Данфорд: АКШ аскерийлери Ливияга кирүүгө даяр

292
0

АКШ аскерлери ар кандай учурда Ливияга кириши мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын башкы штаб башчысы Жозеф Данфорд Вашингтондо болуп өткөн АКШ сенатынын аскерий кызматтар комитетинин жыйынында билдирди. Данфорддун баса белгилешинче, Ливиядагы абал күн өткөн сайын курчуп барууда. Ошол себептен улам АКШнын атайын күчтөрү кырдаал талап кылган ар кандай учурда Ливияга кирүүгө даяр турушат.

“Вашингтон Пост” гезитине интервью берген генерал Данфорд АКШ өкмөтүнүн Ливия улуттук биримдик өкмөтү менен тынымсыз дипломатиялык мамиле жүргүзүп жаткандыгын билдирди. Данфорддун айтымында, АКШ Ливияны ИШИМ коркунучунан куткаруу үчүн ушундай кылууда.

ИШИМдин Ливияда да ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткандыгы туурасындагы кеп-сөздөр бир топ убакыттан бери айтылып келет. Түпкүлүгүндө болсо нефтиге бай Ливияны колдон чыгарууну каалабаган АКШ жана Европа Союзу мамлекеттери ИШИМдин ушул региондо күчөп бара жатканын шылтоолоп, аскерий аралашууга даярдык көрүп жатышат.

Өткөн апта Римде уюштурулган “ИШИМге каршы күрөш” саммитине катышкан АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри ИШИМди жасалма Халифалык деп атап, Ливияда миллиарддаган доллардык нефти бар экендигине ишара кылып өткөн эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here