Уйга сыйынган бир бутпарас үчүн Аллахтын 8 миӊден ашуун кулу камакка алынды!

326
0

 Өткөн аптанын жума күнүндө Бангладештин борбору Даккадан 216 километр аралыкта жайгашкан ибадаткана “Ашрам”да иштеген бир индустун өлүгү табылган эле. Бул окуядан кийин мамлекетте башталган операцияда бүгүнкү күнгө чейин 8200 мусулман кармалганы айтылууда. Камакка алынган 8200 адамдан 103 адамга радикал Исламчы топторго мүчө болуу жана ок атуучу куралдан о.э. наркотикалык заттардан пайдалануу сыяктуу айыптар тагылган.

Улуттук коопсуздук кызматынын маалымат катчысы Камрул Ахсандын айтымында, бул индус өлтүрүлүшү себептүү жума күнү башталган операциянын алкагында акыркы 24 сааттын ичинде дагы 3245 шектүү адам кармалып, ошону менен кармалгандардын саны 8200гө жеткен. Бангладеш мамлекетинин негиздөөчүсү болуп эсептелген мурдагы президент Мужибуррахмандын кызы, 2009-жыл,  6-январдан бери Бангладештин премьер-министри болуп турган Шайха Хасина ишемби күнү “мамлекеттеги ар бир канкор кармалат” деп билдирген эле.

Саясий эксперттер бир индустун өлүмү үчүн мынчалык көп адамдын кармалышын “саясий коркутуу” иш-чара катары баалап жатышат. Оппозиция болсо бийликти саясий каршылыкты жоготуу үчүн кырдаалдан пайдаланып жаткандыкта айыптоодо.

Калкынын 80 пайызы мусулмандардан турган өлкөдө бир бутпарас индустун өлүмү үчүн миңдеген мусулмандардын камакка алынышы коомчулуктун нааразылыгына себеп болууда. Бангладеште исламий топтун жетекчилерин өлтүрүү, узак мөөнөткө эркинен ажыратуу же кыйноого алуу көрүнүшү кеӊири жайылган.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here