Чиркөөгө таандык беш миӊ адам Исламды кабыл алды

378
0

 Руанда мамлекетинде Ислам тездик менен жайылып бара жатат. Бул тууралуу Руанда Жогорку ислам кеңеши тарабынан Руанда муфтийлигине дайындалган Шайх Салим Хитимана билдирди.

Бир аз убакыт мурда Руанда муфтийи болуп дайындалган Хитимана журналисттерге интервью берип, 1994-жылы мусулмандарга каршы ишке ашырылган геноцидден бүгүнкү күнгө чейинки мусулмандардын абалы тууралуу айтып берди. Муфтий Хитимананын айтымында, Исламды кабыл алып жаткан адамдардын саны өтө көп болгондуктан, аларга диний таалим берүүчү Исламий борборлор жана таалим мекемелери жетишпей жатат.

“Жаңы мусулман болгон ага-инилерибиз жана эже-карындаштарыбызга бир айдан ашык убакыт диний билим бере албай жатабыз. Ушунчалык көп адамдар мусулман болуп жаткандыктан, биз жетишпей жатабыз. Акыркы айларда мамлекеттин чыгышында жайгашкан бир чиркөөгө таандык беш миӊ адам Исламды кабыл алды. А бирок, мүмкүнчүлүгүбүз жана орундарыбыз жетиштүү болбогондуктан биз аларга токойлордо жана бак-дарактар астында динибизди үйрөтүп жатабыз”, – деди Шайх Салим Хитимана.

Хитимананын айтымында, Руандадагы расмий статистикалык маалыматтар боюнча мусулмандардын саны 320 миӊдин айланасында болгону менен, чыныгы көрсөткүч мындан таптакыр башкача. 1994-жылы ишке ашырылган геноцидден кийин христиандар тездик менен Исламды кабыл алып жаткандыгын билдирген Хитимана мусулмандардын чыныгы саны расмий көрсөткүчтөрдөн бир кыйла көп экендигин айтты. Себеби, мусулман болгондон кийин алардын аты өзгөртүлсө да расмий документтерде мурдагы аты менен кала беришет.

Ал: “Мисалы, мурда Жозеф болгон киши Исламды кабыл алгандан кийин атын Юсуф деп өзгөртсө да, бирок расмий документтерде биринчи аты жазыла берет. Ушуларды эсепке ала турган болсок, Руандада 320 миӊ эмес, 1,5 миллион мусулман жашап жатат”, – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here