарандары болгон мусулмандарды айыптап, аларга зулум кылуу, – ушулардын бардыгы акылсыздык. Бул уюмдар Кыргызстанды жасалма террорчулар менен күрөшүү майданы кылууга аракет кылышы мүмкүн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here